«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Экөөнүн ортосундагы өмүр бою келе жаткан сырдын да, чырдын да башы байлык болчу. Керем канчалык акылдуу болбосун, канча ийгиликти багындырбасын атасына сүйүктүү уул боло албады. Балким, аягандыктанбы же башка да бир себептери барбы, атасы Ахмедди жакшы көрчү. Байлыгы, бийлиги аралашкан бир туугандардын айыгышкан согушуна биздин каарман өзүнөн өзү кабылып калды. Ушул үйдүн босогосун аттап киргени оп тарткан ажыдаардын коргонуна киргенин жаш кыз өзү байкабады. Коркуп турган Жамиля Ахмедге кызык көрүнүп мышыктын баласындай ойногусу келип жатты.
– Жетет! Үйгө кир!- деген өкүм үндү укканда чачтарын кармалап ойноп жаткан Ахмед тык токтоду. Кылчайган Жамиля аркасында турган кара каш, кара көздүү, келишимдүү киши өзүн сүрдүү тиктеп турганын көрдү. Жанындагы адам аны менен сылык саламдашып, ийилип кулагына бир нерсе шыбырагандай болду. Тиги баш ийкеди да, кызды дагы бир тиктеп алып өтүп кетти. Кыздын шүүдүрүмдөй таза жүзү, коркконунан көзүнө толгон жашы, наристеникиндей мөлтүрөп турган эриндери карегинде калды.

ххх

Жамилянын Түркияга кеткенин атасы экинчи аптада укту. Уйку-соонун ортосунда жатып эшик ачылганын сезди.
– Жами, суу берчи?- деди адатынча. Жооп болгон жок. Башын көтөрүп бөлмөдөн бир нерсе алып чыгып бара жаткан экинчи кызы Нуриляны көрдү.
– Суу берчи, кызым?- деди кырылдап. Ал кабагын жыйыра тиктеп алып чыгып кетти. Ошону менен кайрылбады. Эптеп туруп баратып ал Жамиляны канча күндөн бери көрбөгөнүн эстеди. "Ал кайда кеткен?" деди өзүнчө. Ашканага кирип аялы менен кичүү кызы тамак ичип отурушканын көрдү.
– Жамиля кайда?- деди ал.
– ...
– Кызым кайда дедим мен?!
– Кыйкырба, кыйратып салгансып мага!- деди аялы акырая тиктеп.
– Сенин жүзүң соо эмес. Айт, эмне кылдың, ия, кызымды? Кайда жибердиң?- жүрөгү бир нерсени сезгендей тыбырап чыкты.
– Түркияга иштегени кетти,- деди муздай сустайган аялы.
– Кантип? Качан? Эмнеге?..
– Бир жума болду. Өзүң жоголуп баш-аягыңды билбей жүрсөң, сага ким айтмак эле? Дагы жакшы, бир айдан кийин сурайбы дедим эле...
Мурат шалдайып отуруп калды. Эмне кыларын билбеди. Жыландай сустайган бул аялды азыр муунтуп өлтүрүп салсабы же өзүн өлтүрсөбү? Ызасы, кыжыры башына тээп чыкты. Колуна бычак ала калып аялына катыла берди.
– Акмак, менин ишимди бүтүргөнүң аз келгенсип, эми кызымдын жашоосун жайладыңбы?! Акмак, акылсыз, ач көз катын, акчадан өлүп баратсаң да кызымды эмнеге жибердиң?! Кантип колуң барды?!
– Ата, ата, болду, апамды коё бер, токтот!- чырылдап жаткан кызынын үнүн бир укту, аялынын ачуу кыйкырыгын бир укту. Аялына шилтеген бычак анын каруусуна кирип кеткенин сезгенде гана эсине келди. Кыйкырыктан улам кирип келген коңшулары аны ажыратып дегдеңдете чарбак жакка сүйрөп чыгып салышты.
– Келесоо, эбак кеткен кызына эми ичи ачышып жатканыбы?
– Ий, ары жок, ай, бычак көтөрө калганын кантесиң?- деп күңкүлдөп сөгүп баса беришти.
– Кызым, кызым...- деп өпкө кага солкулдап жаткан бул адамдын жаны күйүп, айласыздан өрттөнүп ооналактап жатканын сезишкен жок. Деги кимдин оорусу менен кимдин иши бар? Бул айласыздыкты обочодо турган, денеси солкулдап кошо күйүп жаткан улан гана сезди. Ошол гана көк чөптө оонап жаткан адамдын эң ыйык адамы ошол кыз экенин түшүндү. Жанына барып отурду.
– Мурат байке, сиз кайгырбаңыз анчалык. Мен барам, мен аны кайра алып келем. Көрөсүз го...
– Алибек, сен Алибексиңби?- деди башын көтөргөн Мурат бир топтон кийин.
– Ооба, мен Алимин,- жигит Мураттын кадимкидей таанып турганына сүйүнүп кетти.
– Арзуу жеңе мага деле Жамилянын кайсы шаарга кеткенин айтпай жатат. Бирок мен акыры табам. Аны ээрчитип келем.
– Ошент. Алике, сен изде кызымды. Мен өзүм барайын десем паспортум да жок. Сага жол кирени өзүм таап берем. Тиги уйду сатып болсо да...Сен Жамиляны тап, кайра үйгө алып кел, үйлөнгүлө. Ал сени жакшы көрөт. Арзуу каршы болбойт, аны мага кой. Сен кызымды тап.
– Макул, Мурат байке, сизге убада берем,- деди Алибек. Мураттын жүзүнө биринчи жолу тигилиши. Негизи эч качан анын соо кезин көрбөгөндөнбү, мынчалык сулуу адам болгонун байкабаган экен. Көрсө, Жамиляга эки жактан тең сулуулук берилген тура. Кайрадан жүрөгү зырп этти. Ансыз такыр жашай албачудай сезим муунтуп баштады. Ансыз дем алуу, ансыз бул айылда калуу өлүм менен тете болуп турду. Бирок карыган ата-энесин да таштап кетүү оор. Эмне кылуу керек?

ххх

Жамиляга биринчи күндөр тозокко кабылгандай эле болду. Тил билбегени бир тараптан, Ахмедди кароо экинчи тараптан. Арыктап жүдөп кетти. Ахмедди андан башка врачы, дагы бир аял багат. Бирок эң оор түйшүк ага түшкөн эле. Эртең менен кийиндирип, жуундуруп, тамак бермей эле тозок. Ак көңүлү кармаган учурда ыгына көнүп берет, оорусу кармап калган күндөрү кызды түртүп, уруп да жиберет. Түшкү уйкуда гана чарбакка чыгып бир аз эс алат. Адатынча чарбакка чыкты. Деңиз алаканга салгандай көрүнүп турат бул жерден, бир тиктеп көңүлү ачыла түштү. Үй-бүлөсү эсине түштү. Атасы, апасы менен бир жолу көлгө барганын эстеди. Бир керемет кез эле. Элдин баары атасы менен апасын суктана карашчу. Ал сиңдисин ээрчитип алып көлдүн жээгинде так ушинтип суктанып тура бергенди жакшы көрчү. Көзүнөн эрксизден тамчылар тамды. Маңдайындагы үйдө аны терезеден кызыгуу менен тиктеп турган эркекти байкабады.
"Жарым саат болду тиктеп турганыма. Эч дабыш билдирбей ыйлаган аялзатын биринчи көрүшүм. Аялдар адатта бети-башын бузуп, боёк-соёгу агып укмуш ыйлашат го. Бул кыздын жүзүнөн тек гана тамчылар агып жатат. Хм, тамчылар... Ыйлап жатканы да ушунчалык сулуу. Азыр да эч нерсе эмес, баралына келгенде бермет көздүү периден ажайып сулуу чыгар. Кызык, бул элде ушул жандын сулуулугун, тазалыгын баалап, кастарлап ала турган бир эркек табылбадыбы? Колундагы баалуу таш эмне экенин билбей жүргөн жапайылар го? Кайдан келди бул кыз? Акча маселеси бар экени көрүнүп турат. Тил да билбейт тура. Эч нерсе эмес, булар жөндөмдүү калк келишет, 1 айдын ичинде үйрөнүп кетет". Ушинтип ойлоп жатты. Негедир кызык сезим ээрчип алды аны. Ушул заңгыраган көз жоосун алган үйдө эч бир жылуулук ала албаган адамдардан жан дүйнөсү кирдеп турганда кыз ага булак сымал сезилди. Жанына баргысы келди, сүйлөшкүсү келди. Же жөн гана көздөрүн тиктеп отургусу келди. "Жок, азыр эмес, шашпа, Керем" деп өзүн токтотту...

(Уландысы кийинки санда)

Айлин.Д

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
dinikyz
2017-07-25 09:55:12
Биринчилер жокгоо
0
tular
2017-07-25 10:32:43
Кыргыз калкым ошондуктан кыздарыбызды башка улуттарга кор кылбайлы!!! Ушул чыгарма бизге бир аз болсо да таасирин берсин.
+5
Bayya92
2017-07-25 10:38:06
ХХХ ХХХ биздин кыздарга коз алайтпааа
0
admin_media
2017-07-25 11:34:49
Bayya92,
Коомдук этиканы сактаңыз!
0
aylin_kg
2017-07-25 11:30:08
"Кызык,бул элде ушул жандын сулуулугун,тазалыгын баалап кастарлап алчу бир эркек табылбадыбы?"
+13
love.me.again
2017-07-25 15:24:53
aylin_kg,кызык озунун апасы атасы кастарлап алса болмок жаш кызды кыйын жака туртпой. Бул элди депсин кулкуну келтирип т..ктордон жакшылык кутпош керек
-1
Santana
2017-07-25 22:40:19
love.me.again, сен башкача тушунуп алдын,айлин.кг чыгармадагы фразадан жазды го
+1
dobrajelatel
2017-07-25 23:00:30
Ушул мезгилде кыз деген ким, Кыргызда десе минтип жооп бермекмин: Кыз деген бул - уйдо аял, талаада эркек чарчоону билбеген, акча табуунун булагы, журогу гулдон назик таштан каттуу, бутундой уй-булонун койгойун чечкен оор жугун алсыз мойнуна арткан, балдар учун ата да, эне да боло алган, баласы учун жашап, баласы учун бардык азапка чыдаган тендеши жок кучтуу зат.
Бугунку кундогу намыстуу кыргыз кызы мына ушул замандаш.
+15
Qwerti
2017-07-28 00:17:03
Бул Турк сериялдарына окшош го
0
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан