«КОРУК ТҮЗҮЛБӨСӨ ЭЧКЕМЕРДИН ТУКУМУ ҮЗҮЛӨТ»

Өткөн аптада интернетте сүрөтү менен тарап «кармалып, сатылып жатат» деген эчкемер Баткендин Таян айылында кармалбаганы тууралуу жазган элек. Бул ирет теманы улантып, кармалган эчкемер кантип бошотулганы жана «эчкемерлер жок болуп баратат» деген сөздүн канчалык чындыгы бар экенин тактап көрдүк.

«ЭЧКЕМЕРДИ ӨЗБЕК БАЛА ҮЙҮНӨ КИРГЕН ЖЕРДЕН КАРМАПТЫР»

Кубаныч Амиракулов, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин алдындагы жаратылыш ресурстарын коргоо департаментинин Баткен районундагы өкүлчүлүгүнүн адиси:
– Эчкемерди кармаган баланы Баткендин Таян айылынан таппаган соң Өзбекстанга кирдик. Эчкемер Фергана облусуна караштуу Рыштан (Риштан) районунун Чоң-Гара айылында экенин билип, ошол жакка бардык. Айыл башчысына жолуксак, ал бизди жандыкты кармаган баланын үйүнө алпарды. Биз барганда эчкемер колу-буту байланып, интернетте жарыяланган сүрөттөгү жигулинин ичинде жатыптыр. Көрсө, бала эчкемерди үйүнө кирип келгенде кармап, айыл башчысына айткан экен. Биз эчкемерди алып келип, Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын четиндеги сөксөөлдөр (бадал же жапыз дарак) өскөн талаага коё бердик. Анын узундугу куйругуна чейин 1 метрдей чыгат. Менимче, ал Кыргызстан тараптан Өзбекстанга өткөн. Сатып жатышат деген калп экен. Турист орус аял кармаган баланы көрүп калып "сатасыңбы?" деп сураса, бала тамаша кылып "сатам" деп коюптур. Ошондон интернетке маалымат тараптыр.
Эчкемерлер мен иштеген Баткен районунун Ак-Турпак, Жаңы-Жер, Чоң-Талаа айылдарынын сыртындагы чөлдүү жерлерди мекендейт. Саны канча экенин билбейбиз.

Кубаныч Амиракулов эчкемерди Өзбекстандын Чоң-Гара айылынан таап, эркиндикке чыгарды.


«ЭЧКЕМЕРЛЕРДИН САНЫ БЕЛГИСИЗ»

Тынымсейит Жусумамбетов, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин алдындагы жаратылыш ресурстарын коргоо департаментинин адиси:
– Эчкемерлер Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда жашайт. Өзгөчө Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш аймактарда көбүрөөк. Саны канча экенин айта албайбыз. Анткени санак жүргүзүлгөн эмес. Бирок аталган райондордогу өкүлчүлүктөгү адистер аларды көзөмөлгө алып келишет. Кармалды, өлтүрүлдү деген факт буга чейин катталган эмес. Биздин департамент эчкемерлерди сактоо боюнча программа иштеп чыгып жатат. Эми бул келечектин иши. Эчкемерлерге мониторинг жүргүзүү үчүн өкмөттөн каражат бөлүнүп берилсе жакшы болмок. Биз май айынын аягында Лейлекке барганыбызда эчкемерлерди көргөнбүз.

«МАЛДЫН КӨБӨЙҮШҮ МЕНЕН ЭЧКЕМЕРЛЕР ЖОК БОЛУП БАРАТАТ»

Аскар Давлетбаков, Кыргыз улуттук Илимдер академиясынын биология жана топурак таануу институтунун омурткалуу жаныбарлар зоологиясы лабораториясынын жетекчиси, зоолог:
– Мурун эчкемерлер Талас, Чүй жана Фергана өрөөнүнүн (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында) чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактарында жашашчу. 1930-1940-жылдары өнөр жайларда анын терисинен кур, сумка, капчык жасашкан. Бул алардын санынын кыскарышына алып келген. Кийин териси колдонулбай калганы менен, малдын саны өсө баштап, эчкемерлер азая баштаган. Анткени эчкемерлердин жумурткаларын мал тепсеп жок кылууда. Жаңы конуштар көбөйүп, эл эчкемерлерди өлтүрүшүүдө. Элдик медицинада анын эти, териси дары дешип кармай берип, саны ого бетер кыскарууда. Айта кетчү нерсе, эчкемерден дарт айыкпайт.
1985-жылы эчкемерлер кызыл китепке киргизилген менен, аларды сактоо үчүн корук түзүлбөгөн. Саны канча экенин тактоо үчүн санак да жүргүзүлбөгөн. Андыктан өкмөттө аларды сактоо боюнча программа иштелип чыгуусу, корук түзүлүүсү зарыл. Өлкөдө эчкемерлерди изилдөөчү бир да адис жок. Жайыт комитети эчкемерлер тукумдап көбөйө турган мезгилин эске алып, ошол учурларда алар жашаган аймакка ири мүйүздүү малды жайганга тыюу салуулары керек эле. Эчкемерлер азыр Кадамжай районунда көбүрөөк. 10 жыл мурун Таш-Көмүрдөн көргөн элек. Азыр жок. Кадамжайда жейрендер дагы бар эле, дээрлик жоголду. 10-15 баш эле калышы мүмкүн. Демек, корук түзүп, жейрендер менен эчкемерлерди сактап калбасак, алардын тукуму үзүлөт.

Жейрен Кыргызстандын кызыл китебине кирген, жок болуп бара жаткан жаныбар.


«БИЗДИН АЙМАКТА ЖАШАШАТ»

Авахан Исраилова, Баткендин Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну, биология мугалими:
– Биздин айылдын четтеринде эчкемерлер бар. Сыртта эгилген шалылардын ичинен чанда көрүнүп калат. Саны канча экенин билбейм. Угушумча мурун дарылыкка деп атайын карматып кеткендер болгон. Мен өзүм аны кармап, сатып жаткандарды көрбөдүм. Билишимче эчкемердин эти менен терисин рак, тери ооруларында колдонушат . Айыктырабы, жокпу билбейм. Мектептин биология кабинетинде эчкемердин катырылган кеби турганы ырас. Аны 2008-жылы шалыга келчү суудагы суу тоскучка тыгылып, өлүп калган жеринен балдар алып келип беришкен. Ичин алып салып, кургатып кабинетке койгон элек. Сүрөткө ошол кепти кармап түшкөм. Эскирип, жыдыйын деп калды. Айыл элине эчкемер кызыл китепке киргенин, кармабоо керектигин айтып келем.

Авахан Исраилова эчкемердин катырылган кеби менен.


БАЗАРЛАРДА САТЫЛАБЫ?

"Баткендин эчкемерлерин кармап келип, базарларга алпарып өткөрүшөт" дегенди угуп, алар базарларда барбы, болсо канчадан алып, канчадан сатышат деп изилдеп көрдүк. Бишкектеги «Ош базары» менен «Аламүдүн базарына» барып, чындап эле ал жерлерден кичинекей эчкемерлердин кургатылган терилерин көрдүк. Сатуучулар "буларды Кытайдан, кээде Өзбекстан менен Тажикстандан алып келип өткөрүшөт. Баткендики келбейт. Кармашса камап салышпайбы?! Муну рак, тери оорусу менен ооругандар дарылыкка деп алып кетишет" деп бир ооздон жооп берип, менден кутулганча шашышты. Сатуучулар эчкемер чуусунан кийин Баткенден алынып келинип жатса да жашырып коюуда же чындап ал жактардан келбейт деп тыянак чыгарууга аргасыз болдук.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
originalkgz96
2017-07-11 09:37:07
Бул кандай жанылык? Зыяны жокпу
0
Asem89
2017-07-13 04:45:55
Кескелдириктин бир туру,бирок чон.
Эчки эмер десе туура(анткени талаада жургон эчкинин сутун эмип алат экен,ошондон келип чыккан),эчкемер деген соз жок го.
0
Gulnaz1990
2017-07-13 12:05:41
Кокустук болуп булар адамдарга кол салбайбы эмне кылат эми жандыкты олтуруп эле ташташ керек
0
taalay25
2017-07-15 11:34:34
Эчкини эмип таштайт.эмген эчкинин эмчегинен кан чыгып олуп калат.
0
Elnura1997
2017-07-16 22:42:44
Кандай гана коркунучтуу эчки туруп бере бекен тообо мынча туру суук
0
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан