ҮЙДҮН ЧАТЫРЫН ЖАБУУДА ЫҢГАЙЛУУ ЖАНА САПАТТУУ ЧЕЧИМ: ТҮСТҮҮ ЧАТЫР ЖАНА ФИБРОЦЕМЕНТТҮҮ ЧЕРЕПИЦА

Үйдүн чатырын бекемдөө үчүн курулуш жаатында бир канча каражаттарды пайдаланса болот. Алардын арасынан эң ыңгайлуу жана чөнтөктү какпаган тандоо – бул шифер болуп саналат. Өлкөбүздөгү 50 жылдан бери курулуш каражаттарын чыгарып келе жаткан "Кант ТШП" заводу кадимки шиферлерден тышкары ар түстүү заманбап шиферлерди чыгарат.

ТҮСТҮҮ ЧАТЫР (ШИФЕР)

Заманбап түстүү шифер үйдүн чатырын жасоодогу ишенимдүү жана сапаттуу курулуш каражаты болуп эсептелинет. Ал ар түрдүү чатыр үчүн жана ар кандай климаттагы зонада туруктуу.
Түстүү шифер менен жабылган чатыр коргоо касиетин дээрлик 30 жыл жоготпойт, туура колдонулса 50 жылга чейин чыдайт. Өңүн 15 жылдай жоготпойт, боёону талап кылса, аны сырдап койсо болот. Ал 5 жылга чейин түсүн кетирбейт. Эске алынуучу жагдай, түстүү чатырдын өңүн бир канча жолу башка өңгө боёп коюуга мүмкүн.

ТҮСТҮҮ ЧАТЫРДЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

  • Үндөн коргоо
  • Көп жыл кызмат кылуусу
  • Сапаттуу
  • Иш жүрүшү оңой жана тез
  • Чыгаша аз кетет
  • Өрт коркунуч туудурбайт
  • Чатырдын бир жерин оңдоо керек болсо, бүтүндөй чатырды алуу керек эмес
  • Жеткиликтүү баа

ТҮСТҮҮ ЧАТЫРДЫН КУРАМЫ

  • Цемент
  • Хризотил, башкача аталышы «тоо зыгыры». Бул минерал бир канча тутам булага бөлүнөт. Анын бышыктыгы жогорку маркадагы болоттун бышыктыгындай. Электр тогун өткөрүүсү эң төмөн болгондуктан, хризотил диэлектрик болуп саналат. Химиялык заттардын таасирине, күн радиациясына, озон, кычкылтек жана сууга туруктуу.
  • Суу
  • Fenzi-Бельгия краскасы. Сырдоо иши жогорку сапаттагы технологиялык процесстин негизинде аткарылгандыктан, шифердин түсү чыдамдуу, атмосфералык таасирлерден корголгон.

КӨРК БЕРГЕН ТҮСТӨР

Түстүү шифер заманбап жабдуулар менен иштеп чыгарылат. Алсак, аталган жабдуулар Италия жана Бельгиянын технологияларынын негизинде иштейт. Түстүү чатырды сырдоо иши Орто Азиядагы жалгыз болгон "Cefla" италиялык фирмасынын автоматташтырылган технологиясы аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир кардар өзүнө ылайыктуу болгон жашыл, кызыл же күрөң түстү тандай алат. Үйдүн чатырына кымбат жана сапатсыз каражаттарды пайдалануунун кереги жок. «Кант ТШП» заводунун түстүү шиферлери экологиялык таза, арзан жана сапаттуу каражат болуп, үйдүн чатырын кооз көрсөтөт.

ФИБРОЦЕМЕНТТҮҮ ЧЕРЕПИЦА

"Кант ТШП" заводу черепицаларды чыгарууда заманбап техникаларды колдонуу менен жаңы каражат – фиброцементтүү черепицаны иштеп чыгарды. Анын курамында цемент, кум, өзгөчө текстура берген поливинил була, аралашылган суу кошулат. Муну менен 1 квадрат метр черепицанын салмагын 2 эсеге азайтууга мүмкүн болду. Бул үйдүн пайдубалы жана дубалына болгон басымды азайтат.
Фиброцементтүү черепицанын эки түрү бар: толкундуу жана түз. Фиброцементтүү черепицанын кепилдик кызмат өтөө убактысы 15 жыл, өзү 50-100 жылга чейин чыдайт. Черепица бельгиялык "Fenzi" компаниясынын сырлары менен боёлуп, сырдалган бетине 10 жылдык кепил берет.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

– Бекем – 3 чоң кишинин салмагын көтөрөт
– Кадимки цемент-кум черепицанын салмагына караганда бир кыйла жеңил
– Чатырды жабууда гидро, өрт изоляциялар жана башка каражаттар керектелбейт
– Суукка бекем
– Өрткө туруктуу
– Экологиялык жактан таза
Чатырды жабууда сатып алуучулар көпчүлүк учурда арзан жана жеңил каражаттарга басым жасашат. Муну менен аларды колдонууда астына төшөлмө, буу өткөрбөгөн түрмөктөр, өрт коопсуздугуна керектелүүчү жана башка ушул сыяктуу каражаттарды алууга кеткен кошумча чыгымдарды эске алышпайт.

Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант шаары, Чыгыш промзона
Байланыш телефону: +996 312 616 990; Факс: +996 312 616 991
E-Mail: Kantslate@kantslate.kg
Биздин филиалдар: Бишкек ш. "АюГрандКомфорт" соода борбору, А 130 бутиги
«Кант ТШИ» ЖЧКсы, Ош ш. Тел.: +996 701 88 44 74;
Жалал-Абад ш. Тел.: +996 779 68 33 50;
Алматы ш. Тел.: +7 701 203 09 79

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Elif2015
2017-07-25 13:33:37
Супер соонун маалымат !!!
0
Syn4y
2017-07-25 21:23:42
Азыр шифер менен эч ким жаппайт. Реклама кылып убара болбой эле цементинерди сата бергиле
-2
asdef
2017-07-26 09:10:24
Syn4y,жабат,сарайларды мисалы
+1
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан