Маркумдун сүйлөшкөн кызы: «ЖИГИТИМЕ КЫЗГАНЫЧТАН УЛАМ ОК АТЫЛГАНЫНА ИШЕНБЕЙМ»

Өткөн аптада Бишкек шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде ок атылып, андан 28 жаштагы жигит каза болду. Достордун арасында чыккан уруш минтип өлүм менен аяктады. Азыркы учурда тартип сакчылары кылмыш эмнеден улам болгонун такташууда.

ЭС АЛУУЧУ ЖАЙДАГЫ ОК АТУУ

Ушул жылдын 8-июль күнү Октябрь РИИБине Бишкек шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде ок атуудан улам шаар тургуну каза болду деген маалымат келип түшкөн. Аталган жерге барган ыкчам тергөө тобу төшүнө тийген октон улам каза болгон жарандын жансыз денесин табышкан. Ал 1989-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Азим Жекшенов экени аныкталган. Окуя болгон жерден алыс эмес арыктын жанынан травматикалык револьвер табылган. Чыр аталган эс алуучу жайда администратор болуп иштеген кыздын айынан чыккандыгы айрым маалымат каражаттарында айтылган.

"БЫЙЫЛ КҮЗҮНДӨ ҮЙЛӨНМӨКПҮЗ"

Маркум Азим Жекшенов менен 3 жылдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн Камила Таштанбекова "сентябрь айында баш кошмокпуз" дейт.
– Азим экөөбүз үч жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Биздин мамилени анын туугандары, жакындары да билишчү. 18-июнь күнү мен Түркия мамлекетине кеткем. Ошондо аэропортко чейин алып келип узаткан эле. Биз сентябрь айында үйлөнөлү деп тилек кылып жатканбыз. Каза болор күнү түнкү саат 12лерде экөөбүз интернеттен сүйлөшкөнбүз. Ошол күнү жанында болгон Ислам, Руслан жана Эля аттуу досторун тааныйм. Жалпыга малымдоо каражаттары "Азим кызды кызганып..." деп жазышканы мени кыйын абалга салууда. Кызганычтын айынан ушул иштин болуп кеткенине ишенбейм. Анткени жигитимди мен жакшы билем, ал андай кадамдарга барбайт болчу. Угушума караганда, кылмышка шектүү досу "мени аткандыктан өзүмдү коргодум" деп жатыптыр. Андай болушу мүмкүн эмес. Себеби шектүү досу аталган эс алуучу жайда иштечү. Экинчиден, "курал ошол жердики" деп айтышты. Демек, ал ошол жактан алып анан Азимди аткан окшойт. Окуя болгондон кийин ошол жерде администратор болуп иштеген Элядан сурашканда "экөөнү тең тааныбайм" деп коюптур. Чынында, ал тааныйт болчу. Анткени Азим КМТУда башкы электрик болуп иштегендиктен Ислам менен Эля эс алуучу жайда жарык өчүп калган учурларда Азимди чакырып оңдотуп жүрүшчү. Кылмышка шектелип жаткан бала менен Эля "буга чейин кыз-жигит болушкан" деген сөздөр айтылып жатат. Окуя болгондо алар менен чогуу болгон Руслан аттуу досу "эшикте болчумун" деп так жооп бербей жатат. Өлгөн адамды эч ким колдобойт тура, ар ким өзүнүн жанын ойлоп. Биздин максат-тилектер ойрон болду, тагдырдын башка салганын көрүп, сабыр тилеп отурам.

"БАШКЫ ЭЛЕКТРИК БОЛГОНУНА БИР ЖЫЛ БОЛГОН"

Бирге иштеген кесиптеши Эрнис Бактыбек уулу маркум акыркы күнү түнкү саат 11лерге чейин жумушта болгонун айтат:
– Биз акыркы үч жылдан бери шаардагы университеттердин биринде электрик болуп иштечүбүз. Башкы электрик болгонуна бир жыл болгон. Ошол күнү да экөөбүз түнкү саат 11ге чейин жумуштарыбызды бүтүрүп анан кеткенбиз. Бирок жумуштан чыгып кайда барарын айткан эмес. Эртеси кайра ишке чыкмакпыз. Мен "ок атты" деген баланы мурда көргөн эмесмин, группалашы деп айтып жатышат. Мага ишемби күнү башкы инженерим телефон чалып, каза болуп калганын айтты. Акыркы күндөрүн эстеп көрсөм, чарчаңкы абалда жүргөн эле.

"ОРТОДОН УРУШ ЧЫГЫПТЫР"

Өзүнүн атын атагысы келбеген маркумдун классташ баласы буларга токтолду:
– Ошол күнү мага түнкү саат 10дордо телефон чалыптыр, мен албай калган экенмин. Мен аны канча жылдан бери жакшы билем, жаман иштерден алыс жүргөн бала болчу. Камила деген кыз менен көптөн бери сүйлөшүп жүрүшчү, "быйыл үйлөнөбүз" деп жатышкан. Ал кыз Түркияга кетип жатканда чогуу узатканбыз. Окуя болгондо жанында болгон балдардан болгону Русланды гана тааныйт экенмин. Анын айтымында ортодо уруш чыкканда биринчи бөлүштүрүптүр. Андан кийин ал "кетебиз" деп машинада отурса ушул иш болуп кеткен экен.
Окуя эмнеден улам чыкканын, Эля аттуу кыздын окуяга кандай тиешеси бар экендигин такташ үчүн аталган эс алуучу жайына барганыбызда өзүн администратор деп тааныштырган айым "бизде мындай окуя болгон эмес, бизде баары жакшы" деп, берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, бизди кетиргиче шашты. Ал эми окуяга күбө болгон Русланга байланышканыбызда "досумду жоготтум, андыктан эч нерсе айтып бере албайм" деп жооп узатты.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган ишке шектүү катары 1990-жылы туулган И.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жаткандыгын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Азим Жекшенов менен Камила Таштанбекованын акыркы түшкөн сүрөтү.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Alibay
2017-07-18 15:12:35
Олгон адам аппак боло берет,куноо эки тарапта ,же маркумда, атып таштаганга чейин жинине тийген болсо...
-3
Mekush87
2017-07-19 23:29:21
Кызык адамдар коп,эмне жинине тийсе эле олтуруп салыш керекпи?Мындай мыкаачыга олум жазасын бериш керек.Эля деген шайтандын айтпай жатканы карасан.
+12
meku89
2017-07-21 15:36:16
Жаткан жери жайлуу болсун! Кудайым ата-энесине сабыр берсин!
+3
Girl1996
2017-07-21 19:01:58
aaamiiin
-1
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан