Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын башчысы: "ТАЗА КООМ" ДОЛБООРУН 5 ЖЫЛДА ИШКЕ АШЫРАБЫЗ"

Өлкө башчысы масштабдуу "Таза коом" долбоору жөнүндө жарыя кылды. Бийликтин ал боюнча максаттары да өтө амбициялуу – ар бир кыргызстандыктын жашоосун жөнөкөйлөтүү, ыңгайлуу жана мыкты кылуу, буга катар бюджеттик каражатты үнөмдөө.
Чынында, долбоор коомчулуктан колдоо таба элек. "Таза коомду" анын авторлорунун улуу ойлоруна ишенбей сындагандар четтен чыгат. Долбоордун ийгиликтүү жана өз убагында ишке ашышына керт башы менен жооптуу болгон Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков "сындар айтылышы керек" деп эсептейт. "Анткени сын убакытты туура колдонууга, катачылыктарды жоюуга жардам берет" дейт ал.

– "Таза коом" долбоору жок дегенде жарым-жартылай ишке ашат деген кепилдик барбы?
– Түштүк Кореяда мындай долбоорду 40 жыл, Эстонияда 20 жылдай убакыттын аралыгында ишке ашырышкан. Бирок убакыт өтүп жатат, ыңгайлашкан жаңы программалар пайда болууда. Негизги пайдубал түптөлгөн. Мисалы, мурда бир батирди "акылдуу үйгө" айлантуу 40-50 миң доллар турчу, азыр 450-500 долларга бааланып калды. Мурда аны бир жума жасашса, азыр буга эки саат же андан аз убакыт жумшалат. Башкача айтканда, жүз эсе арзан жана бат. "Таза коом" долбоору боюнча деле ошондой. Белгилүү бир база бар. Анткени акыркы жылдарда санариптик өкмөткө өтүү боюнча иштер жасалган. Бирок чачыранды аракеттер көрүлгөн. Биздин милдет – ошонун баарын иретке келтирип, калыпка салып, бирдиктүү системге жайгаштыруу. Эң башкысы, долбоорду ишке ашыруу үчүн биздин бийлик бутактарынын, мамлекет жетекчилигинин саясий эрки жана чечкиндүүлүгү бар. Биз "Таза коом" долбоорун беш жылда ишке ашырабыз деп ойлоп жатабыз.
Мамлекеттик башкаруу багытында "Таза коом" эки бөлүктөн турат. Биринчиси – мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу жана "Таза коомду" мамлекеттик структураларга киргизүү. Экинчи бөлүк – бардык мамлекеттик тейлөө кызматтарын портал аркылуу жүргүзүү.
5 жыл аралыгында биз тейлөө кызматтарынын 80 пайызы мамлекеттик портал аркылуу көрсөтүлүп баштайт деп ойлоп жатабыз. Буга чейин ар бир
айылга интернетти жеткирип, калкты тейлөө борборлорун ар бир айыл өкмөткө курабыз.

– Бул кандай портал болот?
– Портал юридикалык жана жеке жактарга тейлөө кызматын көрсөтөт. Тейлөө бөлүгүнөн жеке жактар өздөрү тууралуу төрөлгөнүнөн тарта бардык маалыматтарды таба алышат. Жашоосундагы бардык документтерин онлайнда компьютер же смартфону аркылуу үйдөн чыкпай эле алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бир эле мисал келтирейин. Биз балдарды кабыл алуу автоматтык түрдө жүрсүн деп бала бакчаларга жана мектептерге электрондук кезек киргизели деп жатабыз. Мамлекеттик портал мектептердеги жана бала бакчалардагы кезекти, орундар толгондугун же толбогондугун көзөмөлдөп турат. Ошондой эле бала мектепке автоматтык түрдө алынат жана бул тууралуу ата-энелерине билдирме келет.

– Бирок эми бул белгилүү бир райондо каттоосу барлар үчүн гана иштейт да. Ата-энелердин балдарын башка мектепке, мисалы, №61 (Бишкектеги) мектепке окутуу каалоосун кантесиздер?
– Эгер жаран баласын белгилүү бир мектепке киргизгиси келсе, ал кайрадан электрондук кезекке турат. Анын баласынын кезеги келгенде ошол мектепке барып, кабыл алуу экзаменин тапшыруу боюнча чакыруу алат.

– А ички мигранттарчы?
– Ооба, ички мигранттарга биринчи баскычта, эгер алар убактылуу каттоого да турушпаса кыйын болушу мүмкүн. Каттоого туруу – өлкөнүн ар бир жаранына талап. Ал аткарылышы керек, себеби ал муниципалдык жана мамлекеттик органдарга өз иштерин пландоого мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, жаңы конуштагы мектептер боюнча оор кырдаалдар бар, себеби ал жакта канча бала жашайт жана канчоосу окуй турганын так билбейбиз. "Таза коом" долбоору буга жардам берет. Аймактардан келип бул жакта оор шартта жашап каттоого тура албагандар боюнча иштейбиз жана жардам беребиз.

– Кагазда, албетте, мунун баары жакшы жана кооз. Бирок президенттик шайлоодон кийин эле бул долбоорду унутуп салышпайт деген кепилдик барбы?
– "Таза коом" программасы "Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы-2040тын" негизги бөлүгү болот. Анын түзүлүшүнө бийликтин бардык бутактары, коомчулуктун жана жеке сектордун өкүлдөрү, ошондой эле Жогорку Кеңештин бардык фракциялары тартылган. Жогорку Кеңеш "Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы-2040ты" кабыл алса, бул долбоор токтоп калбайт деген кепилдик болот. Себеби депутаттар жана коомчулук стратегиянын ишке ашышын көзөмөлдөйт. Биз жарандарга долбоордун бардык аспектилерин, долбоордун өзөгү алардын жашоо деңгээлинин жогорулашы экенин айтып бердик. Биз артка карай жол жок болушу үчүн атайын ушундай масштабдуу маалымат кампаниясын жүргүздүк. Эгер кийинки президент же премьер-министр долбоорду артка кайтаргысы келсе, адамдар ага жол бербей реформалардын уланышын талап кылышат.

– "Таза коом" системи адам жашоосундагы бардык жагдайларды (аспектилерди) бир базага чогултууга байланган экен. Бирок бизде шайлоочулардын бирдиктүү системи түзүлбөй, министрликтердин, ведомстволордун базасы жүз миңге бөлүнүп жатканда, бул канчалык реалдуу?
– Мекемелер арасында бирдиктүү иш алып баруу "Түндүк" системинин базасында жүрөт. Ал министрликтердин, мекемелердин маалымат базаларын алар кандай аянтта, кайсы программалык тил менен жасалганына карабай бириктирет. Бул системдин аркасында бир мекемелерден маалым кат (справка) алып, экинчисине тапшыруу муктаждыгы жоголот. Мамлекеттик органдар маалымат базасы аркылуу автоматтык түрдө керектүү маалыматтар менен алмаша алышат. Биринчи кезекте "Таза коом" долбоору боюнча кызматтарды биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар колдонушат.

– "Таза коом" долбоорунун негизги бөлүгү – бул "Коопсуз шаар" долбоору. Долбоор көп жылдан бери ордунан жылбай ишке ашпай жатат, тараптар соттук териштирүүлөргө чалынып, убада кылынган камералар да, көзөмөл да жок. Биз ушундай кичинекей бөлүгүн аткарбай туруп, кантип масштабдуу долбоорду ишке ашырмакчы болуп жатабыз?
– Биз жөн гана "коопсуз шаар" эмес, "акылдуу шаар" курмакчыбыз. Эң биринчи "акылдуу шаарлар" Ош жана Бишкек шаарларында ишке ашып, ичине "коопсуз шаар" менен катар "акылдуу жарык берүү", "акылдуу унаа токтотмолор", "акылдуу ЖКХ" жана башкалар камтылат.
Жалпысынан долбоорду ишке ашыруу үчүн ишкерлер тармагы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында иш алып барышыбыз керек. Азыр биз жөнгө салуучу негизин жакшыртып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестициялар боюнча мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Албетте, долбоорду ишке ашырууну ушул сыяктуу долбоорлорду башка мамлекеттерде ишке ашырган, эл аралык тажрыйбасы бар коомдук компаниялар колго алышы керек. Ушундай мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен чоң жана кичине долбоорлорду ишке ашыра алабыз.
«Таза коомду» ишкерликти кошпой жүзөгө ашырганга болбойт. Пайда табууга боло турган долбоорлорго инвестиция тартып, ноу-хау киргизип, негизгиси, жумуш ордуларын түзө турган жеке менчик сектор ишке киргизиши керек. А мамлекет ишкерлик жана инвестиция үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздашы кажет.

– "Таза коом" Кыргыз жериндеги реалдуу шарттар менен кандай айкалышат? Сизди сындап жаткандар "адегенде өлкөдөгү жашоону оңдоп, цивилизациянын жыргалчылыктарын түзүп берип туруп, анан IT-технология боюнча сөз кылса жарашат эле" деп жатышат. Сиз бул демилге реалдуулуктан алыс деп ойлобойсузбу?
– «Таза коом» эң ириде жарандардын жашоо деңгээлинин жогорулашы, жеке менчик сектордун өнүгүшү үчүн ишке ашканы жатат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик башкаруу системинде реформаларды жүргүзүшүбүз керек.
Эсептөөлөргө таянсак, мамлекеттик сатып алууларды оптималдаштыруу жана аны электрондук үлгүгө которуу менен эле 10 миллиарддай сом үнөмдөп калууга болот. Бул болгону бир эле компонент. Жалпы долбоорду ишке ашыруу менен канча каражатты үнөмдөөрүбүздү элестетип жатасызбы? Ал каражатка оорукана, бала бакча, мектеп, электр чубалгыларын курууга болот.
Биз эффективдүү башкарууну жана автоматташтыруу менен баарына бирдей шарттарды түзүүнү каалап жатабыз. Бардыгы даражасына карабай бирдиктүү эрежелерге баш ийиши керек. Биздин максат – мына ошол системде жашыруун жолдорду калтырбоо.
"Акылдуу шаарларга" мамлекет ээлик кылышы кажет, бирок сөзсүз башкарышы керек эмес. Муну адистешкен компаниялар жасашы керек.

– Эгер долбоор башка мамлекеттердин эсебинен ишке ашса жеке маалыматтар корголот деген кепилдик барбы? Долбоор кытайлык "China Teleсom`дун" базасында ишке ашырылышы мүмкүнбү?
– "China Telecom`дун" бул долбоорго эч кандай тиешеси жок. Алар 3 жыл мурун техникалык-экономикалык негизин жасап беришкен. Иштерин жасап бүтүп кетишти. Алар бизге "Таза коомду" ишке ашыруу менен канча каражат үнөмдөй аларыбызды эсептеп беришкен.
Биз чет элдик өнөктөштөргө бардык маалыматтарга жол ачып беребиз деген жокпуз. Мындай болбойт, анткени долбоор максималдуу түрдө коопсуз жана корголгон болушу кажет.

– Президент эл аралык каржы институттарын жана өлкөлөрдү бул долбоорду каржылоого активдүү чакырып жатат. Кызыкчылыктар балансын кантип сактайбыз? "Таза коомго" кандай шарттарда каражат беришет? Эгер каражаттын бир бөлүгү насыя болсо, доллар тездик менен кымбаттап кетсе кантебиз?
– Биз "Таза коомду" ишке ашыруу үчүн көп кредит алалы деп жаткан жокпуз. Каржылоонун бир канча булагы бар. Биринчиден, долбоорду ишке ашыруу үчүн коротула турган каражаттын айрым бөлүктөрү бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу менен жабылмакчы. Экинчиден, жеке менчик сектордон инвестициялар тартылмакчы. Үчүнчүдөн, биз өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн гранттык жардамы болот деп жатабыз.
"Таза коомго" кетчү чыгымдын негизги бөлүгү ишкерлик үчүн пайдалуу болгон долбоорлордон жабылып турат.

– Айрым жергиликтүү адистер "долбоор АКШга да кызык болуп жатат, ал аркылуу АКШ үчүнчү революцияны жасайт" деп айтышууда. Мындай маалымат боюнча кандай комментарий бересиз?
– Бул долбоорго биздин өнүгүү боюнча бардык өнөктөштөрүбүз каржы жумшашса болот, бирок өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алган шарттар менен макул болсо гана. Биздин мыйзамга каршы келген, саясий же стандарттан тыш шарттарды кабыл албайбыз. Бул биз үчүн өтө маанилүү.

Булак 24.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан