Ий, бетим
– Бир жолу Спорт Ордосунда болгон кайсы бир концертте ырдап жатып өтө эле берилип кетиптирмин. Бир убакта карасам сахнанын кырында турам. Ошондо тең салмактуулукту сактай албай темселей түштүм. Көрүүчүлөр байкап калышпасын деп эптеп артты көздөй секирдим. Бирок эл жыгылып кете жаздаганымды байкап калышыптыр. Кийин тааныштарым “эмне, баягыда сахнада темселеп?..” деп күлүп жүрүштү. Дагы бир жолу сальто аша коём деп туура эмес жасап алган экенмин, “облом” болгом.
– Уулум Султандын жээнтек тоюн берейин деп коноктордун баарын саат 5ке чакырып койгом. Андан да ар бирине “5тен кечикпей келгиле” деп эскертип чыккам. Дал ошол той күнү кычагансып майда-чүйдө жумуштарым менен кармалып калдым. Анан шашылып машинаны абдан катуу айдап келе жатсам, жолдун ортосуна жеткенде тык өчүп калып жатпайбы. Карасам майы түгөнүп калыптыр. Шашылышта майын да карабаптырмын. Мен да кызыкмын, такси кармап кете бербей машинамды сүйрөтүп, бензин куюучу жайга жеттим. Бензинди куйдуруп акчасын берейин десем, капчыгым жок. Көрсө, какаганга муштаган болуп, аны да албай чыгыптырмын. Акыры эмне кыларымды билбей, эртең төлөйм деп атымды колдонгонго туура келди.
Ошентип, өзүм өткөрүп жаткан тойго туура бир жарым саат кечигип келдим. Келсем баш аламан. Коноктор каалаган жерлерине отуруп алышыптыр. Ошентип, тоюмдун ачылышына өзүм катыша албай аябай уят болгом.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg