ООРУГА ШЫПАА ДАРАКТАР

Жазгы дары өсүмдүктөрдүн катарында сирень, долоно, кайың, бака жалбырак, койчу баштык да бар. Алардын дарылык касиети, колдонулушу тууралуу сөз кылабыз.

КАЙЫҢ
Колдонулуучу бөлүктөрү: жалбырагы, кабыгы, ширеси.

Чогултуу
Жаш жалбырактары май, июнда жыйналып, кургатылат. Ширеси жазда алынат. Дарактын сөңгөгүн 5-6 сантиметр тереңдикте тешип, ага түтүкчө орнотушат. Аккан шире атайын идишке чогултулат. Шире жыйноонун дагы бир ыкмасы, кайыңдын кабыгын сыйрып, ал жерге идиш орнотуп коюшат. Жай аккан шире идишке жыйнала берет. Кайыңдын кабыгынан кара май (берёзовый дёготь) алынат.

Курамындагы керектүү заттар Кайыңдын жалбырагында эфир майы, С витамини, сапонин (органикалык кошулма) жана башкалар бар.
Ширесинин курамы кант, органикалык кислоталар, белок жана башкалардан турат. Кабыгында кайың камфорасы, фитостерин, эфир майы, чайыр жана башкалар бар.

Дарылык касиети жана колдонулушу

  • Жалбырагынан даярдалган чай организмден сууну чыгаруучу мыкты каражат. Андыктан бөйрөк ооруларында, анын ичинде бөйрөктүн таш оорусунда колдонулат. Чайдын даярдалуу рецеби: кургатылган жалбырактан 1 чай кашык алып, үстүнө 120 грамм кайнак суу куюу керек. 10 мүнөт демдеген соң жылуу кезинде ичилет. Мындай чайды бир күндө 3 маал ичүү сунушталат. Мындан ташкары кайыңдын жалбырагы организмде зат алмашуу бузулганда, кызыл жүгүрүктө пайдаланылат.
  • Кара май тери ооруларында, анын ичинде чакалайда сүйкөлөт.
  • Кайыңдын ширеси ашказанды тазалайт. Бул үчүн күнүгө 4-5 стакандан ичүү кажет.
  • Ширени чач үчүн лосьон катары колдонсо да болот. Ал чачтын түшүшүн токтотуп, какачтын алдын алат.
  • Кабыгын кайнатып алып кызамык чыккан баланы киринтсе, оорусу тез кайтат.
  • Куяң, кызыл жүгүрүктө кайыңдын жалбырагын кайнатып, күн сайын жатарда буулануу кажет. 10 күн кайталап, 6 күн эс алып, анан дарыланууну улантуу зарыл. Дарылануу курсу 30 күн.


СИРЕНЬ
Сирень – көп жылдык дарак.
Дарылыкка гүлү, жалбырагы колдонулат. Май жана июнь айларында гүлдөйт. Гүлүнүн жана жалбырагынын курамында эфир майы, сирингин гликозиди, фарнезол сыяктуу керектүү заттар бар.

Дарылык касиети

  • Жалбырагынын кайнатмасы суук тийгенде, сасык тумоодо колдонулат. Анткени адам кайнатманы ичкенде абдан тердеп, дене табы төмөндөйт. Дарынын рецеби: 2 чай кашык кургатылып майдаланган жалбырагынын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлат. 1 саат жылуу жерге коюп демдеген соң пайдаланууга болот. Күнүгө 3-4 маал 50 граммдан жылытып ичүү кажет. Ушул эле кайнатма тери ооруларында да колдонулат (ичилет). Андыктан жалбырагын сактап койгон жакшы.
  • Гүлүнүн тундурмасы. Кызыл жүгүрүктө, бөйрөк ооруларында, желди айдап чыгарууда колдонулат.

1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык жалбырагын же гүлүн салып демдөө кажет. Анан бир күндө 3-4 жолу бир аш кашыктан кабыл ала берүүгө болот.
Сирендин тобурчагынын кайнатмасы какачты кетиргендиктен, баш жууганда колдонсо болот.


ДОЛОНО
Курамындагы керектүү заттар
Мөмөсүнүн курамында аскорбин кислотасы, каротин, пектин, фруктоза, крахмал, май бар.

Колдонулушу
Долонодон жүрөктүн иштешин жакшыртуучу дары алынат. Атеросклероздо, кан басым оорусунда, жүрөктүн аритмиясында да долоно пайдалуу.
Мөмөсү жана жалбырагы чай катары демделип ичилет. Долонодон жасалган дарылар кан тамырдын жана мээнин иштөөсүн жакшыртып, акыл-эс жактан чарчоону жок кылат. Долоно жазында гүлдөп, мөмөсү августта бышат.

Элдик медицинадан Жүрөктүн бардык оорусунда колдонулуучу дарылардын рецепттери:

  • Гүлүн терип алып салкын жерде кургатып, талкалап алуу кажет. Анан 150 граммын 300 грамм балга аралаштырып, күнүнө 1 чай кашыктан 3 маал ичүү кажет. Дарылануу курсу 3 ай. Бул дарыны ашказан ооруп, тамакка табит жоголгондо да колдонсо жакшы.
  • Мөмөсүн кургатып, талкалап алуу зарыл. Анан 1 чай кашыгын 1 литр сууга кошуп, 1 саат кайнатып, муздаганда сүзүү керек. Үстүнө 20 грамм алма сиркеси кошулат да, күнүгө 30 граммдан 3 маал ичилет. Дарылануу курсу 2 ай.
  • Бөйрөктүн жана табарсыктын оорусунда, өт жана жатын сезгенгенде колдонулуучу дары. Кызыл долононун тамырынын кабыгын аарчып, көлөкөдө кургатуу зарыл. Анан күлдөй майдалап, 100 граммын 0,5 килограмм балга аралаштырып, күнүгө 1 чай кашыктан 3 маал ичүү сунушталат. Дарылануу курсу 2 ай.


КОЙЧУ БАШТЫК
Дарылыкка сабагы, жалбырагы, гүлү колдонулат. Гүлдөп жаткан учурда орулуп алынат. Уругу бышып, ачыла баштаганда чогултса, дарылык касиети өтө төмөн болуп калат.

Колдонулушу

  • Медицинада койчу баштыктын тундурмасы бир топ ооруларда кеңири колдонулат. Элдик медицинада кайнатмасы ич өткөктө, гастритте, кан агууда, кургак учукта, калтыратмада, суук тийгенде, зат алмашуу бузулганда пайдаланылат. Жараны жууп-тазалоодо, кан басымды төмөндөтүүдө, ичеги оорусунда, мурун канаганда, өт оорусунда, зарна болгондо колдонсо жардамы чоң.

Кайнатма үчүн рецепт: 10 грамм кургатылган чөптү 300 грамм сууга салып 30 мүнөт жай отто кайнатуу керек. Анан сүзүп алып, 3 маал 30 граммдан ичилет. Дарылануу курсу 10 күн.

  • Ширесинин залалдуу шишикте, ич өткөктө, кызыл жүгүрүктө, жүрөк, боор жана муун оорусунда пайдасы чоң. Өт жана бөйрөктү тазалоочу, организмден шлактарды чыгаруучу да касиетке ээ.

Дарынын рецеби: койчу баштыкты оруп келер менен эт тарткычтан өткөрүп, ширесин алуу кажет. Шире канча болсо, ошончо бал кошуу керек. Дары бир күндө 5-6 маал 1-2 чай кашыктан ичилет.


БАКА ЖАЛБЫРАК
Бул дары чөп май айынан сентябрга чейин гүлдөйт. Жалбырагын жай бою даярдоого мүмкүн болсо да, гүлдөгөнгө чейин чогултуп алуу жакшы. Анткени таасири күчтүүрөөк болот. Бака жалбырактын курамында кремний кислотасы, адамды сергитүүчү заттар жана башкалар бар. Бака жалбырак бактерияларды өлтүрүүчү касиетке ээ.

Колдонулушу

  • Жалбырагын чай сыяктуу демдеп ичсе, жөтөлдө, дем алуу жолдоруна суук тийгенде, ич өткөктө пайдалуу.

Дарыны жасоо ыкмасы: кургатылып майдаланган жалбырагынан 10-15 грамм алынып, үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлуп, демделет. Муздаганда сүзүп алып, 1 аш кашыктан 5-6 маал ичүү керек.
Жара чыкканда, бир жерин кесип алганда, чыйкан чыкканда, уйку качканда, ичеги ооруларында бака жалбырактын ширеси ичилет. Ал үчүн 1 чай кашык жалбыракты 1 стакан сууга кайнатып, 2 саат демдеген соң улам бир ууртамдан иче берсе болот.

Эскертүү! Элдик медицинадан колдонуудан мурда сөзсүз врачтан кеңеш алуу кажет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
italia
2010-05-08 02:43:01
Рахмат силерге! Озубуздо еле канча деген пайдалуу чоп дарылар бар ушуларды билип алганыбыз жакшы да.
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан