Бир жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келе жаткан ата: «ООРУНУН АЙЫНАН ТӨШӨКТӨН ТУРА АЛБАЙ КАЛДЫМ. БИРОК БАЛДАРЫМ ДЕП ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШӨМ»

Каарманыбыз убагында эл катары иштеп, үй-бүлөсүн багып, жай турмуш кечирип, "мына бутка туруп келатам" деген маалда аты жаман рак илдетине кабылганын айтат. Замирбек Сооронбековдун бөйрөгүнүн үстүндө пайда болгон шишикти УЗИ көрбөй, омуртканын кургак учугу деген диагноз менен операцияга киргизилип, хирург ичин ачкан соң "онкологиялык илдет" деп кайра жаап койгон. Каарманыбыз жан сыздаткан оору бир жылдан бери бастырбай, төшөктө жаткырып койгонун айтып кейийт.

"ОПЕРАЦИЯ СТОЛУНДА КАЗА БОЛУП КАЛАСЫҢ" ДЕШТИ"

– Мен Чүй облусуна караштуу Беловодск айылынан болом. 37 жаштамын, эки баланын атасымын. Мурда ширетүүчү болуп иштеп, үй-бүлөмдү, жакындарымды акча жактан камсыз кылып, барчылыкта эле жашачубуз. Тапкан акчаны акырындан курулуш иштерине жумшап, үйдү оңдоп-түзөөгө киришип, эми бутка туруп келе жатканда рак илдетине чалдыгып калдым. Бул оору эмнеден улам келип чыкканын билбейм. Башында бутумдун муундары, кийин белим ооруганынан Бишкекке байма-бай каттап дарыланып жүрдүм. Анан былтыр ооруганы күчөгөнүнөн мамлекеттик ооруканаларга да, менчик бейтапканаларга да кайрылганымда баары бир ооздон спондилоартрит (омурткага суук тийүү) деген диагноз коюшкан. Доктурлар жазып берген гормоналдык дарыларды ичкенде бөйрөгүм катуу ооруганынан 6 айлык курсту 2 айдан кийин таштап койгом. Ошентип былтыр май айында омурткам сыздатып ооруганынан жата да, отура да албай калдым. Анан сол бөйрөктүн тушу шишип чыкканын байкап, УЗИге түшүп боор, өт, бөйрөгүмдүн көлөмү чоңоюп кеткенин билдим. Анан онкоуролог томографиянын жыйынтыктарын карап, бөйрөктөн шишик таппай, "омурткада ириң бар, ошол үчүн бөйрөктүн тушу шишип жатат" деген. Ошентип былтыр августта улуттук фтизиатрия борборунан эки омуртканын ортосунда ириң бар деген диагноз менен операция кылыш үчүн бөйрөк тушту ачышкан. Бирок дарыгерлер болжогондой омуртка ириңи эмес эле, бөйрөктүн үстүндө шишик жайгашканын көрүшүптүр. Муштумчалык келген шишик омурткага жармашып калган экен, аны хирург сөөктөн ажыратып туруп жаап, шишик алардын иши эмес экенин айтып, кайра онкология борборуна жиберген. Ал жерден онкоуролог "шишиктин көлөмү чоң, аны ала турган болсок кан токтобой, операция столунда каза болуп каласың" деп ооруну убактылуу басуучу химиотерапияны сунуштады. Бул процедуранын канчалык зыян экенин билгеним үчүн баш тарттым.

"11 АЙДАН БЕРИ ЭЛДИК МЕДИЦИНАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ЖАШАП КЕЛЕМ"

– Шишик кичинекей кезинде дарыгерлер аныктай алышканда бир бөйрөгүм менен кошо алдырып салмак экенмин. Алар бирине-бири түртүп отуруп убакыттан уттуруп койдук. Эми медицинадан кол үзүп, акыркы 11 айдан бери табыптардын кеңеши менен бирде төөнүн сүтүн, бирде уу коргошун ичип, айтор, айыгып кетем деген ишеним менен жашап келе жатам. Булардын кайсы бири жардам берип жатканын билбейм, бирок акыркы жолу УЗИге түшкөнүмдө шишик башка органдарга чаап кетпей, ордунда кармалып турганын айтышты. Азыр да өз билгенимди кылып, интернеттен дартка даба болчу каражаттарды издеп таап, буйрутма менен алып жатам. Анткени менин мындан башка чарам жок.

"ЭМИ ДАГЫ КАНЧА ЖАШАЙМ, КИМ БИЛЕТ..."

– Келинчегимдин туруктуу жумушу жоктугунан талаага жалданма ишке чыгып, күнүнө 350 сомдон таап жатат. Ал деле эч нерсеге жетпейт экен. Атам чуркап жүрүп, мени 2-топтогу майыптыкка чыгарып койгон. Ал үчүн мамлекет айына 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөйт. Ата-энем, бир туугандарым да иштебегендиктен эки уйдун сүтүн карайбыз. Мурда балдак менен ордумдан жыла алчумун, азыр таптакыр баса албай калдым. Эртеден кечке шыпты тиктеп жатканга туура келет. Бир аз кыймылдап койсом эле омурткам менен сол бөйрөгүм ооруйт. Ооруну басаңдаткан башка дарылардын күчү жетпей калганынан "морфин" ичем. Ал деле бир күнү болбосо, бир күнү жардам бербей калат да. Ошондо эмне кылам деп ойлоном. Эми дагы канча жашайм, ким билет... Эки баламдын бири 10до, экинчиси 8де. Аларды азыр ата-энем багып жатат. Ошолор үчүн жашоо менен күрөшүп, күчтүү жана кайраттуу болуп, жашоодон үмүтүмдү үзбөйм.

"КУРГАК УЧУК ДЕП КАТА КЕТИРИШПЕГЕНДЕ, РАК ЭКЕНИН БИЛБЕЙ КАЛМАКПЫЗ"

Күн сайын уулунун үйүнө барып каралашып, жуунууга жардам берген каарманыбыздын атасы Сооронбек Чилдебаев чет жактан жакшы бейтапкана табылганын, бирок анда уулун дарылатууга каражат жетишсиз болуп жатканын айтып, элден жардам сурайт.
– УЗИ аныктай албай койгон шишикти туура эмес диагноз менен болсо да, ачып көргөн хирургга бир чети ыраазы болуп кеттик. Анткени ал ачып көрбөгөндө мүмкүн шишик жарылып кетип, балам каза болуп, биз рак экенин билбей кала бермекпиз. Ошондуктан аны менен соттошкон жокпуз. Эми Казакстандан менчик бейтапкана таптык. Алар "шишиктин көлөмүн операциясыз кичирейтип, мындан ары чоңойбой турган кылабыз" деп жатышат. Ага жалпысынан 13 миң доллар кетет экен. Рак 3-баскычта, ал эми убактыбыз тар. Уулум оору менен гана эмес, убакыт менен да күрөшүүдө.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Рак илдетине кабылган Замирбек: "Эми дагы канча жашайм, ким билет...?"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
kalima88
2017-07-18 22:54:46
Мен видеосун көрбөдүм эле, көрүп эзилип кеттим. ... Кудайым шыпаасын берсин!!!
+1
wirin
2017-07-18 23:19:58
шыпаасын берсин айыгып кетсиин оомин
+2
muslima89
2017-07-19 01:19:41
Окуп козумо ото жаш алды , ылайым Аллахым шыпаасын берип, сыноолордон отуп кетиниз. Аз болсо да жардам берсек курбубуз жетишинче кантип байланышсак болот
+2
Sveta23
2017-07-19 10:16:32
Аты жаман рак деген кайдан чыкты. көбөйүп эле барат.Кудай өзү сактасын баарыбызды
+2
tynchtyk93
2017-07-19 23:05:54
Кудайым шыпысын берип айыгып кетсин!
0
sladkaya777
2017-07-19 23:29:48
Кудайым шыпаасын берсин!Жакшылыктан умут узбонуз
+1
Mekush87
2017-07-19 23:36:06
Алла-Таалам озунун шыпаасын берсин.Элдик медицина менен дарыланганыныз туура,эн негизгиси озунузду таштабаныз.Сакайып кетиниз.
+1
Ayka1994
2017-07-20 16:23:33
Хашим Зайналиевге кайрылып корбойсунорбу ал жон эле айыктырып жатпайбы менин кенешим ошол кишини таап ошол киши менен бир кенешкиле бир жооп айтат а мен доктурга 0,5% а Хашим акеге 95 % ооруну берген да Алла сакайтуусунда Алла берет
+1
Farhad.baku
2017-07-20 21:23:11
Кудайым жардам берсин айыгып кетиниз
0
Vika.El
2017-07-22 00:29:04
Салам Супер инфо Бул адамдарга акча керек болсо Эл сом ачпайбы Ар бир инсан колунан келгенин которушат эле
0
Bak.taalai
2017-07-22 01:42:29
Оо кудайым ай аты жаман ооруну уксам журогум дирт этет. Аллахым шыпаанды берип пенденди кыйнабай айыктыра кор
0
jamakeev2015
2017-07-23 10:17:04
Эн жакшысы уу коргошун экен мен да таежемден айрылдым рак менен ооруп алышып журуп акыры отуп кетти.Убакыттан уттуруп койдук эрте баштаганда жакшы болуп кетет беле.Таежемдин женский жагына чыккан шишик аны жарбаш керек экен биз билбей ар кайсы метот менен даары тартып атып жарылган. анан иринге окшош немелер чыккан. Андан кийин бироо ошо уу коргошундан айыккан деп угуп ошону методу менен даарыланып атып отуп кетти.Шишик жарылганга чейин ошол уу коргошунду бир кайнатып тогуп экинчи кайнамын беле
+2
jamakeev2015
2017-07-23 10:24:31
Ошону керосинге кошуп беле эсимден чыгып кетти ощентип шишиген жерге бир саат тартат и канча бир олчомдо ичет уу коргошун рактын клеткаларын олтурот экен ошол айдап чыгат экен кусуп жашыл бирдемелер чыгып атты корсо жарылгандан кийин болбойт экен рак ички организимге тарап кетет экен да баардык организимди талкалайт экен.а жарыла элек болсо ошол ресцепти жакшы билгендерден сурап колдонуш керек кусуп атып шишик кичирейип жок болот
+2
erika66
2017-07-24 23:51:27
salamatsyzdarby... uu korgowundu kantip paidalanuu kerektigi jonundo maalymat bere alasyzdarby...rahmat
0
Riki87kg90
2018-03-26 01:49:39
Депутатарыбыз 1эле машинасын сатып жардам берсе болот эле го андай депутат чыкпайт да.кенедей Кыргызстан га 120депутат 120штук дагы нормальный иштебейт.
0
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан