АЛТЫН ПРОФСОЮЗДАГЫ ЖАШЫРУУН ЖАҢЖАЛ

"Кумтөр" жөнүндө көптөн бери эч нерсе угулбай калды, чынбы? Ал ортодо компания ичинде жаңжал чыкчудай болуп турат. Бай ишкананын ынтымактуу жамаатында түркүн окуялар болуп жатат.

"Кумтөрдө" иштөөнү ким каалабасын? Айлыгы чоң, тамагы бекер, соцпакети бар, квалификациялуу медициналык тейлөөсү бар. Айлыктары улам көтөрүлүп турганына башка кыргызстандыктар кээде ичи күйөт. Мындай жакшы шарттарды камсыз кылган эмгекчилердин кызыкчылыгын коргогон профессионалдык комитет деген пикир бар. Ал жөнүндө гезиттер менен ТВ көп айтат. Профком компания жетекчилигин "забастовкага чыгабыз" деп коркутуп турат, бийликти да коркутат, анан туруп, кайра достошуп калат. Кантсе да стратегиялык ишкана. Токтоп калса болбойт. Кыскасы, "Кумтөрдүн" профсоюзу чоң күчкө ээ.
Алтындын артында чуулуу изи болот, алтындын азгырыгына кимдер гана кабылган эмес. Ал тууралуу колго тийген айрым документтерден билсек болот, өтө кызык. Албетте, "Кумтөр" эч кимге билгизбей жым-жым кылууга кызыктар экени түшүнүктүү. Жаңжалды тымызын бүтүрүүнү каалайт. Бирок алтын кен ишкана баарын катып отура берсе, банк тармагында андай мүмкүн эмес. Кудайга шүгүр, биздин банктар "Кумтөргө" баш ийип калган жери жок, алтындын таасири аларга тарай элек.
Кеп болсо бул тууралуу: "Кумтөр" профкомунда бир нече жетекчи бар, алардын бири эмгекчилердин акчасына колун матырганы белгилүү болду. Көптөгөн кумтөрчүлөр өз акчасынан кол жууганы турат! Бомба? Бомба эмей... Мынакей, эмгекчилердин укугун ушинтип коргойт имиш.
Калысбек Рыспаев деген ысымды уктуңуз беле? Жанагы профсоюздагы ишмер дал ушу. "Кумтөрдүн" профкомунда Рыспаев төраганын орун басары кызматында. Профсоюздун жетекчиси биздин жаңылыкты окуп шок болот го, фактыларды биле элек болсо. Канткени менен ал жетектеген уюмда шумдук иштер болуп жатат.
2015-жылдын күзүндө Рыспаев мырза "Кумтөр" кызматкерлерин тейлеген бир банктан насыя алыптыр. Майдаланбаптыр, чын эле орчундуу себеби бар болсо керек. Ошондон уламбы, банктан барып очойто бир миллион эки жүз миң сом алган. Рыспаев карызын келерки эки жылда толук төлөп берүү милдетин алган.
Бирок төраганын орун басары моюнуна алган милдетин тез эле унутуп калганы белгилүү болду. Банктан Рыспаев мырза жети айдан бери эскертүүлөргө жооп бербей жатканын кабарлашты. Бүгүнкү күндө финансы-кредиттик уюмга Рыспаев мырзанын карызы 750 миң сомду түзөт.
“Алтын” профкомдун жетекчисинин орун басары кыйынчылыктарга кабылган деп болжоого да мүмкүн, эми кимдин башына түшпөйт. Бирок банктын билдирүүсүндө Рыспаев мырза насыяны төлөп берүүгө эч кандай аракет кылбаганы айтылат.
Рыспаев мырза эмнеге ишенип жатат, ким билет?.. Балким, ал күрөөгө кумтөрчүлөрдүн акча каражаттарын койгону үчүн кебелбей жаткандыр? Тактап айтканда, профкомдун төрагасынын орун басары күрөөгө кумтөрчүлөрдүн профсоюздук төлөмдөрү сакталган мөөнөттүк депозиттерди койгону белгилүү болду. Сумма аз эмес – 12 миллион сом. Ал кандайча болду? Рыспаев Калысбек профкомдо акыркы адам эмес. Карапайым жумушчу эмес жана айрым ыйгарым укуктарга ээ.
"Кумтөр" кызматкерлери үчүн баарынан кооптуусу, күрөө боюнча келишимдин негизинде банк Рыспаевдин карызын алдын ала билдирүүсүз эле жогорудагы эсептерден алып коюуга укуктуу. "Кумтөрдөгү" эмгекчилердин укугун коргоочу уялат болду бекен? Түшүнүксүз. Бул чуулгандуу окуядан коомчулук кабар тапканынан улам биринчи кезекте компания өзү бушайман болору шексиз. Кантсе да, имидж баарынан кымбат турат.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Syn4y
2017-07-26 15:06:57
siler kaidan bilip aldynar
0
Asylbek2802
2018-01-31 17:28:02
Кумтөр Кыргызстанды байытбай эле соолукта турган болду
0
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан