КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Вау,- кыз суктанганынан оозун ачып катып калды. Бийиктиги 828 метрди чапчыган, дүйнөдөгү эң бийик имарат Бурж-Халифа заңкайып Бегимайдын алдында турду. Эмне деген керемет?! Чылк айнек жамынган бул имаратты адамдар салганына ишенүү кыйын болчу. "Мен туптуура тандоо кылдым" деди Бегимай ишенимдүү. Бурж-Халифанын керемет көрүнүшү кыздын оюн бекемдеп тургандай болду. Ал эми имарат ичиндеги дүкөндөр, мейманканалар, салкын жана жыпар жыттуу аба кызды эсинен тандырып коё жаздады. Улам Болушту моюнунан бекем кучактап, жүзүнөн сүйүп коёт. Бул анын ыраазычылыгы эле. Албетте, Болуштун ага жасап жаткан "жакшылыгынын" алдында Бегимайдын кучактоосу, өпкөнү эч нерсе деле эмес го, бирок Болушка башкача кандай рахмат айтуу керектигин кыз билбейт. Ал жооп кылып жакшы көрүү гана бере алат.
Болуш ыраазы эле. Ал жарым кылымдык өмүрүндө ага мынчалык ыраазы болуп караган көздөрдү биринчи көрдү. Болгондо да алар сулуу көздөр эле. Болуш жашара түшкөндөй көңүлү куунак. Байкап көрсө, канчадан бери бейкапар гана ырахаттанып көрө элек экен. Азыр эми ырахаттанып жатты. Ырахат тартуулоочу бардык нерсе бар. Ыраазы болгон сулуу көздөр, акча, байлык, аброй...

ххх

Дуулат шефин аэропортто күтүп жатты. Бүгүн ал жаш "куурчагы" менен Дубайдан учуп келмек. Күн суук.
– Шеф келатат!- Болуштун жаш жардамчысы шашкалактап чуркап кетти. Аз өтпөй унаага Болуш менен Бегимай келип отурду. Эс алуулары ойдогудай болгон окшойт. Экөөнүн тең көңүлдөрү ток. Жаш жардамчы унаанын аркасына чемодандарды салып болуп, Гелендвагендин алдыңкы орундугун ээледи.
– Элестетиңиз, кыш экенин унутуп коюптурмун. Жалаң жайкы көйнөктөрдү сатып ала бергенимди Бишкекке конгондо түшүндүм,- Бегимай Болуштун ийинине жөлөнүп, эркелеп кыткылыктады.
– Азыр кайда айдайын?- Дуулат алдыңкы орундуктагы жаш жардамчыга сүйлөдү. Ал болсо дароо артка бурулуп:
–Шеф, азыр...- дегиче Болуш анын оозунан сөзүн жулуп алып олуттуу сүйлөдү.
– Түштүк магистралга,- деп койду. Бегимай экөө Дубайдан эле Бишкекке кайткан соң кыз баягы элиталык батирде жашай турган болуп макулдашып алышкан. Аздан соң Болуш Бегимайды батирге таштап, өзү үйүнө кетти.
Кыз шөкөттөлгөн батирде жалгыз калды. Көкүрөгү муздай түштү. Бирөө менен сүйлөшүп, кайда болгонун, ким менен болгонун айтып мактангысы келди. Бирок анткенге болбойт. Болуш экөө бардыгын сыр кылып сактамак болушкан.

ххх

Арсен сабагынан кеч чыкты. Сабактарына келди деген эле аты болбосо, анын оюнун баары башка жакта. Керээли-кечке эскилиги жеткен Нокиасын тиктеп отурду. Бегимай чалган жок. Канча күндөн бери эле чалбай жатат. Жигит да чыдап чалбаганга аракет кылууда. Күнөө кызда. Ал кечирим сурасын, биринчи чалсын. Арсен ушинтип ойлоп койгон. Бирок бүгүн да үмүттөрүн таш капты. Окуу жайдан чыгып дагы бир жолу телефонун карап койду. Нокиасы маанайсыз шөмтүрөйт. Атасынын телефонун терди.
– Алло, ата, кандайсыз?
– Жакшы.
– Мага 200 сом берип туруңузчу? Бүгүн интернеттен сабакка керектүү бир нерсе алыш керек болуп жатат.
– Азыр мен бир ресторандын алдында турдум эле, ошол жакка эле келбейсиңби? 12-кичирайондо.
– Мейли,- жигит атасына калп айтты. Ал жөн гана таң атканча интернет клубда отурууну чечкен. Сабактарга тиешеси жок. Арсен үчүн Бегимайды аз болсо да ойлобой коюунун бир жолу интернетке кирип, анын кыйырын аралап кетүү эле.
Атасы айткан ресторанга Арсен кеч кирип калганда барды. Дуулат Гелендвагенде отурган экен.
– Болушту күтүп турасызбы?
– Ооба. Мына 200 сом. Үйгө качан барасың?
– Эртең менен. Таң атканча реферат жазсамбы деп жатам.
– Мейли. Сабактарың жакшыбы?
– Жакшы. Бул жакта жакын жерде даараткана барбы?
– Мына бул ресторандыкына эле кирип ал.
– Аа...- жигит шыпылдап ичкери кирди.
"Жакын жерде кайсы интернет клуб бар эле?" Арсен колун жууп жатып ойлонду. Дал ушул убакта сырттан Бегимайдыкына окшош үн укту.
– Апа, мен бошой албай жатам. Бошоорум менен барам. Ооба, айттым го барам деп...- үндүн ээси чын эле Бегимай экен. Арсен эшикти ачып, айымдардын дааратканасынын эшигинин алдында туруп алып кимдир бирөө менен телефондон сүйлөшүп жаткан кызды көрүп таң калып калды. Бегимай сүйлөп жатып токтоду, көздөрү чакчая түштү.
– Сен кайдан?- Арсен узун, кооз көйнөк кийген, супсулуу болуп боёнгон Бегимайдан таң кала сурады.
– Мен... Мен курбуларым менен жүрөм...- кыз узун кирпиктүү көздөрүн тез-тез ирмеп, шашкалактады.
– Кайсы курбуң?
– Сен... Сен аларды тааныбайсың!
– Кийинип сыртка чык! Мен сени үйүңө жеткизем.
– Мен кетпейм.
– Бас!- жигит дароо эле эч кандай курбулар жок экенин билди. Кызды колдорунан тартып сыртка сүйрөдү. Кызганыч көкүрөгүн өйкөп кетти.
– Коё бер, Арсен! Экөөбүздө баары бүтпөдү беле!?
– Эмне!? Качан!?
– Бема, эмне болду?- ызы-чууну уккан окшойт да, Болуш шашкалактап жетип келди. Келди да Арсенди карап делдейе түштү.
– Эй!..- Арсен башка эч нерсе деп айта албай калды. Ал көргөн көзүнө ишенгиси келбегендей, кандайдыр бир таарыныч, жийиркенич менен Болушту тиктеп калды. Оор таш көтөрүп бийик тоого чыккандай оор-оор дем алды.
– Чогуусуңарбы?
– Коё бер кызды!- жооптун ордуна Болуш жүткүнүп кызды бошотмокчу болду.
– Энеңди!..- Арсен былч эттире Болушту бет талаштыра коюп калды. Ачуу менен чыккан сокку Болушту сулатты. Мурдунан кан кетти.
– Айт, чогуусуңарбы?- кызды жулкулдатты.
– Арсен, суранам, токтот!- Бегимайдын көздөрү коркунучка толуп калыптыр.
– Айт!- жигит бакырды.
– Эй, акмак! Сен...- эсине келе түшүп өйдө болоюн деген Болушту Арсен беттен ары бир тепти. Ал баарын түшүндү. Атасы өткөндө сөз кылган Болуштун жаңы "куурчагы" Бегимай тура, көрсө. Кызганыч, жек көрүү аралашкан сезим жигитти акылынан адаштырды.
– Энең... Ме сага! Ме сага!- сулап жаткан Болушту бет талаштыра муштап-муштап жиберди.
– Канчык!- деди анан өйдө боло Бегимайдын көзүнө тик карап.
– Тфу!- дубалга жаба түкүрүп чыгып кетти. Кыз башын мыкчып ыйлаган бойдон кала берди.
– Ташта унаасын!- Арсен жулкунуп келип атасын Гелендвагенден түшүрдү.
– Эмне болду, эй, бала?- көздөрүнө кан толуп, жини кайнап калган баласын карап Дуулат дал болуп калды.
– Кеттик! Кереги жок эч нерсенин!- Арсен жакшы эле тиштенип барып, бирок ыйлап жиберди.
– Эй, Дуулат байке, карма алдагыны!- Болуштун жаш жардамчысы чыга калып кыйкырды. Артынан эле жан сакчысы болуп жүргөн эңгезердей неме Арсенди көздөй чуркады. Дуулат эч нерсени түшүнбөй калды. Ары жак-бери жагын караганча эле Болуштун жан сакчысы Арсенди бет талаштыра коюп калды.
– Эй, токтот! Эмне болду?- Дуулат жан сакчыны түртүп жиберди. Жерге көмөлөнүп түшкөн Арсен тура калып дөөдөй болуп турган жигитти былч эттире кулак түпкө койду. Экөө былчылдашып эле жатып калды. Ары жактан жетип келген жаш жардамчы жан сакчыга жардам кылып, Арсенди ыңгайы келгенде тээп калып жатты. Дуулат буларды ажырата албай убара.
– Токтоткула, бул менин балам! Эмне кылды бул?
– Балаң экөөңдү... Энең...- кайдан-жайдан ак көйнөгү кызыл жаян кан болгон Болуш келип Дуулатты башка чаап калды. Улам жыгылып, кайра тура калып жаткан Арсен Болуштун атасына чоң чыккан үнүн угуп ызаланып чыкты.
– Эш-шек! Өлтүрөм мен сени!- жигитте кайдан-жайдан албуут күч пайда болду. Сокку жеп жатканын унутуп эле, Болушка кайра атырылды. Бирок ушул тапта денесин ток аралап кетти. Жан сакчы электрошокер колдонгон болчу. Былч-былч! Башка, бетке тынымсыз тепкилеп жатышты. Атасы Арсендин үстүнө башын калкаламак болуп жыгылды. Эми соккунун баары атасына тийип жатты...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Syn4y
2017-07-25 21:15:24
Мага дагы бир ушундай кукла керек эле
+3
dasta
2017-07-25 21:54:35
Сенда жигитинен былч былч калтак жеегин барбы а
+4
dobrajelatel
2017-07-25 22:39:27
Арсеееен.... Байкуштарым десе элесетип алып кантип жардам беришти билбейм калдым. Эх дунуйо...
+3
Linkin.
2017-07-25 22:53:32
Бир кызды деп, ачууга алдырбай шарт бурулуп басып кетиш керек эле. Арсен олуп кетпейби, турмого отурганы рас болуптур. Эн жаманы атасынын келтек жегени. Каяктагы Бир сомго арзыбаган кызды деп ушундай кишинин ур токмокко алынганы ичимди куйгузду. Болуш Атасын чапкан жерин элестетип алып, чындап жиним келди.
+4
monok2001
2017-07-25 23:00:30
мурда аттап буттап кеткен эле супер эми кайра кенен тушундуруп жататго бирок ото аз.
+1
tatynakaika1998
2017-07-25 23:31:19
дагы бир жума
0
Nargiza1987k
2017-07-26 07:26:12
Еекей кобуроок жазсанар болбойбу
+2
batyrovaferdaus
2017-07-26 12:43:13
Nargiza1987k,ошода Эми 1 жума кутуш керек кайра
0
insap
2017-07-26 10:09:27
Адилеттык ушундай кезде кайдадыр кайып болгонсуй түшөт...
+1
batyrovaferdaus
2017-07-26 12:42:23
Ыйлаааайм азыр
0
B.GULNARA
2017-07-26 13:10:34
Болуш Дуулат байкени чапкан жерин элестетип алып козумдон жаш тегеренип кетти... Уххх..
+1
belka
2017-07-26 22:38:04
Болушту аркасынан барып көк желкеге кирпич менен чапкым келди.
+1
baltabaev
2017-07-27 00:05:24
Толук версиясын кайдан окусак болот супер?
0
beku_adi93
2017-07-27 23:41:47
Мынча кыскарбайбы
0
MIRBOLOT
2017-07-28 16:32:40
Кыргыз жигиттер ушундай намыскөй болот. Эми Арсенди каматат да ээ?
+1
nurik-95
2017-07-31 09:13:45
Бүгүн биринчи күнго эмне чыкпай жатат дагы деле
0
admin_media
2017-07-31 09:37:35
nurik-95,
Саламатсызбы! Гезиттин жаңы саны жуманын шейшемби күндөрү порталга чыгат.
+1
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан