Орусиянын Москва шаарындагы "РИО" соода борборунда 10-июлда чыккан өрттөн жабыркаган мекендештерибиздин абалы турукташты. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз элчилигинен кабарлашты. Өрттөн жабыркаган 1989-жылы Лейлек районунда туулган Рахатай Абдуллаева жана ушул эле райондо туулган 1989-жылкы Таалайкан Нурбековалардын иске ууланганы аныкталган.
Өрттөн жалпы 18 адам жабыркаган. Ушул сыяктуу өрт кырсыгы 2016-жылдын август айында Москва шаарында типографиянын биринде болгон эле. Андан 16 адам көз жумуп, 14ү кыргыз жарандары болуп чыккан.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg