«СУЮК АЙНЕК» УНААҢЫЗДЫ ЧЫНДАП ЖАЛТЫРАТАБЫ?

Жакынкы күндөрдөн бери темир тулпардын көркүн ачат деп "суюк айнек" (жидкое стекло) каражатын жарнамалоо катуу жүрүп жатат. Интернет айдыңындагы айрым видеотасмаларды көрсөң, "суюк айнекти" унаанын сыртына шыбап, заматта аны жалтыратып, керек болсо суу жукпай тургандай абалга жеткирет. Чын эле "суюк айнек" сыны кетип, бозоргон унаанын сырын жаңыртабы? Унаанын тышкы сыры жапжаңы абалына кайтабы? Жооп издеп көрдүк.

"СУЮК АЙНЕК" ДЕГЕН ЭМНЕ?

Унаанын сырын жалтыратып, анча-мынча чийиктерди жаап-жашыруучу кореялык, япониялык каражаттарды "Glass coat" деп англисче аташкан. Орусча аны "жидкое стекло" деп которуп алышып, ошол боюнча элге алынып кеткен. Кыргызча "айнек сымал жабуу" (стеклянное покрытие) дегенди түшүндүрөт.
"Суюк айнек" каражатынын курамына титандын оксиди, кремний диоксиди, алюминий оксиди жана башка элементтер кирет. Булардын баары аралашканда тазалоочу, жалтыратуучу, коргоочу касиетке ээ болгон суюк айнек келип чыгат экен. Аны 2008-жылы Японияда ойлоп табышкан. Бирок ал чындап эле унааңыздын сыны кеткен сырын калыбына келтирип, жалтыратып көрсөтөбү?

"АРЗАН САТЫЛЫП ЖАТКАН "СУЮК АЙНЕКТЕР" ЖАСАЛМА ЭКЕН"

Бишкектеги "Автомаркет" дүкөнүнүн ээси Евгений Варехов "суюк айнек" деген каражатты колдонуп көргөн жаран:
– Ооба, мен бул каражатты колдонуп көрдүм. Бирок башынан түшүндүрө кетейин. Мен көптөн бери эле унаа химиясын (автохимия – унааны жалтыратуучу, унаа жуучу, салонго жыпар жыт чыгаргыч жана башка) сатып келем. "Суюк айнек" тууралуу укканым бар. Акыркы убакта абройлуу эле бир фирманын арзан баада, болгону 2000 сомго жакын акчага сатып жатканын көрүп калдым. Андай маалымат интернетти каптап кетиптир. Анан мен интернет аркылуу буйрутма берип алдырдым. Кара кичине бөтөлкөгө куюлган каражат келди. Унааны жакшылап тазалап, андан соң губка менен эле унаанын сыртына шыбап, кайсы бир убакка чейин "суюк айнек" кургаганча күтүп, атайын майлыгы менен сүртөсүз деген колдонуу эрежесин толугу менен аткардым. Бирок аталган каражат таптакыр кургабай майланышып тура берди. Айла жок, жууш керек болду. Бирок жууганда да кетпей беймаза кылып, акыры унаада "суюк айнек" колдонгон бөлүгүндөгү сыр бозоруп калды. Жакшылап тактап көрсөм, жанагы абройлуу фирманын атын колдонуп, жасалма "суюк айнектерди" таркатып жатышыптыр. Мен айтып жаткан фирманын бул каражаттары 100 доллардан кымбат турат экен. Алар чын эле унааны жалтыратып көрк берет. Бирок баасы да кымбат. Ошондуктан арзан баадагы "суюк айнек" укмуш дегенге ишенбегиле демекчимин.

"ШЫБАП КОЙСОҢ ЭЛЕ УНАА ЖАЛТЫРАЙТ ДЕГЕН – ЖОМОК"

Ал эми унааны сырдоонун сырларын билген адис Медет Канболот уулу төмөнкүчө ой бөлүштү:
– "Суюк айнек" каражаты тууралуу уктум. Бирок мен "полировка" (унаанын сырын жалтыратуу) кылып жүргөн киши катары айта алам. Бир химиялык суюк каражатты эле унаага шыбап аны жалтырата албайсың. Адегенде унааны тазалоо керек. Андан соң "полировка" жасоо зарыл. Ошондо майда чийиктер жоголот. Андан кийин гана атайын каражат унаанын жалтыроосуна жардам бериши мүмкүн. Ал эми жөн эле бозоргон унаага шыбап унааны көрктөндүрүп алууга болот деген жомок эле го деген ойдомун. Себеби чийиктер калат, унаанын сырында канчалаган көзгө көрүнбөгөн майда тешикчелер бар. Алардын баары жөндөн-жөн эле жок болуп кетпейт да.

КОЛДОНУП КӨРГӨН ЧЕТ ЭЛДИК АВТОСҮЙҮҮЧҮЛӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Бирок интернет айдыңында "суюк айнек" менен унааңызды жалтыратабыз" деген жарнамалар жүрөт. Андай адистерге байланышып көрсөк, унаа адегенде атайын каражат менен тазаланып ("полировка" жасалып) андан соң "суюк айнек" колдонулат экен. Баасы унаанын сырынын абалына жараша 10 миң сомдон өйдө деген жоопту уктук.
Чет мамлекеттерде унаанын бир сыйра тазалоодон өткөрүп, андан кийин "суюк айнекти" шыбап, атайын каражат (электр жылыткычы сыяктуу) менен кургатып гана интернетте жарыяланган видеотасмадагы жалтыраган абалга жеткиришерин билдик. Мындай кызмат көрсөтүүнүн баасы да кымбат болуп чыкты. "Суюк айнектин" жалтыратуучу, суу, кир жугузбоочу аз-маз таасири бар. Бирок баары бир кирдейт, таптаза жүрөт деп ойлобоңуз. Ал жарым жылга жетпеген аралыкка жалтырап жүрөт. "3 жыл бою жалтырап турат" деген сөз жөн гана миф" дешет чет элдик автосүйүүчүлөр.
Баса, эң кымбат "суюк айнектер" 40 миң сомго чейин бааланат экен. Бирок аларды чет өлкөдөн алдыруу керек. Ал эми орточо баалары 7-8 миң сомдун тегерегинде.

Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nurik-95
2017-07-27 13:54:05
Шылуундар экенда ошондо ээх адамдар акча табыш үчүн эмнелерди кылбайт а мендагы алайын деп калган элем жакшы болду билип алганым.
0
mirbech_85
2017-07-31 13:30:22
Мен дагы сатып алгам 2000 сомго анда ал суюктукту колдонбой эле койуш керек экен да. Сиздерге рахмат
0
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан