Ушул жылдын июнь айында Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Акжол Махмудов алтын медаль тагынды. Бул жеңиш менен ал 3-ирет катары менен Азия чөлкөмүндө мыкты аталып отурат. Келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчубуз
"Пекин-2008" Олимпиадасында кыргыз балбандарынын жараткан ийгиликтери күрөшкө болгон кызыгууну ойготконун айтат.
АКЖОЛ ТУУРАЛУУ:
Туулган жылы, айы, күнү – 1999-жыл, 15-апрель
Туулган жери – Ош облусу, Араван району, Чек-Абад айылы
Салмагы – 74кг
Бою – 179 см
Жеке машыктыруучусу – Майрамбек Ахмедов
Жетишкендиктери – Жаштар арасында 3 жолку Азия чемпиону (2015, 2016, 2017-ж.), Кадеттер арасында Дүйнө чемпиону (2016), Жаштар арасында Кыргыздын 3 жолку чемпиону (2015, 2016, 2017-ж.).
– Акжол, жеңиш кут болсун! Быйылкы Азия чемпиондугун кошкондо, катары менен үч жолу Азия биринчилигин утуп алдың...
– Рахмат, бул чемпиондукка чоң даярдык жана утам деген тилек менен баргам. Алгач килем ээси тайбэйлик спортчу, андан соң кытайлык балбандарды жеңип, финалга чыктым. Ал эми чечүүчү беттеште өзбекстандык Жалгасбай Бердимуратов деген балбанга кез келип, аны 2 мүнөттүн ичинде утуп, чемпион аталып калдым. Негизи ар бир кармашка 6 мүнөттөн бөлүнөт. Мен 3 атаандашымды 5 мүнөттө жеңилүүгө дуушар кылдым. Ошентип бул жеңиш менен үчүнчү жолу Азия биринчилигин утуп алдым.
– Азаматсың! Атаандаштарыңды утуу үчүн алардын ыкмаларына карап, ар бирине өзүнчө даярдык көрсөң керек?..
– Ооба, биз жалпысынан негизги атаандаштар ким экенин болжол менен билебиз. Килемге чыгарга бир күн калганда таразага тартылып, чүчүкулак ташталат. Бул жолу тайбэйлик каршылашымды утарыма көзүм жеткен. Ал эми берки тайпадан финалга өзбекстандык балбан чыгары белгилүү болчу. Анткени ал абдан күчтүү атаандаш эле. Былтыркы Азия чемпиондугунда ал жаштар арасында 84 килограмм салмакта күрөшүп, 3-орунду алган. Мен 69 килограмм салмак менен жаш өспүрүмдөр арасында биринчиликке жеткем. Эми быйыл минтип, салмагыбыз теңелип, бир категорияда финалда беттештик. Бул атаандаш менен килемге чыгарда анын күрөшкөн видеолорун көрүп, ыкмаларын бир ирет карап чыгып, канткенде анын алдында калбаш керектигин үйрөнүп, психологиялык жактан да даяр болуп турдум.
– Чемпион болуу сезими менен бөлүшө кетсең.
– Буга чейин мындай ири жеңиштерге ээ болгон үчүнбү, билбейм, айтор, толкундануу сезимдери болгон деле жок. Эң негизгиси, Кыргызстандын туусунун көтөрүлгөнү жана жеңгенимди уккан атамдын жүзүндөгү кубанычты элестетип өзүмчө сыймыктандым. Менин жеңишим – мекеним менен атамдын жеңиши деп билем.
– Атаңды айтып, жеңишиңди арнаганыңа караганда сенин азыркы ийгиликтериңе ошол кишинин салымы чоң окшойт?
– Атам өзү спорттун фанаты. Мен 1-класс кезимде "баламды Олимпиада чемпиону кылам" деген ойдо мени күрөшкө алып барган экен. Кийин Олимпиадада балбан агаларыбыз Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев грек-рим күрөшү боюнча байгелүү орундарды алып келишкенде, алардын жеңишин мамлекет, эл жогорку деңгээлде тосуп алганын көрүп, атам мени да "ушулардай болуп дүйнөгө таанылсын" деп тилек кылып, күрөштүн грек-рим түрүнө бергенин айтат. Атам мени эле эмес, агаларымдын да күрөш менен машыгуусуна шарт түзгөн. Мисалы, улуу агам кадеттер арасында Азия чемпиондугунда эки, Дүйнө чемпиондугунда бир, ал эми Кыргызстандын чемпиондугунда бир нече жолу байгелүү орундарга ээ болгон. Азыр атам мени ар бир мелдешке чыкканымда колдоп, Кудайдан жеңиш тилеп, батасын берип турат.
– Ийгиликти багындыруу үчүн сөзсүз эле жөндөм болушу керекпи же?..
– Менин кичинемден эле күрөшкө шыгым бар. Бирок адам бир нерсеге жөндөмү бар экенин билип туруп эмгек кылбай койсо, жеңиш жаралбаса керек. Менимче, талыкпай эмгектенсең, өзүңө ишенсең, Кудай алдында түз жүрсөң, бир эле спортто эмес, жашоодо да ийгиликтер көп болот. Ошондой эле ар бир ишти жасоо үчүн колдоо менен тарбия да маанилүү деп ойлойм. Менин ийгиликтеримдин бир бөлүгү мага ишенип, каражатын, кеп-кеңешин аябай колдоп, жетелеп жүрүп эмгекчилдикке үйрөтүп келген ар бир машыктыруучума тиешелүү. Аларга абдан ыраазымын.
– Жакынкы аралыктагы пландарың, максаттарың тууралуу айтып берсең.
– Ушул жылдын башында алдыма 3 жеңиштин ээси болууну максат кылып, Кыргызстан, Азия жана Дүйнө чемпиондуктарына катышып, биринчиликти алууну көздөгөм. Алардын экөөсүнө жеттим, эми августта боло турган жаштар арасындагы Дүйнө биринчилигине катышып, анда ийгиликке жетишсем, бул жылга болгон пландарым ишке ашкан болот. Ал эми чоңдор арасындагы мелдештерге эмки жылдан тарта катыша баштайм.
– Маегиңе рахмат. Ийгилик каалайм.
Алтынай Тынышова
sport@super.kg