«ФОРСАЖ-8» ЭЗЕЛКИ ДУШМАНДАРДЫН ЭЛДЕШYYСY

Чеги жок ылдамдык, каршылаштар менен салгылашуу, сүйүү жана достук, мына ушунун баары "Форсаж" тасмасында камтылган. Тасманын башкы каармандарынын бири, актёр Пол Уокер каза болгон соң көпчүлүк "бул блокбастердин доору бүттү" деп ойлошкон. Бирок тасманын жаратуучулары сценаристтин жардамы аркылуу абалдан чыгып ал ойлордун таш-талканын чыгарышты. Тагыраак айтканда, тасманын 8-бөлүгү Пол Уокерсиз эле сатыкта мурдагы ийгилигин кайталай алды.

Жанры – Криминал, боевик
Режиссёру – Феликс Гэри Грей
Продюсерлери – Нил Мориц, Вин Дизель
Сценарийдин автору – Крис Морган
Башкы ролдордо – Вин Дизель, Дуэйн Жонсон, Жейсон Стейтем, Мишель Родригес, Тайриз Гибсон, Крис Бриджес, Скотт Иствуд, Натали Эммануэль, Курт Рассел, Шарлиз Терон
Оператору – Стивен Уиндон
Узактыгы – 136 мүнөт
Бюджети – 250 миллион доллар
Чогултулган каражат – 1 миллиард 200 миллион доллардан ашуун
Тарткан мамлекет – АКШ
Чыккан жылы – 2017-жыл

БАЛ АЙЫН БҮЛҮНДҮРГӨН БЕЙТААНЫШ АЙЫМ

Тасманын кыскача сюжети төмөнкүдөй. Доминик Торетто (Вин Дизель) менен Летти Ортис (Мишель Родригес) Кубанын борбору Гаванада бал айын өткөрүп жүрүшкөн болот. Бир күнү Доминик көчөдө келе жатса, алдынан бузулган унаасын оңдомуш болуп турган (чынында унаа бузулган эмес) Сайфер (Шарлиз Терон) аттуу бейтааныш айым чыгып, Доминиктин өзүнө иштөөсүн талап кылат. Себеби Сайфер Доминиктин мурунку көңүлдөшү Елена жана кичинекей уулун барымтага кармап алган. Доминик мурда төрөлгөнүн билбеген уулунун жана көңүлдөшүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн айласыздан анын айтканын аткарууга мажбур болот.
Ошол убакта АКШ бийлиги агент Люк Хоббска (Дуэйн Жонсон) Берлиндеги аскердик базадан массалык кыйратуучу электромагниттик шайманды алып келүү милдетин тапшырат. Агент Хоббс Доминикти жана анын командасын жардамга чакырат. Бирок шайманды алып чыгып, качып бараткан учурда Доминик Сайфердин буйругун аткарып, агент Хоббстун унаасын коңторо сүзүп, шайманды алып Сайфердин атайын учагына түшүп качып кетет. Бийликтин талабын аткарбагандыгы үчүн агент Хоббс күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө отургузулат. Абактагы "кошунасы" элдешкис душманы Деккард Шоу (Жейсон Стейтем) эле. Аларды АКШнын сырдуу агенти (Курт Рассел) жана анын жардамчысы (Скотт Иствуд) түрмөдөн алып чыгып, Доминикти таап, ал аркылуу Сайферди колго түшүрүүнү сунушташат. Деккард бир тууганы Оуэн Шоуго бир кезде Сайфер чыккынчылык кылгандыгы үчүн андан өч алууга даяр экендигин айтат. Доминиктин достору жардамга келишет. Баары чогулуп Доминиктин кайда жүргөнүн "Кудайдын көзү" (бардык компьютердик торду буза алчу күчкө ээ программа) аркылуу издеп, аны кармоо тууралуу кеңешип жаткан учурда Доминик менен Сайфер алар отурган имаратка чабуул жасап "Кудайдын көзүн" алып кетишет.

БАШКЫ ДУШМАН КАЧЫП КУТУЛАТ

Андан соң Сайфер Доминикти Нью-Йорк шаарындагы жыйындан чыгып келаткан Орусиянын коргоо министринен ядролук маалыматтар сакталган чемоданды алып келүүгө жумшайт. Орто жолдон Доминик Сайфердин дайыма акмалап турчу камераларынан бир саамга жашынып, Деккард Шоунун апасы Магдалинадан уулун жана көңүлдөшүн куткаруу үчүн жардам сураганга үлгүрөт. Жыйынтыгында Доминик чемоданды алууга келгенде ага анын достору каршылык көрсөтүшөт. А түгүл Доминиктин колунан чемоданды сүйүктүүсү Летти жулуп качып баратканда Сайфердин жардамчысы Роудс аны атып салмакчы болуп, Доминик тоскоолдук жаратып, сүйүктүүсүнүн өмүрүн сактап калат. Чемоданды алып келгенине карабай Сайфер иш үзгүлтүккө учурап кала жаздаганы үчүн Роудска Доминиктин жана уулунун көзүнчө Еленаны атып өлтүрүүгө буйрук кылат. Эгерде дагы моюн толгосо уулунан да айрыларын Доминикке айтып, андан соң аны Орусияга массалык кыйратуучу электромагниттик шайманды суу алдындагы атомдук кеме аркылуу колдонуу үчүн жиберет. Орусияга Доминиктин жолун тосуу үчүн достору жана агент Хоббс да барган эле. Ошол маалда Деккард өзүнүн бир тууганы менен Сайфердин учагына кол салып, Доминиктин уулун куткарат жана бул тууралуу Доминикке кабарлайт. Аны уккан Доминик досторуна кошулуп, Сайфердин дүйнөнү бүлүндүрүү арам оюнун таш-талканын чыгарышат. Сайфер учактан парашют менен секирип качып кетет.
Соңунда Доминиктин үйүндө достор чогулуп майрамдашат. Ал жерге Деккарт Доминиктин уулун аман-соо алып келет жана ага бул тапшырманы апасы бергенин айтат. Доминик ага ыраазычылыгын билдирип экөө элдешет. Доминик уулуна Брайан О’Коннердин (Пол Уокер) ысымын ыйгарат. Көп узабай сырдуу агент жардамчысы менен келип Сайфер дагы эле боштондукта экенин, Афинада жашырынып жүргөнүн айтат. Муну менен сценарист көрүүчүлөргө тасманын уландысы тартылары тууралуу "жыландын башын кылтыйтып" кеткен.

ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • "Форсаж-8" тасмасы Дубай, Рио-де-Жанейро, Кливленд, Атланта, Нью-Йорк, Гавана шаарларында жана Исландиянын Миватн көлүндө тартылган. Тартуучу топ бир нече жылдан бери адам буту баспаган көлдүн үстүндөгү тоңгон музду 80 килограмм жардыруучу зат менен жардырып, атайын эффекттин жардамы менен кооз кадрларды чыгарышкан.
  • Тартуу иштери жүрүп жатканда Вин Дизель менен Дуэйн Жонсон уруша кетишкен. Анын себеби Дизель Жонсон катышкан бир катар эпизоддору өзгөртүп салгандыгынан келип чыккан.
  • Тасмага 700 унаа колдонулган. Анын ичинен болгону 100 унаа "тирүү калган".
  • Трюктарды жана урушуу өнөрлөрүн тартууга 100 каскадёр жардамга келген.
  • Блокбастердин дагы 2 бөлүгү тартылат. "Форсаж-9" тасмасы 2019-жылдын 18-апрелинде чыгары айтылууда.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Arsenal2
2017-07-18 12:22:31
Жанрына фантастиканы да кошуп коюшса болмок
0
nurkanat
2017-07-19 09:52:24
Админ бул кинону жаны жылдын кн баарыле кп бутуго деймда:)
0
MIRBOLOT
2017-07-19 17:09:35
Жакшы фильм экен. Бирок Еленаны атып салган жери, Сайфердин аман калганы жаман экен. Мындан сырткары ушул киного Скотт Эдкинс жетишпей жатат
0
NeimarJunior
2017-07-20 09:34:06
Пол Уокердин жоктугу даана эле билинип турат.Менин эң баалаган актёрлорумдун бир эле бул дуйнодон эрте кеткенине окуном жаткан жери жайлуу болсун
0
barsa30
2017-07-20 12:01:19
Дизель Дуэйнди көралбай койгонго.
0
Muslim_KGstana.
2017-07-20 20:04:19
500 млн.толоп беребиз деп Америкалыктарды чакырып анан кино тарттырыш керек экен сонун бир идея менен анан КР 5-6 кино менен карызын жаап салса болчудай экен))
+1
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан