Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 75 үй-бүлөгө үйлөрдүн пайдубалдары курулууда. "Учурда 40тан ашык үйдүн пайдубалы курулуп бүттү",- деп райондук администрация тарабынан түзүлгөн штабдын өкүлдөрү SUPER.KG порталына маалымдады.
Ушул жылдын апрель айында жер көчкү Курбу-Таш айылы менен Маркс айылындагы 75 үй-бүлөнүн турак жайын басып калган. Жабыркаган үй-бүлөлөргө Кызыл-Октябрь жана Кароол айылдарынан жер тилкелери бөлүнүп берилген.
"Учурда электр линиялары тартылып, арыктарга насостук станциядан канал аркылуу суу берилген. Трансформатор орнотулуп свет берилди. Таза суу траншеялары казылып, 13-июлдан тартып суу түтүктөрү коюла баштады. Райондогу ишкана-мекемелердин тиешелүү кызматкерлери ар бир үйдүн курулушун көзөмөлгө алууда. Элдин маанайы жакшы",- дейт штабдын өкүлдөрү.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg