МОДАДА ТАБИГЫЙ СУЛУУЛУК

Кыздар, кошулма чач, кирпик, татуаждалган каш артта калды. Учурдун тренди – табигыйлык, макияжда болсо минимум боёк. Бул тууралуу косметолог Жаркын Атаканова айтып бермекчи.

ТАБИГЫЙ СУЛУУЛУК – БУЛ ӨЗҮН КАРАБАЙ КОЮУ ЭМЕС

Дүйнөдө азыркы учурда “табигыйлык модада” деген ураан ташталып жатат. Ал тургай жылдыздар да боёксуз, ваннадан чыккан сүрөттөрүн социалдык тармактардагы баракчаларына жүктөгөндөн коркпой калышты. Эсиңиздедир, бизге жылдыздардын макияжсыз эл алдына чыгуусу жапайы көрүнүш эле. Бирок табигыйлыкты өзүн карабай коюу менен чаташтырып албоо керек. Тескерисинче, табигый сулуулук үчүн көп убакыт, аракет жана жөндөм кажет.

  • Чачты, кирпиктерди ар дайым багуу талап кылынат. Табигый майлар сүйкөлүп, жылтырап турган чач, кирпик, каш көркүңүзгө көрк кошот.
  • Тери таза, чымыр, бырышсыз болушу үчүн кам көрүңүз. Сууну көп ичиңиз, аптада 1 жолу пилинг (жеңил түрү), маска жасап, бууга кармап туруңуз. Эч качан макияжды тазалабай уктабаңыз.
  • Суткасына 7-8 саат уктаңыз. Жакшы уйку чач менен бырыштын түшпөөсүнө жардам берет.
  • Таза абада көп жүрүңүз.
  • Тамак-аштын витаминдүү болушу шарт.
  • Ар дайым сергек жашоону тандаңыз.
  • Дайыма позитивдүү ойлонуу, бети-башты бырыштырбоо да бетиңиздин таза, бырышсыз болушун шарттайт.

КАШ

Өткөн жылы калың, терилбеген каштар жылдын тренди болсо, бул жылы кашты бир аз формага салуу модада. Ичке терилген, өйдө көтөрүлгөн каш өз жашыңыздан улуу көрсөтөт. Кашыңыз ичке терилсе, өстүрүп кайра формага салуу үчүн убакыт талап кылынат. Эгерде кашыңыз табиятынан суюк болсо кастор майын жана вазелин (медициналык) колдонуп өстүргөнгө аракет кылыңыз. Ал эми татуаж жасалган кашты кайра өзгөртүп чыгуу үчүн эки түрдүү ыкма колдонулат. Ал – лазер менен кайра жасап чыгуу же корректор менен түзөтүү. Буга убакыт жана косметологдун эмгеги керектелет.

КИРПИК

Учурда кыздар массалык түрдө жасалма кирпик өстүрүү менен алек. Музоо кирпиктер модадан чыкты, анын ордуна өз кирпигиңизди өстүрүңүз. Калыбына келтирүү үчүн коштурган кирпикти алдырып, табигый кирпикти багуу керек. Кастор, уйгак майын күн сайын сүйкөп туруңуз.

ЧАЧ

Дүйнөдө бул жылы ак түстөгү чач модада. Айрымдар ак чачтарды боёбой койсо, айрымдар чачын атайлап агартып алууда. Ак түс азияттардын айрым гана жүздөрүнө жарашат. Андыктан стилист менен кеңешүү керек. Ал эми жаш кыздар чачын күрөң-саргыч жана ачык күрөң түстөргө боёсо болот. Чач жасалгасына келсек, чачыңызды таралбаган сыяктуу (табигый баш аламандык) кылып жасатсаңыз жаңылбайсыз. Чачты балаяж, омбре түстөрүнө боёгондон коркпоңуз, бирок уч жактары ачык түстө болгону талапка ылайык.

ТАБИГЫЙ МАКИЯЖ

Тери.
Табигый макияжда басым териге жасалат. Алгач бетти жууп, тоник менен сүртүп, кургатып, бет май сүйкөйбүз. Консилер менен көздүн алдындагы бырыштарды билгизбей жаап, андан соң аз өлчөмдө тоналдык крем сүртөбүз (жаш кыздар пудра менен чектелгени оң). Аягында жүздүн контурларын чыгаруу үчүн эндик коёбуз.
Көз. Макияж үчүн теринин түсүнө жакын өңдөрдү колдонуңуз. Алтын түстүү, ак, күрөң тендерди айкалыштырсаңыз болот. Сыя, жашыл, көк түстөгү тендерди колдонгонго болбойт. Күндүзгү макияж үчүн жылтырак тендерди колдонбойбуз, териге шайкеш келген (матовый) тендерди алыңыз. Көздүн алдын кара карандаш менен боёгон ката, анын ордуна көздүн үстүн боёп койсоңуз жетиштүү.
Каш. Кашты формага салуу үчүн тарап, анан тень же карандаш колдонсоңуз болот.
Кирпик. Кирпиктин үстүнкү гана бөлүгү тушь менен боёлот. Алдын боёбоңуз.
Ооз. Бальзам же билинер-билинбес кызгылт түстөгү помада колдонуу сунушталат.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
nejninka
2017-07-18 10:58:23
сонун экен го
+2
Razzak.kg
2017-07-18 11:06:13
Адамдар озуно келе баштаптыр наконец. Эми ушуну баары колдонсо гана!!?? Ашыкча боенуп маймылга жетейин деп калдык эле
+50
aibi8984
2017-07-18 12:45:40
Razzak.kg,
0
aibi8984
2017-07-18 12:46:18
уйгак май орусчасы кандай?
+1
Zaika10
2017-07-18 13:07:24
aibi8984,репейное масло.
+4
Floweriza
2017-07-18 13:43:34
Мактанып коеюнбу хе хе мен мындай ыкманы косметика дуйносуно аралашкандан баштап колдоном))
+3
Aiiko
2017-07-18 19:27:34
Floweriza,мен эч боёнбойм. Ушулар жардам береби жакшы эле? Уйгак майлар кирпик кашка
+2
zhanka1234
2017-07-18 23:32:10
Aiiko,жардам берет)
+1
normalnyi..kyz
2017-07-18 14:41:24
Чын эле ашыкча макияж жаш кошуп картан корсотуп коет. Бирок натуральный макияж жасоо дело тонкое . Молодость это и есть красота
+1
jemile
2017-07-18 14:45:20
Ии элдер менин өчпөс модамды колдоно башташыптырда...
+4
Aiiko
2017-07-18 19:25:33
Озумчоо ойлоно берчумун. Апамдын студенттик суротторундо курбу кыздары дагы баары жакшына сулуу кийимдери дагы озгочо бодлчу. А азырчы?
0
Sushi_wok
2017-07-18 23:36:23
Озумчо кашымы татуаж кылдырам деп журуп модадан да калыптыр эми бул оюмдан кайтат окшойм. Бетиме кам коргонго такыр убактым жок да ушинтип журуп замандан артта калып журо берем го
+5
Gulnaz.GS
2017-07-18 23:41:20
мода мода эмес озуно жарашыктуу болгону мода
+5
Stshcksishd
2017-07-19 03:02:13
Кашымды эми жасатайын деп атса модадан калды дейт го. Ушул мода дегенге жетип коруш керек эле)))
+2
melante
2017-07-19 10:05:57
Stshcksishd, ооа,мен дагы акча топтоп аттым эле,биир модадан калбай баарын кылып,озгоруп коройунчу деп,ойчул ойлонгуча тобокел тоо ашып кеткен турбайбы
+3
Aika010130
2017-07-20 01:59:20
Менин моодам суперге эми жеткен го
-3
Guligo.92
2017-07-22 06:45:53
волосковый татуаж жасаткыла естественно корунот
0
__anna__
2017-07-23 10:25:06
Эми баары табигый сулуу болушат экенда. Маш аллах.
+2
sely
2017-07-24 09:39:23
Массалык турдо баары Брежнев болуп чыкты эле эми баары Боз ала б.п сыгат экен да. Майлардын да базары журот эми буйруса
0
Izana
2017-07-24 12:51:46
Кыздар аябай мактаныпсынар го менин "модам" деп))), Кыргыз айымдары боёксуз эле сулуубуз. Кээ бир Жылдыздарыбызга оор эле болот го эми...)))
+1
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан