26-августта бокс менен эрежесиз уруштун тиреши орун алат. Конор Макгрегор Флойд Мэйвезерге каршы. Учурда эки мушкер аталган беттешти жарнама кылуудан тышкары бири-бирине психологиялык жактан чабуулдарды жасоо менен алек.
ФЛОЙД МЭЙВЕЗЕР (КЕНЖЕСИ)
Каймана аты – «Келишимдүү» (Pretty Boy), «Акчалуу» (The Money)
Жашы – 40
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 66 килограмм
49 беттеште 49 жеңиш (анын 27син нокаут менен уткан)
5 салмак категориядагы Дүйнө чемпиону
СПОРТКО КЕЛҮҮ
Мэйвезер АКШнын Гранд Рапидс шаарында мушкердин үй-бүлөсүндө чоңоюп, кичинекей кезинен тарта бокско жакын өскөн. Анын атасы Флойд Мэйвезер (улуусу) жана анын эки бир тууганы да профессионал мушкерлер эле. Атасы баңгизатын сатканы үчүн түрмөгө бир канча жыл отуруп чыккан. Ошол убакытта Мэйвезер мектепти таштап, өзүн толугу менен бокско арнаган.
ПРОФЕССИОНАЛДЫК КАРЬЕРА
19 жашында профессионалдык рингге келип, жалпы 20 жыл спортто болгон. Ал WBC жана WBA версиясы боюнча 5 салмак категориясында Дүйнө чемпиону аталып, өткөргөн 49 беттешинин баарында жеңишке жетишкен.
ЭСТЕ КАЛГАН БЕТТЕШТЕРИ
Өз убагынын мен-мен деген мушкерлерин Артуро Гатти, Шейн Мосли, Оскар Де Ла Хойя, Мигель Котто, Маркос Майдана жана башкаларды ринг полун жыттаткан. Албетте, кылым беттеши аталган Пакьяо менен беттеши башкалардан айырмаланып турат. 2015-жылдын 2-майында Мэйвезер Пакьяону 12 раундда упайлар арасында жеңген. Бул беттештеги Флойддун кирешеси 240 миллион долларды чапчыган.
УРУШУУ СТИЛИ
12 раунд бою атаандашына үстөмдүк кылып, кези келгенде туюк коргонууга өтө алат. Кезинде Мэйвезер өтө эле ылдам болчу, эми мол тажрыйбасына таянары айтпаса да белгилүү.
ЖЕКЕ ЖАШОО
Расмий түрдө бир да жолу никеге турган эмес. Эки айымдан экиден баласы бар. Учурда Дорали Медина аттуу сүйүктүүсү бар экендигин жашырбайт.
КАРАЖАТ
Бир канча жылдар бою, "Форбс" журналынын иликтөөсү боюнча, эң көп каражат тапкан спортчулардын сап башында турган. Алсак, 2015-жылы 85 миллион доллар тапкан. Учурда өздүк кийимдерин чыгаруучу жана промоутердик компаниясы бар.
"МЕН – ПИЛ, МАКГРЕГОР – КУМУРСКА"
Флойд Мэйвезер Конор Макгрегор тууралуу:
"Мен бокстун гана эмес, керек болсо эрежесиз уруштун да жүзү боло алам".
"Мени Макгрегор менен салыштырбагыла, бул сыйлабагандык. Бул пил менен кумурсканы салыштыргандай
эле".
"Азыр 5-10 жыл мурдагыдай мушкер эмесмин. Керек болсо 2 жыл мурункудагыдай эмесмин. Бирок азыркы абалым менен дагы сени жеңип алууга алым
жетет".
"Мен сенин ордуңда болсом, Мэйвезерге утулуп, бирок көп акча таап алмакмын".
БҮТҮНДӨЙ БОКС ҮЧҮН ЖООП БЕРЕБИ?
Флойд Мэйвезер 2015-жылы чоң спорттон кеткенден тарта бүтүндөй бокс жаатында чыныгы жылдыз калган эмес. Анын жолун жолдоочулар, жаңы чемпиондор Флойддун деңгээлине караандашпайт дагы. Макгрегор менен беттешүү үчүн карьерасын жандандырган Флойд өзү үчүн гана эмес, бүтүндөй бокс үчүн жооп бергени турат. Анткени дүйнө жүзү боюнча эрежесиз уруштун популярдуулугу өсүп, мээлей чеберлери арткы планда калууда. Мындан тышкары серепчилер Мэйвезер бул беттеште жалпы (гонорар, жарнама, ар түрдүү келишимдерди кошкондо) 1 миллиард долларга чейин киреше таба алат деп баамдашууда. Көпчүлүк бул беттешти спорт эмес, шоу деп жатканына карабай дүйнө жүзү 26-августта назарын Лас-Вегастагы "Ти-Мобайл Аренага" бурат.
КОНОР МАКГРЕГОР
Каймана аты – Notorious («терс жагы менен атагы чыккан» деген мааниде)
Жашы – 29
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 66 килограмм
Учурда жеңил салмактагы UFC чемпиону (ММА`да 24 беттеш өткөрүп, 21 жеңиш, 3 жеңилүүгө дуушар болгон)
СПОРТКО КЕЛҮҮ
Макгрегор Ирландиянын Дублин шаарында катардагы үй-бүлөдө чоңойгон. 15 жашынан тарта күрөш менен машыга баштап, уруш спортуна сүңгүп кирген. Атасы 16 жаштагы баласын сантехниктин окуусуна киргизгени менен, өзү спортту тандаган. Ал кездери ал иштебей, машыгуу менен алек болгондуктан 188 евролук жөлөк пулга жашоого мажбур болгон.
ПРОФЕССИОНАЛДЫК КАРЬЕРА
18 жашында эрежесиз уруш боюнча алгачкы ирет сегиз бурчтукка чыккан. UFC уюмуна келип, эки салмак категорияда чемпион болгон жалгыз мушкер. Жалпы ММА`да 24 беттеш өткөргөн.
ЭСТЕ КАЛГАН БЕТТЕШТЕРИ
Дүйнөнүн беделдүү уюму менен келишим түзгөн соң Чед Мендес, Нейт Диас, Эдди Альварес сыяктуу мушкерлер менен бүйүр кызыткан уруштарды өткөргөн. Алардын арасынан Жозе Алдуну 13 секундда нокаутка учуратканы көпчүлүктүн эсинде. 2016-жылдын 12-ноябрында Конор Макгрегор Эдди Альварести жеңип, 10 миллиондон ашык доллар тапкан.
УРУШУУ СТИЛИ
Ал ачуу тили менен атаандаштарын кемсинтип, сөгүп-сагып, эсин кетирет. Октагондо эки колу менен сокку узатат, таэквондо менен машыккандыктан буту менен да мыкты иштейт.
ЖЕКЕ ЖАШОО
Конор сүйүктүүсү Ди Девлин менен 9 жылдан бери чогуу. Ушул жылы май айында уулдуу болушкан.
КАРАЖАТ
"Форбс" журналынын маалыматы боюнча, 2016-жылы 34 миллион доллар киреше тапкан. Кымбат костюм, фирмалык саат, жарашыктуу чач жасалгасы жана сакалы – бул Конор.
"СОККУМ ТААМАЙ ТИЙСЕ, ФЛОЙДДУН БАШЫ УЧУП КЕТЕТ"
Конор Макгрегор Флойд Мэйвезер тууралуу:
"Сен чыныгы беттешти көрө элексиң. Сегиз бурчтукка түшүп көрсөң, бир дагы раунд чыдабайт болчусуң".
"Менин муштумум анын башынан чоң. Эгерде таамай сокку узата турган болсом, анын башы күйөрмандарына
учуп кетет".
"Мэйвезерди нокаутка учуратканда ар бириңер айткан сөзүңөрдү кайра артка аласыңар. Муну Флойд дагы, баарыңар билгиле. Бокс деген
менмин".
"Ал мендей кыймылдаган күчтүү жана каардуу атаандашты жолуктура элек".
КАНЧАСЫ ШОУ ДА, КАНЧАСЫ СПОРТ?
Аталган беттеш болот деген күндөн тарта мында канчасы шоу дагы, канчасы спорт деген суроо жаралган. Учурда эки мушкердин беттеш алдында көз караштар тиреши менен бирге бири-бири менен болгон кайым айтышуулары күчөп жаткан маал. Мында Макгрегор кемсинтүү боюнча канчалык чебер экендигин дагы бир жолу тастыктады. Лос-Анжелес, Торонто, Нью-Йорк жана Лондон шаарларында болуп өткөн маалымат жыйындарында тили менен Мэйвезерге бир дагы мүмкүнчүлүк бербей койду. Барган сайын спортто акча маселеси биринчи орунга чыгып, шоу менен спорттун тыгыз айкалышуусу күчөгөнү байкалат. Мунун жыйынтыгында чыныгы спорттун кызыгы жоголуп, катардагы күйөрмандар утулуп жатканы талашсыз.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg