КӨШӨГӨҢ КӨГӨРСҮН, КЕНЖЕ!

Жылдыздар турмушунан

24-апрелде “Кыз-Бурактын” сулуусу Кенже Дүйшеева келин статусуна ээ болду. “Кыз-Бурактын” жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова кыргыз салты менен той берди. Ал эми күйөө тарап чоң тойду Алматыда июнь айында өткөрөт.

ТОЙДУН КОНОКТОРУ
“Кыз-Бурактын” 280-күйөө баласы болуу Талгат аттуу мырзага буюрган экен. Кенже Дүйшеева казак жигитинин колун кармап, турмуш сапарына аттанды. Көктөм жыттуу жаз айынын 24-апрелинде Ош шаарынын белгилүү ресторанында эки жаштын үйлөнүү-үлпөт тою болду. Тойго 400гө жакын коноктор келишти. Алардын ичинен 12си Кенженин ат арытып Алматы калаасынан келген кайындары. Тууган-уруктан сырткары Токон Эшпаев, Апаз Жайнаков, Саламат Садыкова, Шахра Талипова, Ибрагим Жунусов сыяктуу Эл артисттери, “Кыз-Бурак” тобунда иштеп кеткен 32 кыз күйөөлөрү менен келип, андан сырткары көптөгөн шоу-бизнес өкүлдөрү тойго күбө болушту. Гүлшайыр Садыбакасова: “Тойго чакырылган Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева менен жакшы санаалаштардан элек. Атайын чакырсам иштери чыгып калдыбы же тополоңдон коркуштубу, келбей мени капа кылышты”,- деп таарынычын билдирди.

КАЗАК-КЫРГЫЗ КУДА БОЛУШТУ

  • Кенже Дүйшееванын жолдошу Талгат Алматы шаарынын прокуратурасында иштейт.
  • Кайнатасы Карибай мырза Алматы калаасынын экс-прокурору.
  • Кайненеси Айтжамал үй кожойкеси.
  • Казак туугандар бизге караганда калыңды көп беришет бейм, айтор, көп эле калың алдым. Бирок септи да эмеректеринен баштап жууркан-төшөк, алтургай үй тапичкесине чейин бардыгын катырып бердим. Баш-аягы 3000 долларды чапчыды”,- дейт Гүлшайыр эже.
  • Эки жашты табыштырган, Казакстанда 27 жылдан бери прокурор болуп иштеген Асылбек аттуу мырза жубайы экөө өкүл ата, өкүл эне болушту.
  • Жездебиз Талгатка Гүлнара Калдарованын жолдошу Мырзабек күйөө жолдош болсо, Кенженин курбу кызы журналист Айнагүл Сапарбек кызы болду.
  • Учурда чек ара жабык болгондуктан, Кенже жолдошу экөө Ошто учак күтүп убара.
  • Ошентип, Гүлшайыр эже өзү "таптаган" кызын кыргыздын каада-салты менен турмушка узатты. “Башка кыздарымды турмушка узатканда көп ыйлап коюптурмун, эми антпейм деп сөз берген элем, ыйлаган жокмун. Бирок ичимден ыйлап жатканым өзүмө гана билинди. Жаштардын бактылуу болушун тилейм”,- дейт топтун жетекчиси.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
KTB
2010-05-03 14:09:12
Кошогонор когорсун артынарды мал басып алдынарды бала бассын бактылуу уй-булоодон болгула!!!
0
bayash
2010-05-04 09:14:16
гулшайыр эжеге рахмат,кенже эжеге эне оордуна эне болуп узаткан, бактылуу болунуздар,кошогонуздор когорсун.мен да кызбурак тобуна кошулгум келет,унум жакшы болгону менен финансы жактан каселмин гулбурак.
0
ylduska
2010-05-04 12:05:00
Эх ушундай тапталып бир керектуу инсан болууга даяр кызыбызды озубуз алып калсак болбойт беле, бактылуу болушсун. Бирок кыздар, балдар патриот болуп озубуздун тукумубузду улантууну ойлонолу.
0
Debi
2010-05-05 10:21:01
Кайненеси деле кучактап койбойбу, мисирейбей.
+1
italia
2010-05-05 14:35:11
Точна тим еле кабагы чытырайт ко.
+1
green
2010-05-05 15:45:39
Кенже эже бактылуу болгула! Отурган кыз ордун табат, деп бекер айтылган эмес кыргыз элинде.
0
gulia
2010-05-05 19:41:07
мен дагы аябай кубанычтамын Кенже эже бактылуу болунуздар!Бирок казактарга кетип калганы жаман болду да,ушунча журуп кыргыздардан тапса болмок эле,же биздин жигиттердин ага ылайыктуусу жоктугубу.
0
gulia
2010-05-05 19:43:08
аай Кенже эжебиздин шору куруйт окшойт, кайын энеси укмуш аял го мизирейип
+1
Zarazuha
2010-05-06 02:10:53
kenje eje budte schastlivo ,pobolche uspehi v jizne kazah kudalarga salam ot nas iz moskvi
0
zvezda
2010-05-06 10:39:25
Kenje eje baktryluu bolunuzdar! Allah shirin-shirin baldardy bersin!
0
Acia
2010-05-06 21:05:29
Кармашкан колунар узулбосун бактылуу болгула эки жаш!!Кенже эже суйуктуу жар,суйкумдуу эне болунуз!!
0
Aisulu
2010-05-07 06:05:26
Daaaam, Kainenshka, vodno 4to stervochka.... syrotko ushintip tyshkondon kiyin bolduda.... anda myndaida.... prosto jardyrat!!!!
0
jumabek
2010-05-07 14:26:59
Кайненеси шашпа казакстанга барсан шоруну курутам деп турат го
+1
ЛИМОН
2010-05-08 14:10:38
Мен каарып калды качан тиет болду экен куйоого деп журчу элем,ошол оюмду казактардын периштелери угуп калган окшойт деп коем. Ич ооруган менен пайда жок эми,кандайдыр бир пайда жагын деле ойлосо керек да...
0
Aruwka.89
2015-09-24 18:14:30
Кайненеси нааразыдайго
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан