КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Алардын бул шыбырашуусун Арсен угуп калды. Көкүрөгүн муздак шамал аралап, ыңгайсызданып кетти. Бут кийимин карады. Чын эле жайда кийчү жука чүпүрөктөн тигилген бут кийиминин эскилиги жетип, кемшийип калыптыр.
– Жинди!- кыз тигилерге кошулуп күлдү. Билмексен болуп жигитинин жанына келип турду.
– Эмне, силер түрлөп кийингендерди баалайсыңарбы, ээ?! Ар түрдүү бут кийими бар киши силер үчүн сыйга татыктуубу?! Силер деги дүкөндөрдөгү кооз кийинген манекендерди сүйүп калбайсыңарбы?!- Арсен өзүн кармай албай кетти.
– Жок, Арсен, сен туура эмес түшүнүп алдың...
– Эгер курбуларың айткандай бир эле кийими менен жүргөн жигит сага акыл-эси ордунда эместей көрүнсө, кел анда кол үзүшөлү? Сенин аларга кошулуп күлгөнүңө караганда, алардын оюн бөлүшөт окшойсуң да!- жигит ачууланып чыкты. Бул убакта тиги кыздар тез-тез басып кетип калышты.
– Кечирип койчу.
Бул кыз-жигиттин биринчи урушу болду. Жигит ызаланып калган экен. Кыздан биринчи автобуска түштү да, аны таштап кетип калды.
"Кайдасыз? Мен универдин жанындагы аялдамадамын..." Кыз шыпылдатып кимдир бирөөгө СМС жаза баштады. Жигитинин таарынып кеткенин дароо унуткандай.
Аз өтпөй аялдамага ак Гелендваген келип токтоду. Кыз ишенимдүү түрдө эшикти ачты, ага бардыгы көнүмүштөй. Арткы орундуктагы Болуш кызды күлө карап, анын жүзүнөн сүйдү.
Ооба, булардын Арсенден жашырынып жолугушуп жүргөнүнө көп болуп кетти. Арсендин атасы Дуулат да эч нерсени байкабай эле жүрөт. Шефинин оюнчугу болуп жүргөн Бегимай өзүнүн келини болчу кыз экенин ал али аңдай элек. Дуулаттын көзүнчө Бегимай менен Болуш Арсен деген атты айтышпайт, "тиги" деп тергешет.
А Бегимай болсо Болуштун торуна чырмалгандан чырмалып эле баратат. Арсенден кеткиси келбейт. Аны аяйт, жакшы көрөт... Бирок акыры барып баары ачыкка чыгарын билет. Арсендин атасынын көзүнчө эле ал акчага, белектерге, кымбат жашоого азгырылып кеткен. Баары кандай болуп кеткенин аңдабай калган.
Акылсыздык кылыптыр. Бир күнү болбосо, бир күнү Арсен "ата-энем менен тааныштырам" дегенде эле абийири төгүлгөнү жатат. Демек, окуянын аягы белгилүү. Арсен менен үй-бүлө куруу кыялы талкаланып бүттү. Бирок дале сыр билгизбей жигитинен кете албай жүрөт. Дуулат Бегимайды эзели жалгыз уулуна аял кылып алып бербейт. Уулун ушул кыз менен көрчү болсо кыздын бетине түкүрөрү анык. Эми кыз жок дегенде Болушту пайдаланып алышы керек. Кыз ушундай тыянак чыгарган. Бирок ал Болушту пайдаланганы жатабы же тескерисинче, Болуш кызды пайдаланабы, али белгисиз. Адатта Болуш эч нерседен уттурчу эмес эле...
– Эмне маанайың жок?- Болуш күлө карады.
– Тиги менен урушуп кеттим...
– Аа. Ошол элеби? Бош болсоң, жүрү, мени менен бир жакка барып келчи.
– Мейли.
Унаа зуулдап Түштүк Магистралы менен Тынчтык проспектисинин кесилишиндеги көп кабаттуу элиталык үйгө келип токтоду.
– Жүрү.
– Кайда?
– Мен сага бир нерсе көрсөтөм.
Лифт менен тогузунчу кабатка көтөрүлүштү. Болуш ачкычы менен батирдин эшигин ачты.
– Кир.
– Эмнеге?- кыздын көздөрү тостоё түштү.
– Коркпо. Бул үйдү сатып алгам. Оңдоп-түзөп жаткан болчумун. Жакында эле бүттү, сага көрсөтүп мактанып коёюн дедим. Болуштун бул сөздөрүнөн кийин Бегимай жылмайып алып батирге баш бакты.
Үй чын эле мактангыдай экен. Заманбап үлгүдө жасалгаланыптыр.
– Төргө өт. Кандай экен?
– Сонун, Болуш байке! Буга толтура акча кетсе керек, ээ?
– Миллиондон көп,- Болуш жылмайып койду.
– Конушуңуз кут болсун!
– Рахмат! Бир нерсе ичесиңби?
– Түшүнбөдүм...
– Вино, коньяк, виски...
– А жо-ок...
– Жаңы үйлүү болушум менен куттуктап кой да. Бир аз ууртап отур. Мына бул вино абдан сонун. Француз виносу, досторум ала келишиптир,- Болуш шыпылдап барып муздаткычтан ак шарапты алып чыга калды. Өзүнө бир аз коньяк куюп, кызга жарым-жартылай ак шарапка толгон кооз бокалды сунду. "Француз виносу" деген сөз гана Бегимайды азгырып кетти. "Кандай болот болду экен?" деди ичинен.
– Ийгиликтер үчүн эмесе!- Болуш коньяктан татып койду. Кыз шараптан ууртады. Чын эле жагымдуу даамы бар экен. Ал бул даамды эстеп калгысы келди. Улам ууртап коюп отурду. Керек болсо кайсы бир күнү курбулары менен отурганда "француз виносунун даамы жагат" деп татып көргөн киши катары мактанып жатканын да элестетип жиберди. Болуштун сөздөрүнө алаксып, аздан ууртай берип бир убакта кызымтал болуп калды.
– Уф, мен бүгүн таза абада бир аз дем алып, анан үйгө барат окшойм,- кыз алакандарын кызарган жүзүнө басып сүйлөндү.
– Барбай деле кой да...- Болуш кыздын жанына жакындап отурду.
– Болуш байке?
– Мынчалык жакын отурбаңыз! Сиз эмнени каалап жатасыз деген жатасыңбы? Сени каалап жатам, Бема. Биринчи көргөн күндөн тартып сага ашык болдум. Байке дейсиң... Ооба, байкеңмин, бирок сага ашык болгон байкеңмин. "Карыганда буга эмне болгон" деп жатсаң керек, ээ? Бирок 50 жаштын кырына келгенде сага ашык болуп, өзүмдү жаш жигиттей сезип турам. Баягы жаш кездегидей жүрөктүн дүкүлдөгөнүн, толкунданганымды, сенин жылмаюуңдан эле бактылуу болуп жатканымды ойлосом төбөм көккө жете түшөт. А сен менин махабатымды кабыл алар бекенсиң?
Бегимай мындай сөздөр кинолордо гана сүйлөнөт деп ойлоп жүрчү. Болушту карап катып калды. Ал күтүп турган жок. Бегимайды бекем кучактап, туш келди өпкүлөп баштады.
– Болуш байке, суранам! Токтотуңуз!- кыз кыйкырып жиберди.
– Бема, садагам! Сени жакшы көрөм!- Болуш токточудай эмес, туш келди өпкүлөп жатат. Бардык кыялыңды аткарам. Мендик болчу! Каалайсыңбы, эртең эле Дубайга учуп кетебиз! Ысык өлкөдө эс алып кайтабыз.
– Болуш байке...- кыз "жок" деп айта албады. Баш ийип берди. Кыял күлүк экен. Ойлор заматта Дубайга жетти. А денесин Болуш уйпалап жатты. Аруулугун ысык өлкөдөгү бир жумалык эс алуу үчүн арнап койду.

ххх

Бегимай Болуштан көздөрүн ала качып, жуунуучу бөлмөгө бет алды. Сууну шар агызып коюп, тизесин кучактап отура кетти. "Арсен, мени кечир! Мен..." кыздын көкүрөгү ачышып чыкты. Ал актангысы келди. "Мен башкача жашагым келет" акыры ушуну ойлоп тапты. Актануусу ушул болду.– Бема, садагам! Сен ыйлап жатасыңбы?- Болуш эшиктин сыртынан сүйлөдү. Билсең, мен сага ыраазымын. Сенин тазалыгың үчүн ыраазымын. Мени бактылуу кылып койдуң. Баса, мен Дубайга билеттерге буйрутма бердим.

ххх

– Азыркы кыздар эмне болуп баратат, түшүнбөйсүң?- Дуулат тамагын ичип жатып аялына сүйлөдү.
– Эмне болуп кетти?
– Шеф дагы бир куурчак таап алды. Жапжаш кыз. Аны ээрчитип алып Дубайга кетти бүгүн. "Аялы бар, үй-бүлөсү бар" деп деле ойлонушпайбы тиги кыздар?
– Заман ошондой болуп жатпайбы.
– Заманда кеп жок, кептин баары адамдарда... Алардын деңгээлинде...
"Адам деген адам да" Арсен аркы бөлмөдөн атасынын сөзүн угуп, өзүнчө ойлонуп кетти. "Адам деген сатылып кетет. Болгону баасын бычыш керек. Атам замандан бери эле ошентип келе жатпайбы. Демек, заманга да, адамга да кейибеш үчүн акчаңдын болушу шарт. Акчаң болбосо эң жакын көргөн адамың деле сени шылдыңдайт, таштап кетет..."
Жигиттин атасын кейиткен, жигиттин өзүн түркүн ойлорго түрткөн албетте Бегимай эле. Болгону ал кезде ата-бала бир эле адам тууралуу ойлонуп жатышканын аңдаша элек болчу...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
zamir_88
2017-07-18 12:56:48
Кыздыгын алганда апа дебей эле Дубай деп бакырыптыра
+8
Alibay
2017-07-18 13:05:12
Тооок мэээээ,дессе бул кылыгы учун алы коп окунот го....Кызып кетип жатат,сериял))))))
+1
adiletik
2017-07-18 13:07:04
Откон санда бироо жазып жатпады беле, суйуу эмес акча учун турмушка чыгыш керек дегенсип. Аягына чейин окусак ошолорго сабак болобу дейм, Мындайдын аягы жакшылык менен бутчу эмес эле.
+4
Aidyn98
2017-07-18 23:08:35
Жакшы. Окуп сабак алса болот экен!!
+2
erkeleim
2017-07-18 23:45:22
Кызык
0
Beka1986
2017-07-19 02:38:27
Ушундай экенда эми...не кылабыз
+1
liitle_princess95
2017-07-19 08:14:24
Арсен оч ала турган эле кыз экен
-1
Aida2509
2017-07-19 08:16:25
бул кыздын женил ойлуулугу келечегин бай адамдардай жашагысы келген корбогондун коргону курсун дейт ушуларга окшогонду
+1
insap
2017-07-19 11:54:23
"Адам деген сатылып кетет. Болгону баасын бычыш керек.."
+2
imanberdi98
2017-07-20 09:22:24
Акчаң менен сен бийиксиң,акчаң жок болсо кийиксиң дегендей го бул жагы))
0
nariste_abysh
2017-07-24 09:39:43
Обновите страницу(((
-1
Darya01
2017-07-24 14:50:25
Эххе.мынакей акчанын күчү. Бир кагазга карап калдыкпы ошондо. Бирок Бегимай тунук сүйүүнүн баркын билбеген адам экен. Макул эми эмнеси болсо да жакшылык менен бүтсүн
0
adiletik
2017-07-24 19:22:12
Ызы-чуунун баары эртен болот экен
0
janko98
2017-07-24 23:39:37
Качан отот эми бир жумааа?
0
rtuiop
2017-11-17 16:53:09
Ббб*т
Акча байлык деген нерселер сүйүүнү сатып алган эмес сүйүүдөн кийинки жашоо чыныгы жашоодо жашаган заман качан келет
0
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан