ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЙТ, АЙДООЧУ!

1979-жылдан тартып 10 жылга созулган Ооган согушунда Советтер Союзу 13 миң жоокеринен айрылган. Ал эми 2001-2017-жылдар аралыгында өлкөбүздө 15 миңдей адам жол кырсыктарынан улам каза болгон. 2017-жылдын 6 айында эле 2583 жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга өскөн. Азайгандын ордуна көбөйүп жаткан жол кырсыктары акыркы кездерде курч көйгөйгө айланды.

КЫРСЫКТАН САБАК АЛБАГАН АЙДООЧУ

Кырсык каш-кабактын ортосунда» деп айтылат, бирок Кудай да сактанганды сактайм дейт экен. Катталган жол кырсыктарынын дээрлик бардыгы жол эрежесин одоно бузуудан келип чыгат.
Ушул жылдын 2-апрелинде 1988-жылы туулган Мирлан Ажыбеков аттуу айдоочу Бишкектин Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде унаасын катуу айдап келатып жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп 2 мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ден соолугуна оор залал келтирилген окуучулар, бактыга жараша, аман калышты. Аталган айдоочу кармалып, анын 2 жыл мурун да бир адамды унаасы менен сүзүп өлтүрүп алганы, анда жазасыз кутулуп кеткени билинген. Ал мурунку кырсыктан сабак албаганы көрүнүп турат. 19-июлда Мирлан Ажыбаевди Ленин райондук соту 8 жылга жатак-абагына кести.
10-майда да Бишкектеги «Кудайберген» базарынын жанында белгисиз айдоочу бир үйдүн жалгыз тиреги болгон 15 жаштагы баласын өлтүрө сүзүп качып кеткен. 58 жаштагы Анатолий Тоноян деген бул айдоочу бир күндөн кийин үйүндө жашынып жаткан жеринен кармалып, кырсык болгон учурда мас абалында унаа башкарганы аныкталган.
2017-жылдын 9-июль күнү Тоң районунун Кулунду айылында Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа менен Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа кагышып, анын кесепетинен 4 адам каза тапса, дагы 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Учурда окуя боюнча экспертиза жүргүзүлүп жатат, кырсыктын күнөөкөрү ким экендиги азырынча аныктала элек.

«ЖОЛ КООПСУЗДУК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ӨЗҮБҮЗ АКЧА СУНАБЫЗ»

Айдоочулардын көпчүлүгү өздөрүнө айтылган сын-пикирге толугу менен макул эместиктерин айтышат. Алар жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жолдордун начардыгы, аң-дөңдөрдүн көптүгү жана унааны токтотуучу жайлардын аздыгы да себеп дешет. Зарылбек Дыйканов 30 жылдан бери айдоочу болуп иштейт. Ал кырсыктардын алдын алуу жолу деп буларды эсептейт:
- Биринчиден, бизде жол эрежесин билбей эле унаа айдагандар көп. Азыркыга салыштырмалуу Союз мезгилинде айдоочуларды жакшы окутушкан. Азыр эмне, акчасы бар ар бир жаран айдоочулук күбөлүккө ээ болуп унаа айдай алат. Жаштар болсо ылдамдыкты сүйүшөт, бирок эрежени билбей эле өсүп келе жатышат. Жеке өзүм эрежелерди туура сактоого аракет кылам, себеби мен эл ташыгандыктан алардын өмүрү менин колумда. Эреже бузсаң жол коопсуздук кызматкерлери деле «келе акча» деп сурабайт. Мамлекетке төлөнүүчү айып пулдан качып, анын чөнтөгүнө өзүбүз акча сала коюп жатабыз да. Жол кырсыктарын азайтуу үчүн алгач айдоочулукка даярдап жаткан окуу жайларга көңүл буруудан баштоо керек деп эсептейм.

«АШЫКЧА ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЙТУУ КЕРЕК»

Бишкектеги Автоакадемия автомектебинин директору Элзаирбек Молдожапаров болсо окуп айдоочулук күбөлүк алган адам жол эрежесин билбей калышы мүмкүн деп эсептейт:
- Мен 15 жылдан бери мугалим болуп жол эрежелерин, белгилерин окутуп иштеп келем. Айдоочулук күбөлүк алууда сынактан өтпөй калгандар болот. Биз, мисалы, окутуп жаткан тайпаны даярдап, биринчи өзүбүз алардан сынак алып, анан кийинки сынакка алып барабыз. Ал жерден кээ бирлери сүрдөп же жооп билбей өтпөй калышат. Андайларга биз 10 күн кайра даярдоо курсун окутуп, анан кайра сынак тапшыртабыз. Ошончо окугандан кийин жол эрежелерин билбей калуу мүмкүн эмес. Окуган адамдар жок эле дегенде 3 деген баага окуп, үйрөнүп кетишет. Ал эми айрымдары абдан жакшы өздөштүрүшөт. Болгону кырсыктын алдын алууга ашыкча ылдамдыкты азайтуу керек. Биз жакында унааны айдаганды таптакыр үйрөнө албагандар үчүн «жөндөмү жок» деген маалым кат жазып берүү сунушун айттык. Себеби башка окутуучу жайларда сынакты бир канча убакыттан бери тапшыра албай жаткандар көп катталууда. Окубаган адамга окуду деген документ берүү бизде жок, башка автомектептерди айта албайм.

«КООПСУЗ ШААР» ДОЛБООРУ ТАМЫРЛАШКАН КОРРУПЦИЯДАН УЛАМ ИШКЕ АШПАЙ ЖАТАТ»

Коомдук активист Эдил Байсалов адамдардын унаа башкаруу, жолдо жүрүү маданияты жогоруламайынча абал жакшырбайт дейт:
- Бизде бири-бирибизге болгон сылык-сыпаалык, маданият деген нерсе жок. Бой көтөрүү, кымбат унаа айдоо менен өзүн кыйын сезип, жол эрежелерин көзгө илбегендер, башкача айтканда, «өпкөлөр» толтура. Айдоочулук күбөлүктү алуу абдан оңой жана акча айланган бизнес болуп калды. Жол кырсыктары аз катталган батыш өлкөлөрүндө айдоочулук күбөлүктү алуу университетти окуп бүткөндөй эле оор. Көбүнчөсү 4-5 жолудан сынак тапшырып, анан айдоочулук укукка ээ болушат. Бизде болсо баары жөнөкөй. Балким, ушул айдоочулук күбөлүктү алуу тартибин катуулатыш керек же жол коопсуздук кызматкерлери элдин жаман оюн оңдоп, жол эрежесине мамилени өзгөртүш керек. «Коопсуз шаар» долбоору да азыркы жана мурдагы өкмөттүн болбогон себептери менен ишке ашпай калган. Анын себептери көп, эң негизгиси, тамырлашкан коррупция ишке ашырбай келүүдө.

МУНУСУНДА ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАБЫ?

17-июлда жол коопсуздугу жана өлкөдө катталган жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюуга арналган Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Жыйында президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыктарынын санынын өскөнүнө байланыштуу бул жаатта кескин чечимдерди кабыл алуу керектигин билдирди. Жыйынтыгында жол коопсуздугун күчөтүү максатында 6 бөлүктөн турган документ кабыл алынды.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жакынкы убакта патрулдук милиция башкы башкармалыгы кайрадан өзгөрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, эми тиешеси жок милдеттер алынып салынып, алар жолдогу коопсуздукту сактоо, жол кырсыктарынын себебин аныктоо боюнча гана иш алып барышмачы.

ИИМдин БЕРГЕН МААЛЫМАТЫ БОЮНЧА:

2017-жылдын акыркы 6 айында болгон кырсыктардын статистикасы:
Жалпы жол кырсыктардын 62,7 пайызы калктуу пункттарда катталган (80 адам каза болуп, 2085 адам жаракат алган);
Эл аралык маанидеги жолдордо – 31,3 пайыз (191 адам каза болуп, 1515 адам жаракат алган);
Мамлекеттик маанидеги жолдордо – 2,5 пайыз (24 адам каза болуп, 94 киши жаракат алган);
Жергиликтүү жолдордо – 3,4 пайыз (12 адам каза болуп, 140 адам жаракат алган).

Адам өмүрүн алган жол кырсыктары (2017-жылдын 6 айына карата):
Жалпы жол кырсыгынан 307 адам каза болуп, 3834 адам жаракат алган.
Унаалардын кагылышуусунан 101 адам каза болуп, 1887 адам жаракат алган.
Унаалардын оодарылып кеткенинен 50 адам каза болуп, 412 адам жаракат алган.
Унаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөндүгүнөн 111 адам каза болуп, 1042 адам жаракат алган.
Унаа тосмо, бак-дарактарды сүзгөндүгүнөн 6 адам каза болуп, 312 адам жаракат алган.
Токтоп турган унааны башка унаа сүзгөндүгүнөн 4 адам каза болуп, 66 адам жаракат алган.

Жол кырсыктарынын негизги себептери:
Айдоочунун ылдамдыкты ашырганы. Анын кесепетинен 126 адам көз жумуп, 659 адам жаракат алган.
Айдоочунун жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кетиши. Анын кесепетинен 41 адам каза болуп, 256 адам жаракат алган.
Айдоочунун мас абалда унаа башкарышы. Анын кесепетинен 23 адам каза болуп, 220 адам жаракат алган.
Айдоочунун жол белгилерине баш ийбегендиги. Анын кесепетинен 17 адам каза болуп, 168 адам жаракат алган.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MIRBOLOT
2017-07-28 17:05:44
Кытайда айдоочулук күбөлүк алуу ушунчалык оор экен. Сынактан куласаң кайра 1 жыл окуйт экенсиң! Баш аягы 3-4 жыл окуп анан күбөлүккө ээ болот экен. Бизде "жол жаман" деп кыйкырабыз, бирок жолду оңдоп койсо, "учуртуп, жарышып" айдайбыз. Бизге жаман эле жол жарашат!
0
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан