КҮН ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН ТАМАК БЫШЫРЧУ КҮН МЕШИ

Электр энергиясын, отунду да колдонбой тамак-аш бышырууга боло турган мештер тууралуу уккансызбы? Уксаңыз, ал эмне болгон меш экенине кызыгып жатасызбы? Анда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергиянын калыптанма булактары кафедрасынан алынган маалыматты сунуштайбыз.

"БАШКЫСЫ СПУТНИКТИК АНТЕННА КЕРЕК"

Мени жогоруда аталган кафедрадан кафедра башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Турукмен Жабудаев тосуп алып, күн меши турган аянтка алып барды. Ал жерде кадимки биз көрүп жүргөн спутниктик антенна туруптур. Болгону анын бетине күзгүлөр жабыштырылган. Эл айтып жүргөн мештин болгон турушу ушул экен. Кызыгып караган мага Турукмен мырза "Мына ушул меш – күн меши. Сыйкырдуу мешти кантип колдонууну көрсөтүү жана мыкты меш экенин далилдөө үчүн азыр сизге жумуртка бышырып берүүгө даярбыз. Шашпасаңыз, эт кууруп деле беребиз. Бизге азыр кафедранын окутуучулары жардам берет" деп тамашалай сөз баштады. Окутуучулар электр мешин күн тийген тарапка багытташты. Казан асчу илмек темирге көмөч казанды коюп, ишке киришишти. Сыртта 38 градус ысык болуп турган чакта көмөч казанда жумуртка 6-7 мүнөттө бышты.

– Турукмен мырза, айтсаңыз, бул мешти качан, эмне максатта жасагансыздар?
– Күн меши – бул күн нурунун энергиясынан тамак-аш жасоо үчүн колдонулуучу түзүлүш. Электр энергиясы менен отундун альтернативасы десек да жарашат. Электр меши сыяктуу электр энергиясына акча кетпейт, каалоочулар өз алдынча кол менен жасап алышса болот. Азыркы тапта дүйнөлүк көйгөйлүү маселелердин бири экологияны сактоо болуп турат. Андыктан күн, суу жана шамал энергиясын колдонуу жаатында жаңы технологиялар ойлонуп табылууда. Күн меши да ошондой ойлоп табуулардын бири. Жөнөкөй, бирок керектүү буюм. Андай мешти жасоону жана элге жайылтууну максат кылып биздин кафедранын мени кошкондо 5 окутуучусу 2016-жылы күн мешин жасадык. Аны Бишкекте өткөн эл аралык жаш окумуштуулар арасында өткөн кароо-сынакка алып барып, баш байгени утуп алдык.
Бул меш айрыкча мал менен жайлоого чыккан адамдарга, жайлоодо туристтик бизнес менен алектенгендерге өтө ыңгайлуу. Учурда мындай мештерди Ош, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жашоочулары колдонушат. Мындай ишти колдонуу менен экологиянын бузулбашына салым кошмокпуз. Негизгиси, күн мешине спутниктик антенна (тарелка) керек. Арзанга турушу үчүн мурун колдонулганы деле жарайт. Антеннанын кол чатыр сындуу түзүлүшү күн нурларын чогултууга ылайыктуу. Анын бетине чапталган күзгүлөр күн нурларын ортодогу конус түрүндөгү түтүкчөгө чогултуп берет. Чогулган күндүн энергиясы илмекке илинген казанды ысытат. Кааласа тамак, кааласа чай кайнатса болот. Бирок күн ысык тийген учурда жасоо сунушталат. Күн ысык эмес учурда жумуртка кууруса, жуунганга суу ысытууга болот.

КАНЧА СОМ КЕТЕТ?

1. Спутниктик антенна (мурун колдонулганы, диаметри – 1 метр 80 сантиметр) 1 даана – 5000 сом.
2. Бутуна жана казан асчу илмек үчүн темир арматуралар – 2000 сом.
3. Күзгү (диаметри – 20 сантиметр, калыңдыгы – 2 миллиметр) – 70 даана. 1 даанасы – 120 сом. 70x120=8400 сом.
4. Дөңгөлөк (бутуна) – 4 даана. 1 даанасы – 50 сом. 4x50=200 сом.
5. Желим (силикондуу клей-герметик, күзгүнү антеннанын бетине чаптоо үчүн) – 1 даана 100 сом.
6. Темир (конус түрүндөгү түтүкчө үчүн, узундугу – 60 сантиметр, туурасы – 18 сантиметр) – 100 сом.
Өзүбүз ширетип, темирлердин бетин өзүбүздөгү краска менен сырдагандан кийин ага чыгым кетпеди.
Бардык чыгым – 15 миң 800 сом.

КАНТИП ЖАСАЛАТ?

Алгач антеннанын буттары, казан асчу илмеги жана аны кармап туруучу тирөөч арматуралардан жасалып, сүрөттөгүдөй кылып ширетилет. Ары-бери жылдырганга оңой болушу үчүн бутуна дөңгөлөктөр, андан кийин мештин ортосуна темирден конус түрүндөгү түтүкчө орнотулат. Антеннанын жана түтүкчөнүн бетине күзгүлөр желим менен чапталат. Кээ бирлер күндөн алынган энергия адаттагыдан көп болушу үчүн күзгүлөрдү төрт бурчтук түрдө майдалап, жылчык калтырбай антеннанын бетине чаптап чыгышат экен.
Казан асчу илмеги кыскартылып жана узартылып коюлгудай болушу шарт. Бул тамакты тез же оттон алыс кармап демдеп койгонго керек. Болду, меш даяр!

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Taalaibek.
2017-07-25 10:42:10
Толук суроттору жок экен! Эки сурот менен муну жасаш оной эмес.
+1
s-sung
2017-07-25 17:14:45
4ygymy kop neme eken..
0
s-sung
2017-07-25 17:15:30
owon4o araketini akta4udai emes ko..al ak4aga gaz balon mn dele jetinesin)))
0
Syn4y
2017-07-25 21:39:05
Интернетте толтура мындай видеолор
0
bond0202
2017-07-26 07:42:51
болбогон нерсе
0
anobis85
2017-07-26 19:55:06
никола тесланын резонансы колебателный контурду искровик аркылуу разгон кылуу ээн таза энегия интернеттен карасаңар настройкасы 2 фольганы ороп баруу резонанстык точкага жеткичекти 2чи катушкадагы
0
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан