Учурда отуруп короо ичине жаңыча очоккана түрүн салдырып жаткандар көп. Андай очоккана бир эле кезде бир канча тамак-ашты даярдоого шарт түзүп, коноктор келгенде өзгөчө ишке жарайт.
ОЧОККАНА ҮЧҮН ЧАТЫРЛУУ ЧАРПАЯ КУРСА ЖАКШЫ
Негизи барбекю мангал менен грилдин функцияларын айкалыштырып турат. Ал эми барбекю комплекси өзүнө бириктирилген бир канча бөлүктөрдөн турат. Мисалы, комплекс барбекю меши 1 же 2 казан үчүн меш жана раковинадан (столешницасы менен) куралышы мүмкүн. Же буларга каалоого жараша төмөнкүлөрдүн бири же бир канчасы: ыштоочу (коптильная) меш, идиш-аяк турчу шкаф (столешницасы менен), тамак-аш даярдалуучу бөлүк, чакан муздаткыч туруучу бөлүк, тандыр, ашкана плитасы же электр меши турчу бөлүк кошулушу мүмкүн.
Комплекс даяр имараттын, чатырлуу чарпаянын (беседка) ичинде, сыртта бастырманын (навес) же ачык асман алдында деле курула берет. Бирок үстү жабык жерде болгону жакшы. Анткени жаан-чаачын тийбегендиктен кышы-жайы жана узак жылга колдонууга болот. Өрт чыкпоо үчүн комплексти өрттөнүп кетүүгө жөндөмдүү нерселерге жакын жана жабыштырып курбоо керек. Негизи комплекс үчүн адам үй-бүлөсүнүн жана катыштарынын аз-көбүнө карап өзүнчө чатырлуу чарпая (беседка) курса жакшы. Мындай комплексти каалоого жараша эмеректер (шкаф, стол, скамейка) менен толуктоого болот. Кийин бузуп, кайра куруп же оңдоп жүргөндөн көрө долбоорун биротоло жакшылап ойлонуп түзүү оң. Колу жөндөмдүү жана курулуш жаатында тажрыйбасы барлар өздөрү куруп алса болот. Каалоочулар курулуш компаниясына буйрутма берүү менен жасата алышат.
Учурда катардагы барбекю комплексине суроо-талап көп. Анда аны менен тааныштырайын.
БАРБЕКЮ КОМПЛЕКСИ
Бул комплекс 2 казан жана барбекю мешинен, раковинадан (столешницасы менен) турат. Чоң казан асылчу мештин узундугу – 1 метр 25 сантиметр, барбекю мешинин узундугу – 1 метр 20 сантиметр, кичине казан асылчу мештин узундугу – 90 сантиметр, раковина турчу бөлүктүкү – 1 метр 40 сантиметр. Жалпы узундугу – 4 метр 75 сантиметр. Туурасы – 85 сантиметр. Казан асылчу бөлүккө чейинки бийиктик – 90 сантиметр. Мештин түтүн чыгуучу мору менен жалпы бийиктиги – 3 метр 30 сантиметр.
Куруу процесси 3 этаптан турат.
1-этап. Долбоорун түзүү.
2-этап. Пайдубалын куюу. Пайдубал пол өңдөнүп текши (плита) бийиктиги 15 сантиметрден кем эмес куюлат. Анын курамын цемент, кум жана чопо топурак түзөт. Топурак кошулбаса пайдубал температуранын кескин жогорулап жана төмөндөп турушуна чыдабай, жарака кете баштайт.
3-этап. Кыш коюу.
Комплексти 3-4 адамдан турган куруучу топ 2 аптада бүтүрөт.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ ЖАНА АЛАРГА КЕТЧҮ ЧЫГЫМДАР
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg