Айдана Дека, ырчы: "АГАМА АЙТПАГАН СЫРЛАРЫМДЫ АВАЗ БАЙКЕГЕ АЙТАМ"

– Саламатсыңбы, Айдана? Маекти сенин ырга болгон шыгың эмнеден улам ойгонгону туурасында баштасак.
– Саламатсызбы? Музыка менен төрөлгөм десем болот. Апам "курсакта жүргөндө эле музыканы укканда тепкилеп бийлечүсүң. Сүйлөгөнгө караганда ырдаганды, басканга караганда бийлегенди биринчи үйрөнгөнсүң" деп калат. Бул шыгымды байкаган апам мени 3-4 жашымдан тарта бий, фортепиано сыяктуу ар түрдүү ийримдерге катыштырды.

– Жакында эле "Дека" бийчилер тобун ачтың, ал жакта жылыштар кандай болуп жатат?
– Бул топту ачардан мурун бала бакчада хореограф болуп иштечүмүн. Ал жакта 3 жылдай иштеген соң өзүмдүн бий студиямды ачайын деп чечтим. Өзүм теңдүү кыздар менен иштешүү, аларга бий үйрөтүү оор болду. Ачылганына 6 ай болсо дагы топко кошулууну каалаган кыздар көп. Мурун өзүмдү гана ойлосом, азыр бийчи кыздарымды да ойлоп калдым.

– Сахнага ырдап чыкканыңа 2 жылдын жүзү болду, бул убакытта кандай ийгиликтерге жетиштиң?
– Жаш болсом да кыздарды бий жактан тарбиялап жаткандыгым деле жетишкендик деп ойлойм. Бирок бул кылган аракеттеримди мактанып жар салгым келбейт. Сахнада аз да болсо күйөрман топтодум. Кээде социалдык тармактардан жигиттер "жүрөгүң бошпу?" деп сурашат. Мен алардан кечирим сурайм, анткени социалдык тармактардан жигиттерге жооп бербейм. Башында жооп жазып койсоң, ар кандай суроолорду байма-бай берип башташат.Анан жооп бербей калсаң эле "эмне, жылдыз болуп кеттиңби? Унутпа, сен деле бизге окшогон адамсың!" дегендер көп болот. Нааразычылыгымды билдирген постторду жазганда, чыгармачылыкта жакшы көргөн ырчы эжекелер "Айданка, сен азаматсың! Аларга көңүл бурба. Сен канчалык көңүл бөлгөн сайын алар кайра күчөшөт" деп кеңештерин айтып калышат.

– Ырчы Аваз Акимов экөөңөрдүн ортоңордо сүйүү бар деген сөздөрдүн аягы тыйылбай келет. Бул темага да кайрылып кетпесек болбос.
– Аваз байке чыгармачылыктан тапкан агам. Чынында, Аваз байке менен бир тууган байкем тааныштырган. Мен концерттерде көп жүрүп, бийлеп, клиптерге дагы тартылып калчумун. Ошол убакта Аваз байке мени көрүп клиптерине тарткысы келип жүрчү экен. Ооба, чыгармачылыкта мени колдогон байке-эжелер көп. Ошолордун арасынан Аваз байке "сен менин карындашымдайсың" деп мени аяп, коргоп турат. "Жаман жакка кетпе, жакшы жолдо жүрүп эле күйөөгө тийип кет" деп көп айтат. Доско көбүрөөк ишенесиң го, көп сырларымды өзүмдүн байкеме караганда Аваз байкеге айтам. Анткени агаңа айта албаган нерселер болот. Ал экөөбүздүн ортобузда көп сырлар бар.

– Ата-энең, бир туугандарың жөнүндө айтып өтсөң.
– Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, агам, мен жана иним. Байкем экөөбүздүн ортобуз 9, иним экөөбүздүн арабыз 12 жаш. Байкем 29 жашка чыкты. Үй-бүлөсү, үч баласы бар. Ал эми иним 8 жашта. Иним апама караганда мага жакын. Эгер концерт же башка жактарга кетип калсам, менсиз уктабайт. Апам абдан туура тарбия берген. Менин оюма эч каршы чыкчу эмес, ошондуктан азыр өз оюмду кайсы жерде болбосун ачык айта алам.

– "Кыздын барар жери күйөө" деп коюшат эмеспи. Колуңду сурагандар болуп жатабы?
– Апам азыр мени турмушка берүүгө эрте дейт. Жашым 20да болсо дагы, мүнөзүм жаш баланыкындай. Оокат кылган жагынан деле, турмушту алып кетүү жагынан деле даяр эмесмин. Ошого карабай ата-энеме куда түшүп келгендер бар. Аны деле айткым келген эмес. Жакында эле апамдын курбусу "балам менен сенин кызыңды тааныштырбайлыбы?" десе, "кызым азырынча жаш" дептир. Атамдын достору деле үйгө конокко келип калганда балдарын ээрчите келип, куда түшүү жөнүндө сүйлөмүш болуп калышат. Бирок мен өз түгөйүмдү өзүм табышым керек.

– Түгөйүң кандай адам болушун каалайсың?
– Сүйүп калсаң анын кемчиликтери менен сүйөсүң да. Отуруп алып "мен мындай мырзаны каалайм" деп айта беребиз. Бирок кыздар биз ошол нерсеге татыктуубузбу деп ойлонушубуз керек. "Чуркагандыкы эмес, буюргандыкы" дейт го, андыктан түгөйүмдү өзүм издей элекмин.

– Эгерде сенин болочок жолдошуң "чыгармачылыгыңды жыйыштыр" десе, ырчылык өнөрүңдү таштоого даярсыңбы?
– Кандай адамга турмушка чыгарымды айта албайм. Бирок ошол адам мени жакшы көрсө, менин чыгармачылыгыма каршы турбайт болуш керек. Эгерде ал адам менин сахнага чыгуума бөгөт койсо, мен эң бактысыз айым болом. Келечектеги жолдошум мени бактылуу кылам деп сөз берсе, ырдатышы керек. 21-кылымдын кыздары кыйын чыкпадыбы. Жумуш десе жумушка, үй-бүлө десе үй-бүлөгө жетише алышат. Мен сахнаны да, үй-бүлөнү да алып кете алам деп ишенем.

– Байкашымча, мурдагыга караганда арыктап кетиптирсиң?..
– Акыркы учурларда жумуштарым аябай көп болууда. Аптапта тамакка да табитим тартпай, эч нерсе жегим келбей жүрөт. Ойлондурган нерселер да көп болуп жаткан чагы. Жашоом өзгөрүп жатат десем болот. Чачымды кестиргенимден деле байкасаңыздар болот (күлүп).

– Акыркы жаңылыктарың туурасында айта кетсең.
– Жакында эле "Непонятная любовь" аттуу ырыма клип тарттырдык. Күйөрмандарымдын басымдуу бөлүгү кичинекей кыздар. Ошолорго арнап "Рапунцель" аталышындагы мультфильмди кошуп клип тарттым. Ошондой эле телеканалдардын биринде өзүмдү алпаруучу катары сынап жатам. Ал жакка мен интервью бергени барган элем. Анан ошол жактын директорлору "экрандан жакшы көрүнөт экенсиң, алпаруучу болгуң келбейби?" дешти. Учурда ал каналда кечки шоудо түз эфирди алпарып жатам.

– Маегиңе чоң рахмат. Ишиңе ийгилик!

"Башында бул телеканалга конок болуп барган элем. Жактырып, алпаруучу кылып алып калышты".


"Бир тууган агам Канат Деркембаев да бир кездерде ырдап жүрдү".



Жазгүл Кенжеева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айдана Дека: "Жакын досторум жок, сырларымды Аваз байкеге айтам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Aiiko
2017-07-25 10:22:00
Аракетке берекет. Иштерин ийгиликтуу болсун
+4
_PeriWa_
2017-07-25 10:23:38
Ото жонокой акылдуу кыз экен.Созу ордунда окуусан кайра окуугун келет.
+5
Kairat.96
2017-07-25 10:40:42
Кудай сакта апасынын ичинде бийлегени окшошпой калды канаты жок ордокторду азыраак учурчу! жапжакшына кыз экенсин акыл,эс токтоткон. Алдында канчалаган окурмандар окуп отурушат пачкалап алдаганын жарашпас
+16
Razzak.kg
2017-07-31 13:59:20
Kairat.96,сен эркек адам аны сезбейсин, бала энесинин ичинде бийлейт как положена. Музыка койсон тыбырчылап ичинен чыгып кетчуудой болуп. Туура эле суйлоп жатат
0
Ger_energy
2017-07-25 11:22:04
Аваз Акимовдун конулдошу экени,озунун созунон эле билинип турат!
+14
shirinai
2017-07-25 13:03:47
Kairat.96, курсакта бийлегенди эркектер кайдан тушунмок эленер. Менин кызым да наушникти курсагыма койсом аябай кыймылдачу.
Айданага ийгилик. Келечегин кен болсун.
+6
Ali_Bolotbek
2017-07-25 15:03:06
shirinai, түшүнөбүз эле, мен деле бийлечү экемин☺☺☻
+3
bema_bema
2017-07-25 16:18:09
кичинекей кезиндеги суроту жакты быйтыйып акасин кармап алыптыр
+2
Benazir08
2017-07-25 17:15:34
Кантсен да бактЫлуу бол Авазды суйуп калган окшойсун суйлогонунон билинди.
+5
Guji
2017-07-25 20:09:42
Бул енерджи диет ичет апасы сатат.Истограммда реклама кылатко.Ананда жасалмалана беретӨзү ырчылар маегинде эле кичнемле эле кынылдап ырдачуум анан минтчим дей беришкени аллергия бул да каалышпаптыр ичинде деп тобаа.
+5
aseras
2017-07-26 15:11:27
Guji,ичсе эмне болуптур ?Апасы сатса эмне болуптур? Тим эле кылмыш кылгандай жазыпсын да.Антишет мынтишет деп.Кантсе да мээнети менен иштеп таап атышат.Сен да бир интервьюга барсан созолонуп каласын.Любой эле адам ошентет.
+4
aman0296
2017-07-25 22:24:47
Бул кыз маска кийип ,робат болуп ырдачу беле?
-4
Aidan88
2017-07-26 06:47:43
aman0296,maska kyiyp robot bolup yrdagan bashka ,aty Indira bolush kerek ele.
0
nursiyanur
2017-07-25 23:14:07
Мактанганынарды эч койбодуңарда.Мен деле аны айткым келген эмес))))))
+5
ALMAAAN
2017-07-28 03:14:09
Ырын уккан эмесмин тааныбайм
+1
lambada0302
2017-07-29 09:49:33
Азаматсың Айдана ишине ийгилик каалайм.
0
merim
2017-07-30 21:05:32
Ийгилик Айдана
0
nargiza1986
2017-07-31 01:33:32
Мага аябай жагат ушу кыз. Супсулуу,жонокой,ырдаганы бийлегени да сонун. Кыз балага эн негизгиси барган жеринен бакыт. Бактылуу бол. Чыгармачылыгына албан ийгилик.
0
Nur_5555
2017-08-01 22:06:52
Жаман жакка кетпей, турмушка чыгып кет дейби
0
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан