Роза Даутова, ырчы Микаэлдин апасы: «МИКАЭЛДИН АРТЫНДА ЖОК ДЕГЕНДЕ ТУЯК КАЛСА ЭМНЕ ДЕП СЫЗДАЙМ»

Ырчы, алпаруучу Микаэлдин дүйнө салганына 7 жылдын жүзү болду. Эгерде ырчынын көзү тирүү болгондо 16-июлда 32 жашка чыкмак. Эске салсак, 2010-жылдын 31-март күнү болжол менен кечки саат 7лерде ырчыны өз үйүнөн бычактап кетишкен. Ооба, 7 жыл айтууга оңой, бирок ата-энеси, бир туугандары үчүн ар бир күн ый, ыза, жоктоо, өксүү менен өтүп келет. Апасы Роза эже уулун төмөндөгүчө эскерет.

"УУЛУМДУ КҮНҮГӨ КҮТӨМ"

– Уулумдан айрылганыма 7 жыл болуптур, бирок дагы деле ишене албай, күнүгө күтөм. Бир күнү эшиктен жаркылдап кирип келчүдөй сезилет. Анын туулган күнү, көз жумган күнү мен үчүн кайгыга айланды. Кичине кезинен берки окуяларын, кылык-жоруктарын эстеп ичим эзиле берет. Өзү өң-келбетине ыраазы болуп, атасы экөөбүзгө рахматын көп айтчу. "Апа, сиздин ак жуумалдыгыңызды, анан көзүңүздү алдым. Калганы атамдыкы" деп калчу тамашалап.
Атасы жумушуна байланыштуу Жалал-Абаддан Кантка которулуп келди. Бизди "балдарды борборго жакын жерден окуталы" деп кошо көчүрүп келген. Анда Микам 3-класста окучу. Өтө шок эле. Бала кезинен тартынуу дегенди билчү эмес. Автобуска түшүп алып мектепке барышчу. Бара жатып да, келе жатып да автобустан ырдачу экен. Үйгө келгенде эле байкеси "ал жер сага сахна эмес, эмне ырдайсың?" деп урушуп калганын угуп күлүп калчумун. Чоңойгондо өзүнүн туулган күнүндө такай гүл, торт көтөрүп, чөнтөгүнө акчасын салып келип мени куттуктачу. "Апа, мени ушул жарыкка сулуу кылып жаратып койгонуңузга рахмат" деп колуна көтөрүп айлантып, анан түшүрчү. Байкуш балам сулуулукту жакшы көрчү.

"ЖАЛГЫЗ ЖАШАТЫП КОЙГОНУМА ӨКҮНӨМ"

– Өлөр жылы Туризм академиясында акыркы курста окуп жаткан. Беш тилде эркин сүйлөчү. Бардыгына өз күчү менен жетти, эч ким аркасынан жөлөп же "баланча ишиңди бүтүрүп ал" деп акча берген жок. Аракетчил, алдыга умтулган, жаркылдаган балам бар эле. Жумушу түндө башталгандыктан, бизге тоскоол болбоюн деп өзүнчө батирге чыгып алган. Атасы экөөбүз Миканын үйүндө болчубуз. Кырсыктан бир күн мурун бизди Бишкектин четиндеги жаңы конуштагы өзүбүздүн үйгө жеткирип барды. Жолдон "балам, үйлөн, биз небере жыттайлы" дедик. "Апа, макул, бир аз чыдап тур, окуумду аяктайын. Мен деле балалуу болгум келип жатат" деген эле. Азыр ошол сөзүн эстегенде көз жашымды тыя албай кетем. Жок дегенде артында туяк калса эмне?!
Мика бизди үйгө таштап кетип бара жатканда атасы экөөбүз эмнегедир жаш балача ээрчидик. Жүрөгүбүз бир нерсени сезген окшойт. "Анда эмне келдиңер, үйдө эле жата бербейт белеңер?" деп күлдүргөн. Ушундай болуп кетерин билсек атасы экөөбүз аны менен эле чогуу жашабайт белек, арман, ай! Жалгыз жашатпай эле койбойт белек. Же душманы бар экенин сезсекчи. Достору арасында болгон уруш-талаш жөнүндө эч нерсе айтчу эмес. Мени ойлонбосун десе керек. Баламдын өлүмүнөн 3 жыл мурун биринчи алган машинасы уурдалып, шаардын четиндеги бир токойдон табылган. Аны биз уурулук деп жоруп, арыз да жазган эмеспиз. Көрсө, баламды көрө албагандар ошондо эле тор жая баштаган турбайбы. Шордуу жаным, мен аны байкабаптырмын.

"ТҮШҮМӨ КИРСЕ ЭКЕН ДЕП ТИЛЕП ЖАТАМ"

– Азыр деле телевизордон аны менен чогуу жүргөн ырчыларды көрсөм баламды эстеп ыйлап алам. Жакында эле бир ырчы "апакемдин маанайы" деп ырдап залдан сахнага апасын жетелеп кетип бара жатканын көрдүм. Ыйлап жатканымды өзүм сезген эмесмин. Бир убакта неберем "таяне, эмне ыйлап жатасыз?" деп сураса эсиме келдим. Уулум тирүү болгондо мени да ошентип жетелеп чыкмак да, каралдым.
Балам жаңыдан бутуна туруп, элге таанылып келе жатканда каза болду. Чыгармачыл досторуна ыраазымын. Алигиче бизди унутпай концерттерине чакырып турушат. Баарына узун өмүр, чың ден соолук каалайм.
Арадан канча жыл өтпөсүн, эненин өксүүсү канып, арманы бөксөрбөйт экен. Жаткан жерине барып көз жашымды көлдөтүп бир сыйра сүйлөшүп алам. Күнүгө жатарда "Кудайым, жок дегенде балам менен түшүмдө жолуктурчу" деп суранам. Бирок такыр түшүмө да кирбей койду. Ушуга чейин болгону 2 жолу түшүмө кирди, бирок мен аны кучактап отурган кичинекей кезин көрдүм.
Микаэлдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Э.Турусбеков аттуу жаран шектүү катары кармалган. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, кайра иликтөөгө жиберген. Аталган кылмыш иши прокуратура тарабынан "кылмыш курамы жок" деген негизде токтотулуп, шектүү катары кармалган жаран бошотулган. Ошентип ырчыны ким мынчалык бычактап, бырчалаганы ачыкталбай, кылмыш боюнча жаза алган адам болбой, арадан жети жыл өтсө да ырчынын өлүмүнө чекит коюлбай кала берди.

"УКТАП ЖАТЫП ҮНҮҢДҮ УГАМ АПАЛАГАН..."

(Роза Даутованын уулу Микаэлге жазган ыры)

Карпинкадан өткөндө
Жүрөгүм бир зыркырайт,
Эки көздү тыя албай,
Көзүмдөн жашым буркурайт.
Сагындым сенин сөзүңдү,
Балбылдап жанган көзүңдү.
Кайсы бир күнү келет деп
Күтөмүн сенин өзүңдү.
Суйкайган сулуу жан элең,
Суналып жатып калдың да.
Көрө албаган душманың
Канкор болуп калды да.

"ЖАРЫМ ЖЫЛДАЙ ТИРҮҮНҮН ӨЛҮГҮ БОЛУП ДЕНДАРОО ЖҮРӨ БЕРДИМ"

– Бизди жеткирип келген күндүн эртеси бир жерге отура албай, жүрөгүм опкоолжуп үйгө кирип-чыга бердим. Кечки 6 жарымда Микаэлге 2 жолу чалсам албай койду. Үчүнчүсүндө трубканы алып, ал-жай сураштык. Аңгыча жолдошум келди, ага чай берип жатсам сырттан ит үрүп калды. Карасак кошуналар келе жатышыптыр. Жаман нерсеге кайдан жоруюн, "келгиле" деп жерге төшөк сала баштадым. Анан эле "балаңарды үйүндө бычактап кетишиптир, каза болуп калыптыр" дешти. "Жок, калп айтпаңыз, азыр эле сүйлөшкөм" деп кыйкырып кирдим. Андан аркысын билбейм, бир эсиме келип, кайра эсимди жогото бердим. Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм, сыртка чыгарышты, жолдошум столдо онтоп отуруптур. "Мика кана, бардыңбы, көрдүңбү?!" деп кыйкырып, дагы эсимди жоготуптурмун. Ойгонсом ооруканада жатыптырмын. Кудай мындайды эч бир пендесине бербесин. Жарым жылдай тирүүнүн өлүгү катары эч нерсени сезбей, билбей, түшүнбөй дендароо болуп жүрдүм.

Микаэлдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Э.Турусбеков аттуу жаран шектүү катары кармалган. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, кайра иликтөөгө жиберген. Аталган кылмыш иши прокуратура тарабынан "кылмыш курамы жок" деген негизде токтотулуп, шектүү катары кармалган жаран бошотулган. Ошентип ырчыны ким мынчалык бычактап, бырчалаганы ачыкталбай, кылмыш боюнча жаза алган адам болбой, арадан жети жыл өтсө да ырчынын өлүмүнө чекит коюлбай кала берди.

Микаэлдин рэпер Тимати менен чогуу иштешүү пландары бар эле.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
aman0296
2017-07-18 11:38:20
Жаткан жери жайлуу болсун. Анв унутуп жаны жашоо баштаныз.
-15
engel
2017-07-18 11:52:31
aman0296, soosunbu sen ozu balasyn kantip unutat Kudai mymdaidy ech kimdin bashyna salbasynchy
+10
Pchelka85
2017-07-18 11:53:19
Микаэльди биринчи жолу Арабаеванын жанында интернет кафеден 2004 жылы го коргон. Анда кара костюм шым аа тонкий полоскалуу кийинип колуна чон торт бурчтук портфель которуп жургон. Жанымда келип "девушка вы умеете разговаривать на английском" деди "нет" десем "а на турецком" деди. Интернетте отрургам алаксытып жатканга жиним келип "Тоже нет" дедим. "Жаль, а я умею" деп кошотогуп кетип калган. Кийин теледен чыга баштады.
-8
Pchelka85
2017-07-18 11:56:10
Микаэль негизи аябай Самовлюбленный, Высокомерный бала болчу. Да сулуусу сулуу болчу.
-13
Alibay
2017-07-18 12:44:52
Микаэль бул дуйнодон отту дегенде аябай жаман болгомун...Жаркылдаган жан эле,эмнеге жер ушундай сулуу баланы алып кирип кетти деп,аттин...Мен негедир жетим бала деп ойлочумун.Корсо ата-энеси бар экен да. Шектууну атактуу кишилиердин небереси деп уккандан баштап ,ошол кишилиердин бала-чакасына наалат айтып жашап келем.Бейиштин торунон орун берсе экен деп куран окуп келем..
+12
Nazikbaigazy
2017-07-18 12:48:38
Кандай кылмышкер табылбайт,анан озун озу олтурду беле, кылмышкердин акчасын алып койо бердик десенер,ким олтурсо да жазаланбадым деп кубанба,тиги дуйнодо мындан каттуу жаза кутуп турат.
+19
-Sumitra-
2017-07-18 13:08:48
Бизде мыйзам иштебейт.Канча жолу бычак сайып,мыкаачылык мн олтургон адам эркиндикте журот.Кудай жазасын берсин.Аттин жаш кеткен экен.Жайы жаннаттан болсун!
+9
Nestana95
2017-07-18 13:17:49
Аллахым ушундай канкор адамдардын жазасын берсин......жашоосу тозокко айланаар..эмнеге жакшы адамдар эрте кетет.......эмнеге эн мыкты делген адамдарды кыйнаган мыкаачылар кармалбайт((((
+4
CEO
2017-07-18 13:27:31
Кантип эле кылмышкер таылбайт, милиция кылмышкерлерди ошондо эле аныктаса керек, болгону кылмышка шектуулор тергоочулорду акча менен бастырып коюшкан... Азыр ошол ишти караган прокурор-теоргоочулордун озуно кылмыш ишин козгош керек, ошондо чындык ортого чыгат...
+10
Nuraz
2017-07-18 13:41:03
Сабырдуу болунуздар. Окуп атып ыйладым. Кантип эле тапай калды тооба. Айланайын соттор акыйаттуу чечим чыгаргылачы! Почка почка акчаны оозунарга батышынча тыкпай. Аллахым жазасын берсин.
+11
B.GULNARA
2017-07-18 15:11:24
Nuraz,почка почка день))))
0
aijamalkamiljan
2017-07-18 16:16:05
B.GULNARA, день де? :) оюнда анын катасын таап койдунда))))
+9
B.GULNARA
2017-07-18 16:33:18
aijamalkamiljan,де деп жазсан день болуп калат экен.
-3
Revolyutsiya2
2017-07-18 20:27:58
Nuraz, пачка деп жазылат, почка орусчадан которгондо бойрок...
-3
Nuraz
2017-07-19 01:24:05
Revolyutsiya2,Ой кечиресиздер. Метродо баратып жазгам. Жакшы маани бербей калыпмын. Рахмат.
+2
Izdeim_seni.
2017-07-18 18:38:20
yiat. byl jerde Mikaeldin apasu koz jashun togyp atsa ,siler birinerdin katanardy izdep ,gramotnyu bolypatasunar.
+5
Ma9
2017-07-18 18:48:39
Жаткан жери жайлуу болсун апасына сабыр берсин
+1
Bishkek
2017-07-19 00:52:58
Жаткан жери жайлуу болсун, Роза Эжеге кудай куч кубат берсин, мен булардын уй булосун жакшы таныйм, Микаэль кичинесин де Эле айабай тын бала болчу жакшы да окучу, ата энесинен бир сом сурабаган оз кучу менен аракет кылган бала болчу, жумакан деген эжеси прокуратура да иштечуу анын да кучу жетпесе олтургон балага. Ал акмак акча менен барын жап чыгып кетиптир да, ушунча эмне очошту ага, бир тугандарвна ата энесине куч кубат берсин кудай,
+3
liitle_princess95
2017-07-19 07:44:10
Тунку клубдарда иштебей эле коюш керек.
+4
Gulnaz.GS
2017-07-19 13:51:49
суйуктуу ырчым болчу красавчик болчу.ырчылар ушундан улгу алса болмок бираз оздорун карап
+2
kayratbek81
2017-07-21 22:55:48
Энесине сабыр берсин аллахым!Биз кичинебизде инд кинолорун корчубуз тооба азыр ошол кинолор бизде чыныгы турмушта,кунолулорду таппаганына кантип болсун.Аллах бар барибир жазасын алат.
0
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан