Аптапта суусаганда мыкты суусундук – бул компот. Жемиштерден жасалган компот адамдын суусунун гана кандырбастан, анын организмин комплекстүү витаминдер менен да толуктайт. Анда эмесе, күнүмдүк кайнатып ичип туруучу компоттор назарыңыздарда.
КОМПОТ КАЙНАТУУДА ЭСИҢИЗГЕ АЛЫҢЫЗ
ӨРҮК ЖАНА КАРА ӨРҮК КОМПОТУ
Керектелүүчү азыктар:
Өрүк – 200 грамм
Кара өрүк – 300 грамм
Кумшекер – 150-180 грамм
Суу – 1 литр 200 грамм
Корица – бир чымчым
Даярдоо ыкмасы:
1. Жакшы бышкан, курту жок өрүк менен кара өрүктү жууп, данегин чыгарып алабыз.
2. Мискейге суу куюп, ал кайнап баштаганда кумшекер менен корицаны салып, аралаштыруу менен 1 мүнөт кайнатабыз.
3. Өрүк менен кара өрүктү салып, аралаштырып, кайра кайнап чыгуусун күтөбүз. Жай отто 7 мүнөт кайнатабыз да, оттон чыгарабыз.
4. Эми дароо ичкенге шашылбаңыз. Аз дегенде 4-5 саат, көп дегенде 6-7 саат тыныктырсаңыз даамына чыга түшөт.
КУЛПУНАЙ КОМПОТУ
Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 500 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Суу – 1 литр 200 грамм
Жалбыз – 1 жалбырак
Даярдоо ыкмасы
1. Кулпунайды дуршлагга салып, жакшылап жууп алабыз.
2. Мискейге суу куюп, үстүнө кумшекер кошуп, жалбыздын бир жалбырагын жууп салып коёбуз.
3. Отко коюп, кайнап чыкканда кулпунайды салып 1-2 мүнөт кайнатабыз да, оттон чыгарып, тыныктырабыз.
4. Мөмөсүн сүзүп алып салып, компотту айнек идишке куюп, муздаткычка коёбуз.
АЛМА МЕНЕН ЖҮЗҮМ КОМПОТУ
Керектелүүчү азыктар:
Жүзүм – 300 грамм
Алма – 200 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Суу – 1 литр 200 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Алманы жууп, төрткө бөлүп, данегин чыгарып салабыз. Жүзүмдү жууп даярдайбыз.
2. Мискейге сууну куюп, кумшекер салып отко коёбуз. Кайнап баштаганда алма менен жүзүмдү салабыз.
3. Бардыгын чогуу 15 мүнөт кайнатабыз, андан соң оттон чыгарып капкагын жаап тыныктырабыз. Кычкыл даам кааласаңыз, бир тилим лимон кошуп койсоңуз болот. Компот даяр!
МАЛИНА МЕНЕН КАРА БҮЛДҮРКӨН КОМПОТУ
Керектелүүчү азыктар:
Кара бүлдүркөн – 200 грамм
Малина – 300 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Суу – 1 литр 200 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Малинаны көбүрөөк алабыз, анткени кара бүлдүркөндүн кычкылы көбүрөөк. Мөмөлөрдү дуршлагга жууп, жалбырактарынан, бутактарынан тазалайбыз.
2. Сууну мискейге куюп, кайнаганда кумшекер салып аралаштырабыз да, үстүнө малина менен кара бүлдүркөндү салабыз. 1-2 мүнөт кайнатып (эгер мөмөлөр эзилип бышкан болсо, кайнап жаткан сиропко эле салабыз), оттон чыгарабыз.
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg