МЫКЫ КЫЗ ИЗДЕЙТ

"ҮЙ-БҮЛӨМ"



– Ата-энем учурда Ысык-Көл облусундагы Кең-Суу айылында турушат. 6 бир туугандын экинчисимин. Менден улуу агам, кичүү 2 иним жана 2 карындашым бар. Азыр агам жана менден кийинки иним үчөөбүз борбордо жашайбыз. Калгандары айылда. Атамдын аты Болот, билими боюнча агроном, бирок азыр айылда уста болуп иштейт. Апам үй кожойкеси. Эч кимибиз үй-бүлө кура элекпиз, ал тууралуу ата-энебиз деле сөз козгой элек, биздин деле оюбузда азырынча үйлөнүү жок.

"ЖАШООМДО СПОРТТУН ЭЭЛЕГЕН ОРДУ ЧОҢ"



– Билбейм дегенден көрө аз болсо да билем дегенди туура көрөм. Ошондуктан спорттун көп түрү менен алектенүүгө аракет кылам. Албетте, бардыгынан футбол көбүрөөк жагат. Себеби аны каалаган жерде ойной берсе болот. Мисалы, жайлоодо, айылда, шаарда, компьютер аркылуу же жок дегенде башкалардын ойногонун көрөсүң, «Реал Мадрид» курама командасына күйөрмандык кылып дегендей. Акыркы учурда келбетиме жакшы көңүл бурууга кириштим. Спорт залга барып жатам, кыскасы, менин жашоомдо спорттун ээлеген орду чоң.

"ЖЕКЕ ЖАШООМО КАЙРЫЛСАК"



– Учурда сүйүү мамилесин курууга кыз издеп жүрөм. Буга чейин жазында бир кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Тартуу иштери менен такыр бошой албай ушунчалык тиги кыздын алдында ыңгайсыз абалда болуп жүрдүм. Бирок колумдан келишинче эле көңүл бурууга аракеттендим. Азыр эми жакшы эле, дос болуп калдык (күлүп).

"ХОББИМ ЖУМУШКА АЙЛАНДЫ"



– 9-классымда айылдагы союлган малдардын терисин шаарга жездеме жиберип пайда тапчу элем. Негизги жардамчым апам эле, "тиги той кылып жатыптыр, тиги уй союптур, бара кал" деп айылда союлган малдар тууралуу маалымат берип турчу. Алгачкы каражат тапкан ишим ошол болгон. Ушул убакка чейин КВН, "Тамашоуну" өзүмдүн хоббим деп билет элем. Бирок бул тажрыйба мектеби бизге кесип болчудай нерселерди үйрөтүптүр. Азыр юмордун жардамы менен түрдүү долбоорлордо иштеп, сахнага чыгып акча таап баштадым. Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин машина куруу факультетин аяктагам, гезит-журналдар кантип басылат, анын баарын үйрөнгөм. Юмор жаатында ишим жүрүшпөй баштаса бул жакка келип, сиздердин гезиттерди басып берип иштейм. Бирок унаа айдаганды билбейм (күлүп). Эмнегедир ушул нерсеге такыр кызыкпай койдум.

"ТАМАККА БОЛГОН ТАБИТИМ"



– Мен тамак тандап, "тигини жебейм, муну жейм" деген адамдарды жаман көрөм. Гастролдоп эки жакка көп чыгабыз, анан бизди тосуп жаткан кишилерди убара кылып эле тамак тандаган адамдар биздин арабызда деле бар. Көптөр муну "жылдыз оорусу" деп кабыл алышат да. Кичинемден орто жашаган үй-бүлөдө өстүм, 1 нанды үйдөгүлөрдүн бардыгы бөлүп жеген күндөрүбүз болгон. Эмне бар болсо ошого шүгүр дегенге көнгөм. Бирок өзгөчө камыр тамактарга жакынмын. Алардын ичинен апамдын кургак кесмеси. Айылда жүргөндө апам бизге ошол тамакты аябай көп жасап берчү. Окурмандар менен рецептин бөлүшө кетейин: Кадимки суюк тамактай эле картошка, эт, пияз, сабизин кууруп суу куябыз дагы, казандын үстүнө темир торчо коюп, ага кесмени жайып, үстүн жаап бышырабыз. Кийин тиги суюк тамакка бууга бышкан кесмени аралаштырып коёбуз, өзгөчө даамдуу болот.

"ЭС АЛУУМ"



– Мектепте окуп жүргөндө биринчи жолкусунда кошунама жардамдашып, экинчи жолкусунда туугандарыбыз менен жайы бою жайлоодо жүргөн элем. Ошол убакыт ушунчалык жан дүйнөмө сиңип калыптыр. Азыр дагы жүрөгүм жайлоого эле тартып турат. Таза аба, салкын аба ырайы, интернет жок, телефон такыр тартпайт. Кымызды ичесиң, тынч уктайсың, атты минесиң, айтор, жашоонун жыргалы жайлоодогудай туюлат.

Нуркыз Курманбек кызы
(Сүрөттөр Мыкынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мыктыбек Мукаев:"Бишкектин кээ бир кыздары, аман эле болгула"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aiza16
2017-07-25 15:23:47
Эрмек Нурбаевге рахмат. Канчалаган балдардын багын ачты
+15
Kanykei_95
2017-07-25 16:29:08
Ийгилик сизге,ыймандуу кызга жолугунуз
+7
Ferdews
2017-07-25 20:09:50
Мыкыы, койгон максаттарына,иштерине ийгилик!!!
+4
Aidan88
2017-07-25 23:04:57
Myky kurgak kesmeni estettin da,kichinekeibizde kop jechu elek ,
+3
tatynam_88
2017-07-27 09:25:24
Мурдакы санында.турмуш туйшугун жалгыз которгон айымдар деген беле темасы.унутуп калдым.кыскасы алдынкы санын карасанар
0
MIRBOLOT
2017-07-28 16:52:24
Кен-Суулук болсо, "братишка" турбайбы? Өсө бер иним, оюңдагынын баары ишке ашсын!
+2
KaSuBa
2017-08-01 02:09:50
Ииий эртен женеме кургак кесме жасатпасамбы эркелеп))Аябай жагат да!
+1
Kroxa
2017-09-11 21:50:33
Тилегине жет копту умуттондургон жигит да..Колдук болосунбу??если что..
0
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан