Өткөн сандагы "Неберемди сүзгөндөрдүн бири камакта, бири эркиндикте жүрөт" деген аталышта чыккан макалада Субару үлгүсүндөгү унаанын ээсин табуу мүмкүн болгон эмес. Макала чыккандан кийин "аталган унаанын ээсинин атасы болом, балам үчүн мен жооп берем" деген Мукамбет Модонов окуяны төмөнкүчө айтып берди.
«БАЛАМ УНААСЫ МЕНЕН ТЕБЕЛЕГЕН ЭМЕС, ОШОЛ ЗАМАТ ТОКТОГОН»
– Мен айдоочу болуп иштейм. Нарындан балдарды шаарга окутайын деп көчүп келгениме 10 жылдай болуп калды. Бул уулум Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясында окуйт. Окуя болгон күнү группалашын үйүнө жеткирип келе жатып, ушул окуяга кабылыптыр. Каза болгон баланы алгач катуу ылдамдыкта келе жаткан мас абалындагы орус улутундагы киши сүзгөндө бала 6 метр ыргып, жолдун берки бетинде келе жаткан менин уулумдун унаасынын алдына кирип кетиптир. Буга жолдогу видеокамерага түшүп калган тасма далил болуп берет. Уулум ошол учурда токтогон, баланы тебелеген эмес. Субарунун алды 25-30 см бийик болгондуктан баланын денеси эч кандай жаракат алган эмес. Уулум мага окуя тууралуу кабарлап телефон чалганынан, ал айткан жерге жетип бардым. Баланы ооруканага алып кетишкен, бирок каза болуп калыптыр.
«АЯЛДЫН КОЛУН СЫНДЫРМАК ТҮГҮЛ, ЖАНЫНА ЖОЛОГОН ЭМЕСМИН»
– Каза болгон баланын ата-энеси жок экенин билип "каралашып коёлу" деп тууган-уруктар менен сүйлөшүп, тыйын алып үйүнө барганбыз. Алар бизди жакшы кабыл алышпай, бизге эле доо коюп "силер өлтүрдүңөр" деп туруп алышты. Алар биз алып барган акчанын суммасын көрүп, албай коюшту да "бизге батир алып бергиле" деп үйүнөн кубалап чыгышты. Мен алып барган акчаны кайра алып, "андай болсо мыйзам чегинде сүйлөшөлү" деп кетип калдым. Бул жөнүндө уулума айтсам, "мен күнөөлүү эместигимди мыйзам чегинде далилдейм, сиз кийлигишпей эле коюңуз" деди. Биздин унаабыздын эч жери сынбаганын ошондо эле текшеришкен. Ал эми медициналык экспертиза "баланын каракуш мээси жерге катуу тийгендиктен ошол замат каза болгон" деген жыйынтык чыгарып, менин уулум күнөөсүз деп табылды. Өткөндө тергөөчү "балаңыз унаасы менен келип, окуянын кандай болгонун көрсөтүп берсин" дегенинен кошо баргам. Ал жерге биз барганча баланы биринчи сүзгөн кылмышка шектүүнү жабырлануучу тарап "таш бараңга алабыз" деп кол көтөрүшүп, милиция кызматкерлери шектүүнү араң алып кетишиптир. Ошол жерде мен да жүргөнүмдөн маркумдун жакындары мени курчап алып, таяк, таш, бут кийим менен чаап, сабап киришти. Аларды токтотконго 4 милиция кызматкерлеринин алы келбей калды. Мен башымдан жана денемден жаракат алып, ооруканага барып текшерилип, тийиштүү дары-дармектерди алдым. Колумда далилдер бар. Анан Биринчи Май РИИБине барып, Качкынбаеванын үстүнөн сабагандыгы тууралуу арыз жазгам. Ал болсо тескерисинче, "колумду сындырды" деп мени айыптап жатат. Мен анын колун сындырмак түгүл, жанына жологон эмесмин. Булардын мындай жоругун эми гана түшүндүм. Биринчи болуп сүзгөн унаанын ээси, шектүү жарандан эч нерсе ала албашын билишип бизден бир нерсе өндүрүп алууга аракет кылып жатышат.
Аталган окуя боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы аталган унаанын күнөөсү жок экени далилденип, кылмыш иши кыскартылганын билдирди.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg