МОНГОЛИЯДА ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛҮ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

2016-жылы оор экономикалык кризисти башынан өткөргөн Монголия өткөн жумада жаңы өлкө башчысын тандап алды. Бул ирет алар оппозициядагы демократтардын өкүлү болгон самбо боюнча Дүйнө чемпиону, олигарх Халтмаагийн Баттулгага ишеним артышты.

МОНГОЛ ТАРЫХЫНА ЖАЗЫЛГАН 2-ТУР

Монголияда 7-июлда президенттик шайлоонун 2-туру болуп өттү. Биринчи тур 26-июнга белгиленип, бирок жеңүүчү аныкталган эмес эле. Монголиянын мыйзамына ылайык шайлоонун биринчи турунда эч бир талапкер 50 пайыз добуш жыйнай албаса, анда 2-тур белгиленет. 26-июндагы шайлоодо эң көп добушка ээ болгон Халтмаагийн Баттулга, Миеэгомбын Энхболд жана Сайнхүүгийн Ганбаатар жетиштүү добуш жыйнай албагандыктан президенттикке күрөш улантылган. 2 тур менен өткөн президенттик шайлоо өлкө тарыхында алгачкы жолу болуп отурат. 7-июлдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча калктын 41,2 пайызы бийликтеги Элдик партиядан чыккан, акыркы учурдагы парламент спикери Миеэгомбын Энхболдго добуш берди. Ал эми 50,6 пайыз шайлоочу оппозициядагы Демократиялык партиянын мүчөсү Халтмаагийн Баттулганы колдоп, президенттикке алып келишти. Коомчулукта оппозициядагы саясатчынын президенттик шайлоодо утуп чыкканы кызуу талкуу жаратты. Монголиянын Башкы шайлоо комитетинин маалыматына караганда, 60,9 пайыз эл добуш берүүгө келип, 100 миң шайлоочу бюллетенден эч бир талапкерди колдогон эмес. Монголия биометрикалык шайлоо системин 2012-жылы тандап алган. Калктын шайлоого аз катышуусу өлкөнүн өнүгүүсүнө жарандардын ишениминин аздыгынан кабар берет. Ал эми шайлоого келген эл бийлик адамын эмес оппозиция өкүлүнө ишеним артты.

СПОРТЧУ, ОЛИГАРХ ЭМИ ПРЕЗИДЕНТ

Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийн Баттулга 1963-жылы 3-мартта Улан-Батор шаарында дүйнөгө келген. Саясатчы Улан-Батордогу мектепти аяктаган соң сүрөт өнөр мектебине тапшырган. Жаштайынан сүрөт тартууга шыктуу болгон саясатчы 1982-жылы сүрөтчүлөр ассоциациясында иштей баштайт. Андан кийин Баттулга өзүн спорт багытына арнап, бир нече спорт түрү менен машыгат. 1989-жылы спорттун самбо түрү боюнча дүйнө кубогунда биринчи орунга жетишкен. Андан сырткары ал дзюдо боюнча да машыгып турган. Анын спорт чөйрөсүндөгү жетишкендиктерин мамлекет баалап, "Монголиянын эмгек сиңирген спортчусу" наамын ыйгарат. Бир нече жылдык тажрыйбасы, эмгеги артынан Баттулга 2006-жылдан тарта өлкөнүн Дзюдо федерациясын жетектей баштайт. Ал спортчу катары эле эмес, капчыгы толо олигарх катары да белгилүү. Баттулга 1993-жылдан баштап бизнес чөйрөсүнө аралашкан. 2002-жылы болгон оор кыштын кесепетинен кыйналган карапайым элди көрүп, мындан ары саясий ишмер болуу чечимин кабыл алган. 2004-жылы парламент депутаты (Улуу мамлекеттик хурал), 2008-2012-жылдары транспорт министри болуп иштеген. 2012-жылдан тарта Өнөр жай жана айыл чарба министрлигин жетектеп турган.

АКШны эмес ОРУСИЯНЫ ТАНДАЙБЫ?

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча жеңишке жеткен оппозиционер Халтмаагийн Баттулга 10-июлда калкынын алдында ант берди. Инаугурациясында элге кайрылган жаңы өлкө башчы калкты иш менен камсыз кылуу эң негизги милдетинин бири болорун айтты. Ошондой эле спортко олуттуу көңүл бурулуп, коңшу Орусия жана Кытай менен ар тараптуу кызматташтыкты жандантуу ниети бар экенин жарыялады. Монголиянын башына демократтардын өкүлү келгени менен, ал АКШга караганда Орусия менен иштешүүгө кызыктар. Саясий серепчилер Баттулганы Орусиянын президенти Владимир Путиндин саясатын колдойт деп жоромолдошууда. Буга шайлоо өнөктүгүнүн алдында плакаттарга өзүнүн жана Путиндин сүрөтүн чаптатып, "Путиндей президент" деп жаздырганы мисал. Андан сырткары президенттик кызматка киришкенден кийин чет өлкөлүк расмий коноктордун сап башында Путиндин жардамчысын кабыл алды.

«БИРИНЧИ АЙЫМ» – ОРУС КЫЗЫ

Баттулга учурда экинчи турмушу менен жашайт. Биринчи жубайы "Нүүдэлчин" компаниясын башкарган монгол улутундагы Ц.Энхтуяа болгон. Ал эми учурда орус улутундагы Анжелика Даваин менен жашайт. Алардын эгиз балдары бар. Монгол маалымат булактарынын жазышынча, Даваин Орусия жараны болгон эмес. Ал Монголиянын Хэнтий аймагында туулган орус кызы. Буга чейин президент Баттулганын үй-бүлөсү тууралуу коомчулукка кеңири маалымат тарабаган.

Спортко кызыккандыктан спортчуларга ири колдоолорду көрсөтүп келет.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан