– Кандайсыз, Омар? Айтыңызчы, жайдын аптабынан кантип сактанып жатасыз?
– Жакшы. Чыдамкайлык менен, сыягы. Унаамдагы кондиционерди дагы жандырбай жүрөм, себеби кечкисин дайыма ырдайм. Ошондуктан тамагымды оорутуп албайын деп, өзүмө-өзүм душман болбой жатам.
– Аскердик кызмат өтөп келгениңизге аз эле болду. Кээ бирлер бул кадамыңызды кезектеги пиар жаратуу аракети катары кабыл алышты окшойт?..
– Чындыгында, интернеттен деле ар кандай комментарийлерди окуп калып жатам. «Эмне, мамлекеттик жумушка кирейин деп жатасыңбы?» дегендер да болду. Мага чейин алпаруучу Нурсултан Майназаров дагы барып келди да. "Мен дагы аскердик кызмат өтөп келсем кана?!" деп ойлочумун. Бул кадам менин каалоомдон улам гана болду, жарнама же пиар жасоо оюмда болгон эмес.
– Ырчыдан жоокерге айлануу кыйын болгон жокпу?
– Ырчылардын күн тартибине ылайык, түнү уктабай, күндүзү уктап көнгөнбүз да. Ыр жаздырайын десек студиянын кызматкерлери «түнү кел» деп коёт, концерттер да кечкисин. Мени аскерге алып кетер түнү дагы жакшы уктаган эмес элем. Биринчи эле күнү курал-жарактарды карап күзөттө турдум. Ошентип дагы 24 саат уктаган жокмун. Башында көнбөгөн үчүн бир аз кыйналдым. Жалпысынан бизге 1 айдын ичинде толук аскердик кызмат өтөгөндө эмнелерди үйрөтсө, ошонун баарын үйрөтүүгө аракет кылышты.
– Интернетте терс ойлорун билдирген адамдарга таарыныч пайда болсо керек?
– Ушул убакка чейин мен бир нерсени үйрөндүм, андай кептерге көңүл бурбоону. Мурун жагымсыз комментарийлерге кабатырланып, «Мен бул нерсени айтайын деген эмес элем го, эмнеге ушундай кабыл алышты?» деген ойлорго кабылчумун. Азыр буга мындай көз караштамын: «Адам негативдүү оюн билдирип же чегинен чыгып кеткен пикирлерди жазып жатса, анда анын ой жүгүртүүсү, дүйнө таануусу ошол айткан кептеринин деңгээлинде. Демек, алар менен тең тайлашуунун кажети жок».
– Социалдык тармактардагы сиздин фан-баракчаларыңызды алып жүргөн күйөрмандарыңызды көрдүм. Бирок башка ырчылардай сиздин алар менен түз байланышыңыз жоктой туюлду...
– Оюмда Рамазан айында ошондой күйөрмандарымды чакырып ооз ачар уюштурсамбы деген элем. Бирок убакыттын тартыштыгынан ал оюм дагы ишке ашпай калды. Чын эле азырынча жолугушуп, сүйлөшүп көрө элекмин. Түрдүү телеканалдар күйөрмандар менен жолугушуу уюштурганда жолугуп жүргөм. Бирок өзүм уюштура элек болчумун, оюмда бул нерсе бар, убактысы келсе ишке ашырам деп жүрөм.
– Ошол эле соцтармактардагы #ниханкемаль, #кемальумер, #кемальживи деген хештегдердин жайнап кеткенин көрдүңүз да. Көпчүлүктү көңүл кош калтырбаган «Түбөлүктүү сүйүү» («Кара севда») сериалын көрдүңүзбү?
– Алгач 1-сериясынан баштап 10-сериясына чейин көргөм. Кийин айланамдагылар «ортосундагы кызыксыз жерлерин көрбөй эле, мынчанчы сериясын көр» дешсе, ошолорду көрүп коюп жаттым. Бирок Кемалдын өлгөнүн көрбөй калдым. Тааныштарым айтышты «жарылып өлдү» деп. Жалпысынан сериалдагы каармандарды тааныйм.
– Негизги каармандын образын жараткан Бурак Өзчивиттин интернеттеги баракчасына жүктөгөн сүрөттөрүнө "жакты" белгилерин басып калганыңызды да көрөм...
– Мүмкүн, бирок Ниханга (ред.; Неслихан Атагүл) «точно» басып турам.
– Сценарийди сиз жазсаңыз, Кемаль тирүү калып, 3-сезону тартылмакпы?
– Сценарийди мен жазсам, сериалды 2 сезон менен эле жыйынтыктамакмын. Себеби элдин убактысы бүт эле сериалга кетип калат экен. Анан Кемаль тирүү калмак, себеби, элестетиңиз, жашоодо ушундай жагдай болсо, кандай чоң трагедия болмок? Байкуш кыз же сүйгөнү жок, же күйөөсү жок колундагы жаш баласы менен жалгыз калды. Мен Эмирге башка жакшы түгөй таап бермекмин, ал эми негизги каармандарды чогуу калтырып бактылуу кылмакмын. Негизи буга чейин «Кулпунайдын жыты» аттуу түрк сериалын дагы көргөм, буга түркчө үйрөнүшүм керек болгону түрткү болгон. Түркчөсүн көрөм, жарымын түшүнүп, жарымын түшүнбөйм. Болгону «сериал көр, жакшы үйрөнөсүң» дешкенинен көрүүгө мажбурмун.
– Кайгылуу финалдан качканыңыз чыгармачылыгыңыздан да билинип тургандай. Дегеним, «Кош жүрөк», «Где ты?» сыяктуу жүрөктө уюп калчу армандуу ырларыңыз чыкпай калды. Же жакшылыкка жоруп шаңдуу гана ырдайын деп чечтиңизби?
– Менимче, жакшы ырларды жаратканга аракет жасап жатам. Болгону сиз айткан жай ырдалган ырлар, негизинен, угармандарга оңой сиңет. Шаңдуу ырларды эмгек менен жеткирүү керек болот.
– Ар дайым өзүңүздү өтө оор басырыктуу алып жүрөсүз...
– Дос, туугандардын арасында азыр сиз менен кандай сүйлөшүп жатсам, ошондой сүйлөсөм, албетте, «койчу, эй» дешет да. Мен өзүмдөгү жоопкерчиликти сезем, маданият кызматкеримин, демек, өзүмдү маданияттуу алып жүрүүгө милдеттүүмүн. Аскердик кызмат өтөп жатканда деле 2-3-күндөн кийин үнүм бийик чыгып, кыйкырып баштадым эле, «Омар кыйкырып калды» деп күлүп жатышты. Албетте, жиним келет, ачууланам, бирок керектүү чөйрөдө гана.
– Маегиңиз үчүн ыраазычылык! Чыгармачылыгыңызга ийгилик!
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg