ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (24-июлдан 30-июлга чейин)



КОЙ (21.03-20.04)
Жашооңузда жакшы жаңылык болот. Анын кесибиңизге, жеке турмушуңузга тиешеси болушу мүмкүн. Жаңы таанышууларга кучак жайыңыз, ал жашооңуздун жаңы барагын ачып берет. Апта соңунда жакын адамдарыңыз менен сапарга чыгуу күтүлөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Тамак-аш жегенде, табият коюнуна чыкканда сак болуңуз. Тамакка уулануу же аллергияга кабылуу коркунучу бар. Көпчүлүктөн өзүңүздү калкалап турганыңыз жакшы. Бейшемби, жума күндөрү юридикалык маселелерди чечпей турганыңыз оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында кыйынчылыктар кездешет. Бирок сиз үчүн жеңил өтүп кетет, ошондуктан капаланууга негиз жок. Кимдир бирөөлөрдүн көрө албастык тузагына да илинишиңиз мүмкүн, андыктан жаңы таанышкан адамдар менен чекти сактаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ишиңиз жалаң илим менен байланышкан атмосферада өтмөкчү. Бул жаңы пландарды түзүүгө стимул берет. Ден соолугуңуз кескин начарлашы мүмкүн, өзүңүздү жаман сезсеңиз дарыгерге кайрылыңыз. Жуманын аягында жакындарыңыз сиз үчүн сюрприз жасап кубандырат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жеке жашооңузда кризис күтүлөт. Сабырдуулукту сактап, сүйүктүүңүз менен болгон мамилени тең салмактап ойлонуп көрүңүз. Жума, ишемби күндөрү үй-бүлөңүз менен убакыт өткөрүп, үй иштери менен алек болосуз. Апта соңунда каржы жаатында жакшы кабар угасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сизди жаңы таанышуулар күтөт. Апта жагымдуу көз ирмемдерге бай болот. Өзүңүзгө кам көрүп тиш жулдуруу, дарыгерге текшерилүү сыяктуу иштер менен алектенесиз. Кимдир бирөө колдоо көрсөтүүнү сунушташы ыктымал. Баш тартпаңыз, сиз эч нерсе жоготпойсуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада сизге алтынчы туюмуңуз жардамчы болот. Андыктан бир иш баштаарда интуицияңызга таяныңыз. Шашылыш чечим кабыл ала турган курч кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Ишемби күндөрү чоң буюм алгандан сактаныңыз. Алдамчылардын тузагына түшүп калуу коркунучу бар.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Киреше түшө турган апта. Күтпөгөн жерден чөнтөгүңүзгө акча түшөт. Дүйшөмбүдөн башталган ийгилик чынжыры ишембиге чейин уланат. Юридикалык иштер сиздин пайдаңызга чечилет. Табият коюнунда эс алып келсеңиз пайдалуу.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта мурунку каталарды анализдөө, жыйынтык чыгаруу менен өтөт. Каржылык жаатта бир нече маселе жаралышы мүмкүн. Алыска сапарга чыгууга шарт түзүлөт, бирок артын ойлоп, анан чечим кабыл алыңыз. Аптанын аягында туугандарга каттооңуз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Иммунитетиңиз алсызданып, ишке көңүл чаппай кыйналасыз. Ден соолугуңузга кош көңүлдүк кылсаңыз олуттуу маселе жаралышы мүмкүн экендигин эске алыңыз. Жакын адамдарыңыз менен өткөргөн убакыттар сиз үчүн пайдага чечилет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ийгиликтүү апта. Бирок тер төгүп эмгектенүүгө да туура келет. Апта ортосунда романтикалык кечке күбө болосуз. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз жакшырып, бойдоктор жаңы таанышууларга күбө болот. Аптанын аягында үй тиричилик иштери күтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Күтүлбөгөн шартка кабылып, маанайыңыз түшөт. Абалды оңдоп кете турган жакындарыңыздын пикирине таяныңыз. Ишемби күндөн баштап мамилелер оңуна түшүп, сизди колдоочу өнөктөштөрүңүз табылат. Аптада дары-дармек колдонууда кылдат болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан