ЖУМГАЛ МЕНЕН КОЧКОРДУ БАККАН СОҢ-КӨЛ

Бишкек шаарынан 6-7 сааттык жол жүрүп, Соң-Көл жайлоосуна жетип бардык. Ашуудан өтөр замат алдыбыздан мемиреп жаткан Соң-Көл көзгө урунду. Топоз, жылкы, уйлар жайытта оттоп, көл жээгинде ондогон боз үйлөр конокторду күтүп турат. Соң-Көлдүн керемет кооздугун сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

СОҢ-КӨЛ ТУУРАЛУУ

  • 20дан ашуун дарыя куят.
  • Узундугу 29 чакырым, туурасы 17 чакырым.
  • Аянты 278 чарчы чакырым.
  • Эң терең жери 22 метр.
  • Нарын шаарынан 90 чакырым алыстыкта болуп, деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан.

«ТУРИСТТЕР АЗ КЕЛЕТ»

Түркиядагы университеттердин биринде окуган кочкорлук Байдуулат Калыгул уулу жайкы эс алууда Соң-Көлгө келип, гид болуп иштээрин айтты:
– Мен 22 жаштамын.Туризм тармагында 6 жылдан бери иштеп келем. Башында гид болуп иштеп, андан кийин өзүбүз жеке турларды уюштура баштаганбыз. Соң-Көлдү көргөнү эң көп француздар, немистер келишет. Аларды бул көлдүн табигыйлыгы, эч жеринде жасалмалуулуктун жоктугу кызыктырат. Мындай табиятты Швейцариядан тапса болот, бирок ал жакта нукуралуулук жок. Адамдар чыныгы сулуулугуна өзгөртүүлөрдү киргизип салган. Чет өлкөдөн келген туристтер көбүнчө биздин аттарга кызыгып минип көрүшөт. Бирок аттан кулап көп жабыркашат. Соң-Көлдө тойлор өткөрүлүп, кыз куумай, көк бөрү ойнотулуп турат. Туристтерди ушул салттарыбыз таң калтырат. Атайын Соң-Көл жөнүндө чакан китеп жазышып, роликтерди тартып кетишет. Жылына өлкөгө 4-5 миллион турист келсе, бул жакка өтө эле аз санда баш багышат. Көпчүлүгү бул көлдү билишпейт же жолу татаал деп ойлошот. Негизи Соң-Көлдө эс алуу ички да сырткы да туристтер үчүн арзанга турат. Бир күнгө 700 сомдой. Бул чет элдик туристтер үчүн өтө арзан. Туристтерди тосуп алып, сезондо акча табуу үчүн Кочкор, Жумгал райондорунун тургундары боз үй тигишет. Жыл сайын 10дой боз үй кошулуп турат. Туристтерди тейлөө алардын негизги кирешеси. Гид болуп иштеп бир сезондо (3 ай) өзүм 60-70 миң сом таза пайда табам. Келген туристтер "ажаткананын шарты начар" деп арызданышат. Эми "боз үйлөр ыңгайсыз экен" деген сөздөр айтылчу болду. 7-8 жыл мурун туризм багытында окуп, лицензия алып конок тосчубуз. Азыр башаламан, боз үйү бар адам эле туристтерди кабыл алып жатат. Бул жердеги боз үйлөрдүн ээлеринин кээ бирлери 1994-жылдан бери турист тосуп иштеп келет.

«ОРУС ТИЛИН БИЛБЕЙ КЫЙНАЛДЫМ»

Стефано Кортиновис аттуу италиялык турист Соң-Көл өзгөрүүсүз калган табияты менен суктандырарын айтты:
– Менин атым Стефано. IТ кызматкеримин. Интернет коопсуздугу боюнча адис болуп Ооганстанда бир нече жыл иштегем. Улуу Жибек Жолу өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнө аябай кызыгам. 3 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнө келүүнү ниет кылып жаткам. Быйыл Казакстандын Астана шаарында өткөн "EXPO-2017" эл аралык көргөзмөсүнө келип, андан бери досторум менен Соң-Көлдү көргөнү келдик. Бул жерде эс алуу Европага салыштырмалуу абдан арзан экен. Кийинки жылдары велосипед же мотоцикл менен Соң-Көлгө келүүнү пландап жатам. Себеби жолдору, табияты ушуга туура келет экен. Орус тилин билбегендиктен сүйлөшүү аябай кыйынга турду. Калктын көпчүлүгү англис тилин үйрөнсө туристтерге жеңил болмок. Соң-Көлдө шарттын жоктугу адамды жүдөтөт экен. Ушул тараптары жөнгө салынса эс алууга сонун жер.

КЫРГЫЗЧА БАШ КОШУШКАН ТУРИСТТЕР

Быйыл 3-июнда швейцариялык кыз менен Түштүк Африка Республикасынан келген жигит экөө Соң-Көлдүн табиятын жактырып, кыргыздын салты менен ошол жерде баш кошушкан. Биздикиндей көшөгө тартып, калпак кийип, жоолук салынып, жайлоодо үлпөтүн өткөзүшкөн.


СОҢ-КӨЛДӨ...

Канаттуулардан:
Чардак, аңыр, ак куу, өрдөк, улар, кекилик жана башкалар байырлайт.

Жаныбарлардан:

Чөө, карышкыр, илбирс, каман, кашкулак, эчки, теке, аркар, кулжа, элик, суур жана башкалар жашайт.

Балыктардан:
Форель, сига, чабак жана башкалар бар.

Өсүмдүктөрдөн:
Бөрү карагат, ит мурун, эдельвейс, ышкын, зыгыр, эмен, адрашман, чекене жана башкалар өсөт.

«БИР СЕЗОНДО 500 МИҢ СОМДОЙ ТАБАБЫЗ»

Совет доорунан бери Соң-Көлдү байырлап келе жаткан Айчүрөк Жапарова туристтер кантип эс аларын айтып берди:
– Учурда 54 жаштамын. Кочкор районунун Туз айылынын тургунумун. Соң-Көлгө келип иштей баштаганыбызга 34 жылдын жүзү болду. Туризм тармагында болсо 20 жылдан бери иштеп, туристтерди тейлеп келебиз. Туристтер менен иштегенден сырткары өзүбүздүн малыбызды да 4 ай бою ушул жакта багабыз. Учурда 6 боз үйүбүз бар. Жылдан-жылга бирден боз үй кошууга аракет жасап жатабыз. Негизинен чет өлкөдөн келген туристтерди кабыл алам. Боз үй бош болуп калса гана мекендештерди кабыл алып, кымыз менен дарылайм. Бизге бир сезондо 300дөй турист келип эс алат. Келген эс алуучулар ат менен көлдү айланып, дары чөптөрдү теришип, таза абада дем алганга кызыгышат. Бир адамга күнүнө 1200 сом алып, 3 маал тамак, жатакана менен камсыздайбыз. Ат минүү баасы болсо саатына 300 сом, 1 күнгө 700 сом болот. Туристтер ооруп калса, дары кутучабыздагы дарыларды берип айыктырып, тамак-ашты ылгап беребиз. Ар дайым алардын кабак-кашын карап, тыкыр көзөмөлдөп турабыз. Бешбармак, дымдама, оромону сүйүп жешет. Ушинтип иштеп жүрүп, бир сезондо 500 миң сомго чейин таза киреше таап келебиз. Швейцариялык режиссёр кыз 7 жыл мурун Соң-Көлгө келип биз менен таанышып, 4-класстагы Эркинай аттуу кызым менен эже-сиңди болуп калды. Жайлоодо жүрүп туристтерден англис тилин үйрөнгөнү үчүн кызым жөнүндө документалдуу фильм тарткан. Ал былтыр Германияда кинотеатрда коюлуптур. Жакында фильмди көргөн немистер бизге келип эс алып, кызымды көрүп кетишти. Кызымдын англисче билгени туристтер менен сүйлөшүүгө жардам берет.
Туристтерди тейлеп иштегендер атты ижарага берүүдөн да киреше табышат.
Соң-Көлдө туристтерди тейлөөчү жүз чакты боз үй тигилген. Алыстан караганда өзүнчө бир чоң айылды элестетет.

Туристтерди тейлеп иштегендер атты ижарага берүүдөн да киреше табышат.


Соң-Көлдө туристтерди тейлөөчү жүз чакты боз үй тигилген. Алыстан караганда өзүнчө бир чоң айылды элестетет.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан