«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры)

(Башталышы өткөн сандарда)

Элеңдеп ары-бери чуркап турган кыз бирөө чыканактан алганда коркуп кетти. Кылчая калса Зина эжеси экен. Каткырып, коркутканына маашырланып турса, Жамилянын көзүнөн жаш сызылды.
– Хе-хе, мен ары жак, бери жакты караштырайын деп эле баскам. Сен эмне мынча коркуп? Жүрү, жакын жерде жумуш бериле турган жерлер бар экенин билдим. Ошол жакка барабыз.
– Ал кандай жер экен?
– Агенттик. Иш бериле турган жер экен. Тиги жактан сураштырсам бир киши жардам берди. Кел, бир аз чач-пачты түзөп алып жөнөйлү.
Көчөдө калган кургурлар ээрчишип алып иш бериле турган агенттикке жөнөштү. Имараттын ичи быкбырдай кайнаган эл. Бири келип, бири кетип, бири сүйлөшүп отурган кыргыз, өзбек, тажик, азербайжан, армян улутундагы кыз-келиндер. Эркек адамдан 3-4өө эле болбосо, дээрлик жок. Мурунку СССРдин адамдарынын баары эле чогулуп алышкандай. Аларды көрүп, орусча сүйлөшкөндөрдү угуп Жамилянын жүзүнө жылмаюу кире баштады. Зина эжеси анча-мынча сүйлөп отуруп акыры төрдө отурган баарын тизмелеп жаткан адамга жакындашты. Жамиляны алдына салган Зина отурганда тиги кишинин көзү кыздын жүзүнө тиктеген бойдон калды. "Жапжаш кыз экен го" деди ичинен.
– Жашың канчада?- деди түркчө.
Жамиля эч нерсени түшүнгөн жок, анын ордуна шакылдатып Зина эжеси жооп берип жатты.
– Жашы 19да, жаш экенине карабаңыз, колунан баары келет.
Башын жай чайкаган ал паспортторун карап бир нерселерди жазып жатты.
– Жата турган жериңер жок көрүнөт. Бизде силерге окшогондорго атайын бөлмө бар. Ошондо калгыла,- деди ал, дагы деле Жамилядан көзүн албай.
– Биздин төлөй турган акчабыз жок.
– Жок, төлөбөйсүңөр. Жумуш таап алгыча жайгашып тургула.
Экөө сүйүнө бири-бирин карашты. Иш караштырып бул жерде 1 жумадай туруп калышты. Көрсө, үйүнө үй кызматчы издегендер бул жакка телефондорун таштап, талаптарын жазып кетишет экен. Ошого жараша кызматчы табышса, агенттиктегилер чалып, жолуктуруп коёт. Экөөнө тең жакса, анда иштешип кетишет имиш. Кызмат үчүн акча төлөшпөйт экен. "Кандай болсо да жакшы болду" деп кубанып калышты. Ага чейин Жамиля 3 жолу кызмат бере тургандар менен жолукту. Тилди жакшы билбегендиктен жана тажрыйбасы жок болгондуктан Жамиляны үчөө тең жактырбады. Үмүтүн таш каап "эми эч ким жактырбай койсо кантем?" деп кыйналып, сарсанаа боло баштады. Дагы бир "минусу"кыздын жаштыгы жана сулуулугу эле. Кимдин болсо да көзүнө түшө турган жаш кызды түрк аялдары үйүнө алып эмне кылсын? Алар көбүнчө күйөөсүн тарттырып жибербеш үчүн жашы өтүп калган, токтолгон аялдарды тандап кетишчү. Зина эжеси да аптанын ортосунда жумуш таап кетти.
– Жакшы болду, бул жерде жата бергенде эмне? Иштейин деп келгенден кийин иштеш керек. Сен капа болбо, Жами, сени тигилерге жакшы табыштадым. Эми экөөбүз бири-бирибизди карап отура бергенде эмне?- деди саамайынан сылап. Көнбөскө айла жок эле. Ичинен чыйралган кыз башын ийкеди. Ошентип караан болгон Зина эжеси да кетти.
Кабинетке киргенде орто жаштагы мырза отуруптур. Ал тиктеп туруп кадимки суроолорду бере баштады.
– Кыргызсынбы?
– Ооба.
– Колуңдан эмне иш келет?
– Бала бага алам, үй жыйнай алам... Жамиля үйрөнгөн сөздөрүн түркчө айта баштады.
– Келгениңе аз болуптур, тажрыйбаң да жок экен, ошон үчүн бир аз арзаныраак төлөйбүз. Макулсуңбу?
– Канча?
– 500 доллар.
Жамиля ал канча акча экенин деле ойлонбоду. Кулагына "доллар" деген сөз шак эте жакшы угулуп кетти да, жан талаша башын ийкеди.
– Сулуу кыз, бирок сен угуп тур. Сен үй жыйнабайсың, бала бакпайсың, сен 20 жаштагы жигитти карайсың. Ал жашы 20да болгону менен, араң басат, акыл-эси 3-4 жаштагы эле баланыкындай. Ак көңүл, алдап тилин таап алсаң, жыргадың. Аты Ахмед. Ал энеси менен жашайт, кандай суроолор болсо да энеси экөөң чечесиң. Аны бастырып ойнотуу, сууга түшүрүү, тамагын берүү – сенин милдетиң. Ар дайым анын жанында болосуң.
Жамиля тиги кишинин айткандарынын жарымын түшүнүп, жарымын түшүнө албады. Бир билгени эптеп жумушка алса болду. Башын ийкей берди.
– Болуптур, мен сени эртең ушул жерден алып кетем. Баса, паспортуң ар дайым кожоюндардын колунда болот. Коркпо, эгерде жумуш жакпай калса же кеткиң келгенде паспортуңду беришет. Жамиля дагы башын ийкеди. Тиги киши бир топко сынай тигилип турду да, чыгып кетти. Ошентип, тагдырдын буйругу менен Жамиля бай үй-бүлөгө жумушка кире турган болду. Эртеси таң атпай баягы мырза келип машинеге отургузуп алып жөнөдү. Айланасын сонуркап карап келе жатып Жамиля кантип чоң дарбазага кирип келгенин байкабай калды. Чоң короодо жомоктогу ак сарайдай эки үй турган экен. Буга чейинки кинодон көргөнү, билгени бул жакта калды. "Кызык, мынча чоң үйдө канча адам жашайт болду экен?" деди оюнда. Мунун оюн окуп койгонсуп тиги адам "төрт адам жашайт" деп кобурап койду. Жамиляга эки үйдүн бирин жаңсап, жүрү дегендей кылды. Кирип бара жаткан кызды кимдир бирөө чыканактан катуу жулкуп жиберди. Коркуп кеткен Жамиля кыйкырып артына кылчайса, бою узун, араң баскан, арыкчырай жигит жалжайып күлүп туруптур. Эсин жыйып үлгүргөнчө жигит кыздын бети-башын куду итче жалагылап кирди. Коркконунан кыздын денесин майда калтырак басып, титиреп туруп берди. Бул Ахмед эле. Шордуу. Тубаса кем акыл төрөлгөнү аз келгенсип, буту да жакшы баса албайт экен. Стамбулдагы бай адамдын экинчи уулу болуп жарык дүйнөгө келгени менен, үй-бүлөсүнүн шору да ушу бала эле. Агасы Керем акыл-эстүү, келишимдүү, куу, кайдан эмне пайда табышты билген адам. Кантип кем акыл инисинен кутулам дегенде эки көзү төрт болчу. Анткени атасы байлыгынын көбүн кем акыл баласына мураска калтырып, ал эми улуусуна азыраак бөлүгүн калтырган...

(Уландысы кийинки санда)

Айлин.Д

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
zina29
2017-07-18 09:08:49
Кобуроок жазсанар болмок...
0
nariste_abysh
2017-07-18 09:59:13
Шорду кыз
0
Whats
2017-07-18 14:41:41
Жакшы кино сериал жаралчудан))
0
stervella415
2017-07-18 17:26:29
Иии еми тиги улуусу кызды кыйнабаса болду....кыздын кыйын кундору эми башталчудай..турк бай катындын колун келгени аз келгенсип еще тиги куу баласы бар екен
+3
Hadise
2017-07-19 13:50:32
stervella415, Тиги улуу куу баласы кызга тийишип, кичуу баласы кызга болушуп, коргоп...Чон суйуу махабатын жашашат го.:)))
+1
Alina.lina
2017-07-18 23:51:58
Ииии еми не болот байкуш кыз
0
Samarish1216
2017-07-19 09:05:56
Кыргызско-турецкий сериал начинается...
+3
Kiossaki
2017-07-21 21:16:04
Кудайым ааай баары жакшы болсо экеен эми
0
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан