Адахан Мадумаров: «ЭЛ КАНДАЙ БОЛСО, ЭЛДИН АТЫНАН КЕЛГЕН АЗАМАТ ОШОНДОЙ БОЛОТ»

Маанилүү маек

Маркум Медетбек Садыркулов менен тирешүүлөрдөн соң Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан кеткен Адахан Мадумаров тууралуу “эми кайрадан оппозицияга кошулат” деп жоромол кылгандар болгон. Бирок андай болбоду. Биз 4 чакырылышта депутаттыкты баштан кечирген ушул мырзаны кепке тартып, өлкөдөгү кырдаалдын кемчиликтери жана артыкчылыктары жөнүндө маек курдук.

– Адахан мырза, көп жылдан бери саясатта жүрүп, анын ой-кырын көрүп-билген адам катары бүгүнкү күндө түзүлгөн саясий кырдаал жана мамлекеттин ичиндеги абалга кандай баа бересиз?
– Азыркы Кыргызстандагы кырдаалга биздин эл аралык өнөктөштөр дагы кылдаттык менен көз салып турган мезгил. Саясий абал бир калыпта деп айтсак, анда жаңылышабыз. Биз конституциялык талаадан чыгып алдык. Мыйзамдык талаадан чыгып кеткенден кийин тартипти жөнгө салуу кыйын болуп калат.
– Убактылуу өкмөт 7-апрелден бери бийликти колго алды. Бул аралыкта кабыл алган чечимдерине жана аткарган иштерине сиздин ой-пикириңиз кандай?
– Биринчи кезекте алар декрет кабыл алышты. Аны менен Баш мыйзамды жана Конституциялык Сотту жокко чыгарып, парламенттин иши токтотулду. Бул биздин мыйзамга каршы келет. Мен белгилүү себептерден улам парламентке жылуу сезимдер менен деле карабайм. Жакшыбы-жаманбы, легитимдүү органдардын ичинен парламент калган эле. Өкмөт курамын түзүп, ушунчалык эле бардык бийликти колго алгылары келип жатса, парламенттик жол менен келүү керек болчу. Депутаттар таптакыр артка кетенчиктеп туруп алышмак деп ойлобойм. Алар ар кандай чечимдерди колдоп беришмек. Ошондуктан парламент аркылуу тийиштүү органдардын башчыларын бекитип, бардыгын конституциялык талаанын чегинде ишке ашыруу зарыл болчу. Эл аралык уюмдардын койгон талабы да ушул. Мисалы, Орусия Федерациясы “сүйлөшүүгө жана жардам берүүгө даярбыз, бирок ким менен сүйлөшөбүз?” деп турбадыбы. Конституциялык Сотко деле менин пикирим бир тараптуу эмес. Азыркы түзүлгөн кырдаалга парламент жана Конституциялык Сот түз болбосо да, кыйыр түрдө жоопкер.
– Курманбек Бакиевдин ушундай абалга тушуккандыгына эмне себеп болду деп ойлойсуз?
– Себептер көп жана алар бир күндө жаралып калган эмес. Айрыкча бул акыркы 1-2 жылдын ичинде байкалды. Башында элдин президентке болгон ишеними жана ажонун аракеттери жакшы болгон. Бара-бара туура эмес жолго түшүп кетти. Биринчи себеби – үй-бүлөлүк башкаруу. Мындайда эмне күчөйт? Албетте, паракорчулук. Чет өлкөдөн келген жардамдарды же күч структураларынын кызматтарын өз жакындарына кармата салуу туура эмес болгон. Буга макулдук берип отурган аткаминерлер да Кыргызстандын ушундай абалга кириптер болушуна жооптуу. Кемчиликтерге көз жумбай, түз айткандар кызматтан кол жууп же кысымга алынып жатты. Ушунун баары бийликти кулатууга алып келди. Ынтымак курултайы өтүп жатканда 1000ге жакын делегат президентти актап-жактап, туура пикир айтышкан жок. Ал эми реалдуу сын, ой айткандарга кулак төшөгөн жан болбоду.
– Убактылуу өкмөт референдум жана парламенттик шайлоо күндөрүн белгиледи. Саясатчы катары сиз бул чечимге кандай карайсыз?
– Мен муну мыйзамсыз деп эсептейм. Бийликти алгыбыз келсе, мунун баарын парламент аркылуу өткөрүшүбүз керек эле.
– Эгер референдумда эл колдосо, Баш мыйзамдын жаңы түзүмү боюнча бизде парламенттик республика орнойт. Жогорку Кеңештин бир канча жолку депутаты иретинде биздин мамлекет үчүн парламенттик башкаруу керек деп ойлойсузбу?
– Мен буга түздөн-түз каршымын. Анткени парламенттик республика бул – жамааттык жоопкерсиздик. Азыр Убактылуу өкмөттүн ичиндеги 4-5 адамдын ичинде ынтымак жок. Анан жаңы мыйзам боюнча ЖКдагы 120 адамдын ичинде биримдик болобу? Түрдүү кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Биз күчтүү президенттик жана парламенттик, теңме-тең башкарууга муктажбыз. Азыр көрүп эле жатпайбызбы, эртең менен бирөө дайындалат, кечинде дагы башка, түнү менен үчүнчүсү. Бул деген жеткен жоопкерсиздик.
– Бакиев башкарган мезгилдеги оппозиция бийликке келди. Эгерде жаңы оппозициялык күч куралса, алар кайсы саясий күчтөрдөн топтолушу мүмкүн?
– “Оппозиция” деген сөздүн өзү бизге жарашпай калды. Кызматтан кетип калып же ага жетпей калса эле оппозицияга кошулгандар көп болду. Бүгүнкү күндө бийлик башына келгендерге карапайым калк өзү гана оппозиция боло алат. Ошондуктан эл ичинен мыкты азаматтар чыгыш керек. Шайлоодо адамдар эки күн курсагынын тойгонуна карабастан, өзүнүн келечегин ойлоп, татыктууну тандашы зарыл. Бийликти да күнөөлөй берген болбойт. Айга-күнгө теңеп отуруп бирөөсүн, анан "дүйнөдө болбогон нерсе Кыргызстанда болуп жатат" деп экинчисин кетирдик. Мен төрт жолу шайлоодон өткөн киши катары шайлоочуларыма ийилип рахмат айтсам болот. Анткени мен элчилеп "кой сойгон" эмесмин. Эл кандай болсо, элдин атынан келген азамат ошондой болот. Иштин баары тээ алыстагы айылдан башталат. Ким келип жылкы союп, спортзал куруп же улак тартыш өткөрүп койсо эле, эл дуулдаган боюнча ошол жакка жөнөйт. Анын кесепетинен минтип улам ыңкылап кылууга ошол эле карапайым эл аргасыз болууда.
– Жаштар кээ бир көрүнүштөргө нааразы болушуп, өз ара чогулуп, күч топтоп жатышат. Булардын иш-аракетине кандай көз караштасыз?
– Жаштардын ою таза. Анын арасында “башкарып кетем” деген бешикте жаткан бала да бар болушу мүмкүн. Бирок башкарып кетүү оюнчук эмес. Мамлекетти башкаруу – чоң искусство. Башка мамлекеттер менен мамиле куруу, эл аралык аренада Кыргызстандын жүзүн таанытуу, кадыр-баркын көтөрүү, саясий дең­гээл, дүйнө таануу жана сабаттуулук талаптарына жооп берген азамат президенттикке келиши кажет. Биз кайсы уруудан экенине же чөнтөгүнүн калың-жукалыгына карабай, дал ушундай кыргыздын азаматын тандашыбыз керек. Бийлигине жараша эли, элине жараша бийлиги болот.
– Президент болууга кимди татыктуу деп ойлойсуз?
– Менимче, менден башкасынын баары эле чыгып жатат. Анан “Мадумаров эмне чыкпайт?” дегендер да бар. Кан төгүлүп жатса, каза болгондордун кыркы чыга элек жатып, “мен президент болом” дегендин өзү – абийирсиздик. Мамлекет башчысы боло турган мыкты кыз-жигиттер бар. Президенттин ыйгарым укуктары күчтүү болуп, бирок ошол эле учурда парламент толук кандуу көзөмөлдөөчү органга айланышы кажет. Жогорку Кеңештин эң маанилүү куралы – мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө. Бирок биздикилердин чай үстүндө “муну мындай кылалы” деп чечип жатышканы туура эмес.
– 20 жылдык эгемендик тарыхыбызда эки жолу ажону тактан түшүрдүк. “Эшегине жараша тушагы, элине жараша ажосу” демекчи, мындай көрүнүштүн кайталанышына карапайым калктын да күнөөсү барбы?
– Аким же директор айтып койсо эле ошону шайлай бербей, тандап жатканда жакшылап караш керек. Акыл-эске таянып, калчап-таразалаш зарыл. Добушту сатуу келечекти сатуу менен барабар.
– Убактылуу өкмөттүн кадрдык саясаты жөнүндө эмне айтасыз?
– Мен эч кандай сын айткым келбейт. Бирок азыр “кадрдык саясат барбы?” деген суроо туулуп жатат. Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин “Бакиев Акаев баскан жол менен барып аңга түштү” деп айтты. Эми Убактылуу өкмөт да жазбай ошол жолдо баратат. Ошондуктан шайлоо учурунда өтө кылдат мамиле кылышыбыз керек.
– Убактылуу өкмөт мүчөлөрү­нүн арасында санаалаштар жана досторуңуз жүрөт. Алар тарабынан кызмат сунуштоо болдубу?
– Мени чынжыр менен байласа да барбайм. Күчтүү бийлик күчтүү азаматтарга, алсыз бийлик алсыз азаматтарга муктаж. Мисалы, бизде күчтүү бирөө пайда болсо, ушак-айың башталып, бут тосушат. Көрө албастык пайда болот. “Манастан Чубак кем бекен” деген сөз бекеринен калган эмес. Манаска тең келер 40 чоросу болгон. Орусияны башкарып турган Владимир Путин командасын канча жылдан бери алып жүрөт? Анын ичинен болгону эки-үчөөнү кетирди. Ал эми Убактылуу өкмөттүн кызматына жанынан тойгондор гана барышы мүмкүн. Бир аз акыл-эсин жүгүрткөн азаматтарды байласаң дагы барышпайт. Себеби бул мыйзамсыз аракеттер үчүн эртеби-кечпи, жооп бере турган мезгил келет.
– Учурда өзүңүз эмне менен алек болуп жатасыз?
– Курманбек Бакиевге ачуу сөзүмдү айтып алгандан бери Ак үйдүн босогосун аттай элекмин. 2008-жылы 29-майда Жогорку Кеңештен чыгып кеткен боюнча анын да астанасын аттаган жокмун. Мына бир жыл болоюн деп калды, бул аралыкта бир дагы жумушта иштеген жокмун, кызмат да сурабадым. “Ишкер болуп кетиптир” деген – болбогон кеп.
– Жакынкы айлардын ичиндеги саясий кырдаалга карата сиздин божомолуңуз кандай?
– Бир гана божомол бар. Эл аралык уюмдар тааныган жана ур-тепкиге алган парламентти чакырып, декретти жоюш зарыл. Арызын жазган президент дагы кызматтан кетпегендигин айтып жатат. Анткени анын арызын Жогорку Кеңеш кабыл алган жок. Президенттин кызматтан кеткендиги тууралуу арызын парламент кабыл алса гана ажонун отставкасы күчүнө кирет. Мен төрага болуп турганда “ак жолчуларга” депутаттык орунду аларга окшоп сатып албагандыгымды айткам. Президенттин өлкөдөн ушундай оор кырдаалда чыгып кеткендигин уккан депутаттар деле анын отставкасын кабыл алышмак. Ошондо гана биз эл аралык уюмдардын алдында мыйзамдуу жол менен бийликти алмаштырганыбызды көрсөтө алабыз.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Azamat J
2010-05-05 23:25:59
нацистерине кармалбайлы деп аландап, орустардан "бараны" дегенди угуп (участковый бар эле биздин райондун, ай сайын келип налог алып кетчи бизден. Ошондо ошол айтчы эле элдин кобун коруп: "Че бараны, опять разумножились"-деп. Квартирага аз акча кетсин деп коптон жашаганга туура келчу), кыскасы ата - энесинин жанында жургондон коро ушунтип кор болуп жургон демек кыргыздар учун жакшы экен да, сиздин оюнузча.
0
Kirgizjigit
2010-05-06 20:43:05
Madumarov mirza men sizge e4 iwengim kelbeyt sebebi jakwi soz jan ergitet jaman soz jan keyitet. Ilgeri kirgizdardi aldap jengerder da tattu tili menen aldap jeniwken.Siz Kirgizstanda traybolizmdin ku4owuno salim kowkon eldi bolup jargandardan bolgonunuz u4un e4 ke4ire albaym. Kirgiz azamattai azir oto ele kop birok tilekke karwi kobu 4et olkodo.
0
Kirgizjigit
2010-05-06 20:47:45
Azir bizge 4a4ilgandi jiynagan uzulgondu ulagan Manas ataday biroo kerek. A sizder biylikke kelgeninizderde biz tuwtukpuz biz bawkariwibiz kerek dep aytkan adamdarga jiluu koz menen karagandardan eleniz. A men u4un anday bolup jaruu4ulardi jazalaw kerek ele. Sebebi menin olkom KIRGIZSTAN kim tunduk je tuwtuk dese al menin duwmanim.
0
Azamat J
2010-05-06 21:59:58
Бирок туугандар чынын айтканда азыр бийлик башында жургондор жана журуп келгендер менен салыштырмалуу Адахан агабыз абийирдуурок. Чын айтканда, эгер Мадумаров президентикке талабын койсо мен добуш берет элем. Мадумаровдой катуу киши керек бизге негизи. а жанагы эл учун эмне кылдын дегендерге айтаар элем, оруста жакшы макал бар: "Один в поле - не воин" - деген. Ошонун сынарындай депутат болуп журуп, же спикер болуп журуп жалгыз башы менен кантип элдин жашоо шартына таасирин тийгизе алат эле? През
0
Azamat J
2010-05-06 22:01:10
идент болуп туруп элге жакшылык кылбаган болсо анда башка соз.
0
asus
2010-05-07 02:10:13
Бул жердеги пессимистерге айтат элем, Бироону жамандаганча-озунду макта деп. Адахан Кимсанбаевичти мен колдоп келгенмин, колдоймун! Азыркы Убактылуу окмоттун баарынын ишинен коро, бир Мадумаров кобураак жыйынтык бермек. Эгер президенттике оз талапкерлигин койсо, эл аны тандап алат деп ишенем.
0
ZAKO
2010-05-07 13:38:00
Адахан Кимсанбаевичти мен да колдоп келгенмин,дагы да колдойм!Сиз азаматсыз,сизден башка биздин мамлекетте татыктуу адам жок,вся надежда на вас!эгер президенттике талалапкерин койсо эл аны тандап алышына мен да ишенем.
0
Kyrgyzzz
2010-05-07 17:14:35
Адахан Мадумаров мыкты,оз ишин билген,туура ой-жугурткон,бат чечим чыгара алган,келечекти коро билген,билимдуу,эл учун куйгон киши.Бирок,ал бийликте жургондо Бакиев аны озуно окшотууга аракет кылган,кысым кылган.Ощондон кийин Мадумаров нбир кан4а убакыт кункарамасы нолгон Бакиевдин.Бирок,анын абийири тенсиздикке жол бербейт.Ощондуктан ущундай бийликти урдум дегендей кызматтан кеткен.Мадумаров мынтти,тигинтти дегендер анын ордунда болгондо залим Бакиевдин айткандарын кынк этпей аткарып калса кере
0
Kyrgyzzz
2010-05-07 17:20:41
Убактылуу окмот чынында бийликти мыйзамсыз алды.Парламентти таркатууга укугу жок болчу.Парламет БАкиевге импи4мент жарыялащ керек бол4у.Мадумаров убактылуу окмот бащ мыйзамды жокко 4ыгарды деп атат.Эгер азыр баш мыйзамды жокко чыгарып коющкан болсо,мен кылмыщ жасасам мени кантип,кайсы мыйзамга таянып соттощот.
0
jashookeremet
2010-05-07 18:54:12
силер суйлоп айткан менен нени билет эленер башта озунор 10 чакты адамды башкарып коргуло. силерге бийликте туруп адамдарды башкаруу оной дейсинерби. элибиз онугуш учун ар бир адам ойлонуу керек. силерге сындатып жамандатып эле койсо. качан бироону жамандаган адатынарды таштайсынар. Адахан не деген болсо туура, туштуктон болобу тундуктон болобу. мен аны колдойм. ал бакиев убагында бакиевдин буйруктарын аткарган ал куноо эмес. силерге деле буйрук берсе аткарасынар да. ал оз убагында бийликтен кет
0
jashookeremet
2010-05-07 18:56:25
бийликтен кеткен мен аны колдойм
0
diash
2010-05-07 23:51:33
Men sizdi koldoim adaxan baike. egerde prezidenttike ozunuzdun talabynyzdy koisonuz men sizge dobushumdu berem, chet olkodo bolsom da. Bizge sabattuu prezident kerek. Egerde ozunuzdun sabagynyzdy jashtarga uirotsonuz, jakshy bolot dep oiloim.
Iigilik.
0
Taalaibek
2010-05-08 07:17:00
Адахан Мадумаров деле жаман киши окшойт суйлогонуно караганда. Бир чети Бакиевди колдойт да бир чети жамандайт. Бул озу эки жузду киши окшойт туруно караганда. Мен бул кишини колдобойм, жана бийлике да турушун каалабайм. Талас.
0
padishah
2010-05-10 03:18:45
Адахан Кимсанбаевич татыктуу намыстуу эле кыргыздын жигити, бирок убагында кичине манчыркап кеткен жайы бар анысын шап Курманбек акеси пайдаланып бул Балакайды Туртуп иштен алып салды.Парламентте отурганга жарайт а Аткаруу бийлигине жарабайт....
0
Кайрат
2010-05-12 22:03:34
А Мадумаров бийликте турганда фонтанчик атка конгондон башка эмне иш кылдын эле. Туштон кийин акыл акыл айткандан кичине уялсаныз болмок. Сизди бекеринен айтпаса керек бул тилинен табат деп.
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан