Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп УЛАРБЕК ШАРШЕЕВ дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Мирбек Касымкулов жетектеп келген.
Өлкөдө жалпысынан 368 жаш бала КАНТ ДИАБЕТИНЕН жабыркайт. Аталган маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен чыгарган.
2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча, кош бойлуу учурунда жана ТӨРӨТТӨН кийин 18 аял көз жумган.
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО карата жүргүзүлгөн үгүт-насаат иштерин чагылдыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясында 258 жалпыга маалымдоо каражаты каттоодон өттү.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 2016-жылы 1 миллион 246 миң сом киреше тапкан. Бул тууралуу өлкө башчынын декларациясында көрсөтүлгөн.
12-июлда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон 133 жаранга МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРДЫ жана ар бирине 10 миң сомдон тапшырды.
ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯ ала турган бюджеттик кызматта иштеген жарандардын саны 8 миңге жетти. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын директору Бактыбек Шамкеев билдирди.
Өлкөдө БРУЦЕЛЛЁЗ оорусуна кабылгандардын саны 2016-жылдын 6 айында 388ге жетсе, быйыл бул көрсөткүч 34 адамга көп. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен таратышты.
Кыргыз мамлекетинин аймагында 2017-жылдын алгачкы 6 айынын жыйынтыгы боюнча ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДАН улам 105 жаран көз жумган.
Өлкөдө эл аралык ТЕРРОРДУК уюмдун мүчөсү болгон 1994-жылы туулган Н.С. аттуу кыргыз жараны колго түшүрүлдү. Ал 2015-жылы чет мамлекетте топтогон тажрыйбасынан кийин Кыргыз өлкөсүнө террордук уюм түзүү максатында келген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Учурда расмий эсеп боюнча республикада 170 000 ден соолугунун МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН жаран бар. Эксперттер бул көрсөткүч 2-3 эсе көп болушу мүмкүн дешет.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия муфтиятка түнкүсүн айтылуучу АЗАНДЫН ҮНҮН ылдыйлатууну сунуштады. Мындай талап менен Бишкектин тургундары комиссияга кайрылышкан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.