ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

ПОЛ УОКЕРДИН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН КЛИП PSY`ДЫН РЕКОРДУНАН АШЫП ТҮШТҮ

Уиз Халифа менен Чарли Путтун "See You Again" деп аталган ырынын клиби YouTube`дан 2,9 миллиард жолу көрүлүп, кароолор боюнча рекорд жаратты. Аталган видеотасма 2013-жылы автокырсыктан каза тапкан актёр Пол Уокердин жаркын элесине арналып, клипке актёр катышкан эпизоддордон үзүндүлөр кошулган. Буга чейин Түштүк Кореялык ырчы PSY`дын "Gangnam Style" аттуу чыгармасы 2,8 миллиард жолу каралып, биринчи орунда болчу. Анын рекордунан 5 жылдан бери эч ким ашып түшкөн эмес. Ал эми Луис Фонси менен Дэдди Янкинин "Despasito" аттуу ыры аз убакыттын ичинде популярдуулукка жетип, кароолордун саны 2,5 миллиард болуп үчүнчү орунга чыкты.

ЛИОНЕЛЬ МЕССИ БАЛ АЙЫН КАРИБ АРАЛДАРЫНДА ӨТКӨРҮҮДӨ

30-июнь күнү Аргентинанын Росарио шаарында Лионель Месси жана Антонелле Рокуццо баш кошушкан. Көп узабай алар эки баласын алып, бал айын өткөрүү үчүн Кариб аралдарына барышканы папараццичилердин колуна тийген сүрөттөрдөн улам коомчулукка маалым болду. Ал эми бал айынын экинчи жумасынан тарта алардын катарына Леонун кесиптеши футболчу Луис Суарес үй-бүлөсү менен кошулганын Месси социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Эске салсак, Лионель жубайы Антонелле менен 5 жашынан бери тааныш болуп, 2009-жылдан бери жарандык никеде жашап келишкен. Түгөйлөрдүн ортосунда Тиаго жана Матео аттуу уулдары бар.

Алтынай Тынышова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Han1
2017-07-18 11:05:31
Бейонсенин дагы торогонун чыгарып койсонор болмок
0
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан