ЖЫЛДЫЗДАР КАНЧА СОМГО КИЙИНИШЕТ?

Адатта концерттерден, тойлордон, кечелерден, сыналгыдан ырчыларды артист костюмдары менен көрөбүз. Ошол таанымал жүздөр күнүмдүк жашоодо сахнага кийген кийимдерин кийип жүрбөгөнү анык. Биз билген ырчылар көчөдө кандай стилде кийинишет? Кайсы жактан кийинишет? Кызык бекен? Келиңиз анда, төмөндөгү маалыматка карап жооп алыңыз.

АЯНА КАСЫМОВА ЧАПТАШКАН КИЙИМДЕН СЫГЫЛЫП КЕТЕТ

Кийинүү стили
– Классика жана кэжуал. Кенен фасондогу рубашкалар, бойфренд жана кюлот шымдарды жактырат. Анткени кыймыл-аракетти чектебейт. Жабышкан кийимдерди кийсе сыгылып кетет.
Жактырган кийимдери – Жынсы, булгаары куртка, бомбер жана пиджактын бардык түрлөрү.
Жактырбаган кийими – Чакчайган ачык түстөгү футболкалар.
Бут кийими – Кроссовка, кедалар жеңил жана көп басканга ыңгайлуу болгондуктан, классикалык кийимдер менен айкалыштырып кийе берет. Бийик такалуу бут кийимдерди кечелерде, концерттерде гана киет.
Кийинүүдө басым жасайт – Минимализм.
Жактырган түстөрү – Кийимдеринин көбү ак, кара, боз, күмүш түстө.
Аксессуарлар – Шуру, мончокторго кызыга бербейт, сейрек тагынат. Өзгөчө аксессуарлар деп сумкаларды эсептейт.
Кийимдерди кайдан алат? – Кытай, Корея, Түркия кийимдерин саткан интернет дүкөндөрдөн буйрутма менен алат. Алардын сапатына ишенет. Айрым учурда тигүүчүлөрдүн кызматынан пайдаланат.

Бүгүнкү кийинүү стили – КЭЖУАЛ

  • РУБАШКА – фирмасы белгисиз, интернет дүкөндөн буйрутма менен алган – 2000 сом

  • КЮЛОТ – фирмасы белгисиз, интернет дүкөндөн буйрутма менен алган – 2500 сом

  • СУМКА – фирмасы “Michael Kors” , Бельгиядан буйрутма менен алган – 400 доллар

  • КЕДА – фирмасы белгисиз, интернет дүкөндөн буйрутма менен алган – 6000 сом

ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ ГАРДЕРОБУНДАГЫ КИЙИМДЕРИНИН 70 ПАЙЫЗЫН ЧЕТ ӨЛКӨДӨН АЛГАН

Кийинүү стили
– Кэжуал. Бул стилдеги кийимдер кенен, бош болгондуктан кыймыл-аракетти чектебейт. Спорттук жана классикалык кылып кийсе да болот.
Жактырган кийими – Гардеробундагы бардык кийимдери.
Жактырбаган кийимдери – Классикалык көйнөктөр, костюм-шымдар.
Бут кийими – Кроссовка жана кедалар. Спорттук бут кийимдеринин көпчүлүгүн чет өлкөдөн алат. Туфлини атайын концерттерде, той-топурларда гана кийет.
Кийинүүдө басым жасайт – Эң башкысы, кийимдин модасына эмес, анын дене түзүлүшкө, өң-келбетке жарашыктуу болушу.
Жактырган түстөрү – Кандай түстөр өңүн ачса, ошол түстөгү кийимдерди ала берет.
Аксессуарлар – 6 сумка жана 30дан ашуун көз айнеги бар. Көз айнектерин көчөдө гана эмес мекеменин ичинде, караңгыда деле тагынып жүрө берет.
Кийимдерди кайдан алат? – Борбордогу кийим соода дүкөндөрүнөн кийинет. Чет жерге көп чыккандыктан гардеробундагы кийимдердин 70 пайызын дүйнөлүк бренддеги кийимдер түзөт.

Бүгүнкү кийинүү стили – КЭЖУАЛ

  • ФУТБОЛКА – фирмасы “Terranova” – 590 сом

  • ШЫМ – фирмасы “Terranova” – 2300 сом

  • СУМКА – фирмасы белгисиз, бир тууган эжеси Айжамал белекке берген – 300 доллар

  • КЕДА – фирмасы “All Star Core”, Таиланддан алган – 800 сом

Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Buzainap
2017-07-25 10:20:52
Аянанын шортасы 2500сом экен.мен откондо дордойдон 2000ге эки сыйра жайкы кийим кылдым элее
+34
aliya-leyla
2017-07-26 13:49:21
Buzainap,:))))
0
Aitun
2017-07-25 10:45:27
Аянаныкындай сумка менде да бар Москвада
ТЦ Метрополистен Michael Korsтан алгам 3999р эле озунчо 400$деп коюптурда. Кийимдеринин ценнасыго норма эле. Кедасы деле 6000деп ойлобойм. Алэкпресстен андай кедаларды 250р тапса болот.
+21
Uhtishka.
2017-07-25 15:23:26
Aitun,Майкл Корстун сумкалары негизи 400 долларга арзан десек да болот ))Сиз алган 4 мин р сумка башка сапатта ...))
0
Aitun
2017-07-25 22:48:53
Uhtishka.,Michael Korsтун бутигинде башка сапата болот деп ойлобойм тем боле Москвада жазарда кичине ойлонуп жазсаныз.
0
nurik838383
2017-09-24 22:49:25
Aitun,олтурдунго дадин, мактанып аттыле
0
meliss
2017-07-25 13:54:26
Чиркин мен деле мактансам болчудай экен анда,озбек таанышым склада кладовщик болуп иштейт ал жактан кымбат баалуу кийим кечелерди согуп чыгып арзан баада мага сатат.дос балдар сурап калат кайдан деп оозум мурдум кыйшайбай тыяктан бияктан деп койом
+7
Anucha
2017-07-25 15:30:54
meliss,согуп келгендерден бизгеда списан )
+1
Tolkun555
2017-07-26 11:22:22
meliss,ошо өзбек таанышың урдап чыгып канча сооп тапса сага да кемибестен ошончо жазылып турат ко чиркин.кандай жооп берет экенсин кийин тиякта
+2
Suranbaievayryskan
2017-07-25 16:42:18
Мисалы 10000сумка алдым дейин бирок аны ашып кетсе 5 .6 жолу асынасын андан башкасын аласын менимче ысрап кылгандын кереги жок
+9
aqua-94mema
2017-07-25 18:40:33
Дайыр ды аябай эле кымбат кийимге басым жасайтго десе. Терранова Москвадагы эн эн арзан магазин. Сапаты дагы ото начар.Ичине кирсен жайма базардан айырмасы жок.
+5
Guji
2017-07-25 20:17:19
aqua-94mema,Тураа даже жакпайтко жаш балдардын эле кийими кичине түзүк.
+1
Guji
2017-07-25 20:18:20
Аяна шытангоо мага материал алып келип берсен жөн эле тигип берем 4 5 ну
+6
aman0296
2017-07-25 20:19:05
Дайырдын 800 сомдук кедасына караганда менин кедам 3эсе кымбат экен
+2
kozuwka
2017-07-25 21:34:24
кымбат кийинсе дагы айтасынар мактанды деп ,арзан кийинсе дагы айтсасынар базардыкы деп деги бизге эч нерсе жакпайт, кийим- эн негизгиси жарашыктуу , тыкан болсо болду да!
+19
nursiyanur
2017-07-25 23:21:37
400$сумка алгандын ордуна бей бечараларга бер.Мен бүгүн эле 2000сомдук шымды жактырып,кымбат базардан эже адам Деп албай чыктым
0
aiman1983
2017-08-11 23:42:58
nursiyanur,бей бечарага бербесин, бир корунуктуу клип тарттырсын, эч ким ырдабаган ыр сатып алып ырдаса Аяна ошол 400 долларга
0
Ulan2601
2017-07-26 16:55:06
Озубуздун дордойдон эле койбосун
0
aliadeli
2017-07-27 12:55:35
негизи ар нерсенин жообу бар.кийим десе эле апчып чапчып кийинишет.бир кийимди жыртып аны бутоп ал жарабай калганда башка ал деген куранда.мен ошондой нерсени мээмэ куюп алгамын.албетте эки жака жакшы кийинесин
+1
Uzakova.Z.A
2017-07-27 16:43:11
Дайыр молодец жонокойлугу ушул да эл катары кийиниптир
+2
Afina
2017-07-29 08:37:25
шумдук сындагансынар го?! жашоо шарты кымбат кийингенге мумкунчулук берип атса кийине беришсин! силерден бир сом сурап атабы?! Молодцы, жаш туруп озуно ушундай кийингенге мумкунчулук берип атат!
+3
fanatka19
2017-07-31 12:17:22
Теренова десе күлкү келди,болбогон фирма.
0
stervella415
2017-08-01 00:08:50
Укмушсунар еми..аянаны кымбат кийинет деп шыбап дайырды арзан кийинет деп аны да шыбап...еми силердин сурасынбы кандай канча сомгт кийинем деп...жазат десе еле жаза бересинер...ак емгеги менен иштеп атышса каалагандай кийине беришсин...
0
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан