Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов Америка Кошмо Штаттарына болгон 10 күндүк сапарынын алкагында бир топ окуу жайларга барып, мекендештерибиз менен жолуккан. Интернетке Жалиловдун таанымал түрк дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен жолуккан сүрөтү да тарады. Эки таасирдүү ислам аалымынын жолугушуусун коомчулук түрдүүчө кабыл алды. Айрымдар ислам дини боюнча эки аалымдын жолугушуусун кадимки эле көрүнүш катары кабыл алса, кээ бирлер "Жалиловдун бул кадамы кыргыз-түрк мамилесине зыянын тийгизет" деп эсептешүүдө. Түрк бийлиги Гүленди 2016-жылдагы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүштүн уюштуруучусу деп күнөөлөп, бул окуядан улам миңдеген мамлекеттик кызматкерлер камакка алынган. Гүлен аскерий төңкөрүш аракетине тиешеси жоктугун айтат. Төңкөрүш аракетинен кийин Түркия тарап Кыргыз бийлигине өлкөдөгү Гүленге таандык деп саналган лицейлерди жабууну суранган. Бирок президент Алмазбек Атамбаев лицейлерди жабууга негиз жок деп чыккан. Көп өтпөй "Себат" лицейлеринин аталышы "Сапат" деп өзгөртүлүп, лицейлер менен кошо Ататүрк Ала-Тоо университети дагы мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн. Чубак Жалилов Гүленди "террористтик идеяларды жайылтат" деген саясий көз караш деп эсептээрин билдирди. "Ушунчалык деңгээлде өлкөлөр арасында маселеси каралып жаткан ал киши жөнөкөй киши эмес. Андай адамдар менен жолугуу керек. Билбей туруп кантип өкүм чыгарабыз? Аны Америка да террорчу деген жок. Эгер андай болсо Америка Түркияга өткөрүп бермек",- дейт Жалилов. Ошондой эле АКШда демократия баалуулуктары сакталып калганын жана ар бир адамдын укугу, пикири сыйланарын кошумчалады.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg