ФРАНК РИБЕРИ

Учурда УЕФАнын Чемпиондор Лигасы чечүүчү кезине келип жетти. Чемпиондук үчүн күч сынаша турган 2 клубдун биринде ойноп, командасын чоң жеңиштерге шыктандырып келаткандардын арасында “Бавариянын” оюнчусу Франк Рибери да бар. «Зидандын мураскери» аталган бул таланттуу франциялык футболчу тууралуу маалымат топтодук.

СПОРТЧУ ТУУРАЛУУ
1983-жылы 7-апрелде Булонь-Сюр-Мер (Франция) шаарчасында туулган.
Франция курама командасынын жана “Бавария” (Германия) футбол клубунун жарым коргоочусу.
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 72 килограмм
Лакап аты – Тырык
«Галатасарайдын» курамында Түркиянын кубогунун ээси (2005), «Олимпиктин» курамында Интертото кубогунун ээси (2005), “Бавариянын” курамында Германиянын чемпиону (2008) жана Франциянын курамында 2006-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалчысы.
Үй-бүлөлүү. 2 кыздын атасы. Учурда Мюнхенде жашайт.

КАНАЛИЗАЦИЯДАН ЧЫККАН ЖЫЛДЫЗ
Франк Франциянын батышындагы Булонь-Сюр-Мер аталган жарды аймакта жумушчунун үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Атасы канализацияларды оңдоочу болуп иштеген. 4 бир туугандын эң улуусу болгондуктан, ата-энесине жардамдашып кичинелерди кароо анын моюнунда эле. Андыктан бала чагында бактылуу күндөрү дээрлик болгон эмес. Албетте, футболдук талааны эске албаганда. Футбол ойногон учурларда гана ал бардык кыйынчылыктарды унутуп, өзүн бактылуу сезгени айтылат.
12 жашында француздук “Лилль” командасынын академиясына кабыл алынат. Бирок 2 айдан соң
окуудан айдалат. Буга анын тентектиги себеп болот. Билим алуу аракети текке кеткен Франк кайрадан өзү туулган жерине келип, жергиликтүү командага кошулат. Тапкан акчасы күнүмдүк керектөөсүнө жетпегендиктен футболдон тышкары атасынын жолун улап, канализацияларды оңдоп-түзөтүү менен да алектене баштайт.

БАКЫТ КУШУ ЖЫЛМАЙЫП...
Аракетчил Рибериге 19 жашында бакыт кушу жылмаят. Кезектеги беттеш учурунда ал машыктыруучу Жан Фернандестин көзүнө түшөт. Эми ал Франция чемпиондугунун 2-дивизионунда ойногон “Метцтин” оюнчусуна айланат. Жаңы командада Рибери өз ордун таап, күйөрмандардын сүйүүсүнө арзып, келечектен көптү үмүттөндүрө баштайт. 2005-жылдын кышында Рибериге Түркиядан сунуш түшөт. Ал үчүн түркиялык “Галатасарай” “Метцке” 2,5 миллион евро төлөп берүүгө макул болгон. Бирок Риберинин чет өлкөгө легионер катары жасаган алгачкы аракетин ийгилик коштогон эмес. Ошол учурда “Галатасарай” кризиске кабылып, оюнчуларын айлык акы менен камсыз кыла албай калат. Натыйжада футболчулар иш таштоого чыгышат. Рибери маселенин чечилишин күтүп отурбай кол шилтеген бойдон мекенине кайтып келе берет.
Аны мушкетёрлордун мекенинде чоң бакыт күтүп турган эле. Тактап айтсак, ага футболго жол ачып, өкүл атасы болуп калган атактуу машыктыруучу Жан Фернандес Марсель шаарынын “Олимпик” командасын машыктырып калган. Эми Рибери үчүн Франция­нын Жогорку Лигасында ойноо мүмкүнчүлүгү туулат.

ЗИДАНДЫН МУРАСКЕРИ
"Олимпиктин” курамындагы алгачкы эле сезон Франк үчүн ийгиликтүү болгон. 23 жаштагы тайманбас Рибери өзүнүн ар тараптан мыкты экендигин көрсөтө алган. Күйөрмандар ага “Велодромдун падышасы” деген ат коюп алышат (Велодром – “Олимпиктин” стадионунун аталышы). Баарынан да сезондун аягында анын Франциянын улуттук курама командасына чакыруу алгандыгы көпчүлүктү таң калтырат. Франциянын курамында анын дебюту 27-майда ишке ашып, ошондо ал майданга атактуу Зинедин Зидандын ордуна чыккан. Кызыгы, арадан жылдар өтүп, Рибери Зидандын ордун ошондо гана эмес, учурда да татыктуу ээлеп тургандыгы болууда. Риберинин куду Зидандай майданда уюштуруучулук, мыкты топ узатуу жана чагылгандай тез ойлонуучулук касиеттерин эч ким тана албайт. Ошентсе да кезинде “Рибери Франциянын курамына Зидан менен чогуу намаз окуу үчүн гана чакырылган” деген орой тамаша жаралган эле.

МУСУЛМАНЧА АТЫ – БИЛАЛ
Рибери 21 жашында ислам динин кабыл алган. Анын мусулманга айланышына алжирлик Вахиба Бельхами аттуу айым себепчи болгон. Сүйүүсү үчүн баарына даяр болгон Рибери куранды окуп үйрөнүп, ислам динине өткөн. Анын мусулманча аты – Билал. Айта кетчү нерсе, Рибери исламды сүйгөнүнө үйлөнүш үчүн гана эмес, чын дилинен окуп түшүнгөндүгү үчүн да кабыл алган. Андыктан ал жашоосунда шарияттын бардык мыйзамдарына баш ийип жашап келет. Эки жаш учурда 2 кызды тарбиялоодо. Бул тууралуу футболчунун өзү: “Вахибага жолугуп, исламды тааныгандыгым үчүн ыраазымын. Мен куранды окуп чыгып, бул улуу динди кабыл алдым. Ислам оор күндөрдө жүрөгүмө тынчтык тартуулап, чоң жардам берди”-, дейт.
Жогоруда айтылган тамашага улай Рибери Зидан менен таанышканы тууралуу мындайча эскерет: “Мени улуттук курама командага чакырышканда Зидан мени кантип кабыл алат болду экен деп толкундана баштадым. Күндөрдүн биринде намаз окуучу жайга барып, аны жолуктурдум. Чогуу намаз окудук. Ошентип таанышып, оңой эле тил табышып кеткенбиз. Ошондо ал канчалык атактуу болбосун жөнөкөй адам экендигине таң калгам”. Эл арасында “Риберинин курама командага чакырылышына Зидандын салымы зор, аны командага алуунун демилгечиси дал Зидан” деген кептер жок эмес. Эмнеси болсо да Рибери иш жүзүндө мындай чечим текке кетпегендигин толук далилдей алды.

ТЫРЫГЫН ЭМНЕ ҮЧҮН САКТАП КОЙГОН?
Рибери башка футболчулардан өзгөчө талантынан тышкары бетиндеги тырыгы менен да айырмаланат. Ал 2 жашында үй-бүлөсү менен автокырсыкка кабылат. Ошол окуядан кийин анын оң бетинде 2 узун тырыгы сакталып калган. Кийинчерээк ага заманбап пластикалык операциянын жардамы менен тырыктарынан кутулууну сунушташканда ал баш тартып койгон. Мындай чечимин ал “тырыктарым мени күчтүү кылат” деп түшүндүргөн. Мындан тышкары: “Тырыктарымды эс тартканымдан бери билем. Андан эч кандай уялбайм жана андан арылуу оюмда да жок”,- деп кошумчалайт.


Жергиликтүү кабарлардан

Вале тудо

МЕЛДЕШ КУРМАН БОЛГОНДОРДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛАТ
7-8-апрель күндөрү Бишкектеги талап-тоноо учурунда өл­кө­бүздүн спортчулары тар­тип сактоодо активдүү кызмат өтөш­көндүктөрү маалым. Жакында КРнын Вале тудо федерациясы апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш өткөрүүнү чечишкен. Мелдеш май айына пландаштырылууда. “Бизге чет элдик досторубуз чалып, кабатырланып жаткандыктарын билдиришүүдө. Чек ара жабык болуп жатканына байланыштуу Эл аралык мелдештерге да чыга албай жатабыз. Биз Кыргызстанды кандуу окуялар эмес, чоң жеңиштер менен таанытмакчыбыз. Учурдан пайдаланып ошол кандуу окуяларда каза болгондордун жакындарына, ата-энелерине көңүл айтабыз”,- дейт КРнын Вале тудо федерация­сынын прези­денти Эмил Ток­тогонов.


Эл аралык кабарлардан

Жеңил атлетика

БОЛТ ТАҢ КАЛТЫРУУНУ УЛАНТУУДА
Атактуу ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт кезектеги таң каларлык натыйжага жетишти. Ал Филадельфияда өткөн мелдештерде 100 метр аралыкты 8,79 секундда чуркап өттү. Аталган аралыктагы дүйнө рекорду анын дал өзүнө тиешелүү болуп, ал 9,58 секунд болчу. «Ямайкалык керемет» аталган спортчунун өзү муну менен токтоп турбастыгын айтты. 23 жаштагы планетабыздын эң ылдам чуркоочу адамы үчүн сезон эми башталды. Алдыда аны Ямайка, Чехия, АКШ, Франция, Бельгия жана Индияда өтүүчү Эл аралык мелдештер күтүп турат.

Бокс

ЧЕМПИОН, КИШИ ӨЛТҮРҮҮЧҮ ЖАНА ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮЧҮ
19-апрелде венесуэлалык мушкер Эдвин Валеро Валенсиядагы түрмөдө өз өмүрүн кыйды. Ал спорттук шымына асынып өлгөн. Ал эми анын абакка түшүшүнө бир күн мурда аялы Женниферди бычактап өлтүргөндүгүн моюнга алгандыгы себеп болгон. Кедей үй-бүлөдөн чыккан жана атактуулукка муштуму менен жеткен Валеро өз өлкөсүнүн чыныгы сыймыгы эле. Мушкердин артында 8 жаштагы уулу менен 5 жаштагы кызы калды. Анын мындай терс жоруктарга баруусуна автокырсык учурунда мээсинин чайкалышы себеп болгон. Акыркы мезгилде Валеронун жүрүм-туруму бузулуп, баңгизат колдонуп калган. Жакындарын сабаган окуялары көбөйүп, өмүрү ушинтип аяктап отурат.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Taллаc
2010-05-03 22:52:43
Рибери (Билал) мыкты футболист!
0
akmat
2010-05-08 02:53:24
ни кто не спорить
0
Таллас
2010-05-08 13:43:35
Никто не спорит? Вы имеете ввиду?
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан