№765-САНДА ОЙНОТУЛГАН УТУШ-СЫНАКТЫН ЧҮЙ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Зоя Алымбекова: "ГЕЗИТТЕРДИ САКТАП АРХИВ КЫЛЫП АЛГАМ"

– Куттуктайбыз, сиз жеңүүчү аталдыңыз! Өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз.
– Чоң рахмат! Мен 52 жаштамын. Пенсияга чыккам, азыр үйдө неберелеримди багам. Биз Жайыл районундагы Новониколаевка айылынан болобуз. "Супер-Инфону" көп жылдан бери окуп гана тим болбой, чогултуп келем. Силердин гезиттерди сактап архив кылып жыйнап алгам. Жоопторду ошолордон издеп таап, жөнөттүм. Утканыма абдан сүйүнүп жатам. Сиздерге дагы ыраазычылык билдирем.

Асель Каримова: "СУПЕР-ИНФОНУН" КҮЙӨРМАНЫБЫЗ"

– Асель, утушуңуз кут болсун! Башынан эле жеңериңизге ишендиңиз беле?
– Рахмат! Албетте, ишенгем. Силердин гезитти көптөн бери окуйм. Жолдошум силердин күйөрманыңар десем болот. Анын жардамы менен берилген суроолордун жообун таптым. Гезиттин эски сандарын ыргытпай чогултам, аларды да барактап көрдүм. Мен 25 жаштамын, учурда балдарымды тарбиялап үйдөмүн. Гезиттеги тамак-аштардын рецепттери түрлөп тамак жасаганга мүмкүнчүлүк түзөт.

№763 сандагы Талас облусу боюнча ойнотулган утуш-сынактын жеңүүчүлөрү Айзада Сурабалдиева жана Улукбек Нурбек уулунун тууганы белектерин алып кетишти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aizada.kg
2017-07-18 11:00:04
Кандай оюн.кантип оюнга катышса болот маалымат берип койсонуздар
0
Nuke_A
2017-07-18 13:08:15
Aizada.kg,Гезит сатып алып, андагы суроолорго жооп таап, купонду кат аркылуу жонотуу керек
0
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан