БИР БҮРКҮМ

  • Президенттик фонддон Өзгөндөгү ЖЕР КӨЧКҮДӨН жабыркагандарга турак жай куруу үчүн 10 миллион 490 миң 900 сом бөлүндү.

  • Өлкө боюнча 2017-жылдын 6 айында 47 миллиард 41 миллион сом САЛЫК чогултулган. Бул көрсөткүч 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9,3 пайызга көп.

  • Республика боюнча 102 миң жаран БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТКО ээ болду. Аталган паспортту алуу жыл аягына чейин акысыз. Эгер аны жоготуп алса, анда 500 сомго жаңы жасатса болот. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев маалымдады.

  • Бишкек-Ош унаа жолунда 20-июлда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 8 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

  • ЖАРАНДАР ЭҢ ИШЕНБЕГЕН мамлекеттик кызмат – бул Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

  • 2017-жылдын 15-октябрында болуучу президенттик шайлоого карата ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ 36 шайлоо участкасын ачуу пландалууда. Республика ичинде болсо 2,3 миң шайлоо участкасы даярдалган. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

  • Бишкек шаарында ушул жылдын алгачкы 6 айында 1857 ымыркай ЭМДӨӨДӨН ӨТКӨН ЭМЕС. Алардын 1065и диний көз караштан улам баш тартса, 368и вакцинанын сапатына ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

  • Республика боюнча 2017-жылдын алгачкы 6 айынын жыйынтыгында 200 077 үй-бүлө курулуп, 4967 ҮЙ-БҮЛӨ АЖЫРАШКАН.

  • 19-июлда Бишкек шаарына Башкортостандын жана Татарстандын ПРЕЗИДЕНТТЕРИ Рустэм Хамитов менен Рустам Минниханов эл аралык форумга катышуу үчүн келишти.

  • Экс-президент АСКАР АКАЕВДИН мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев 20 жылга сыртынан соттолду. Өкүмдү Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Ага "Манас" аба майданынын май куюу тармагына монополисттик кылган" деген айып коюлду.

  • Кыргыз мамлекетинин 80 пайыз аймагында 9 баллга чейин жеткен ЖЕР ТИТИРӨӨ катталышы мүмкүн. Мындай коркунуч Бишкек шаарында дагы бар. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

  • ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО катышчу талапкерлер 26-июлдан тарта мамлекеттик тилден экзамен тапшыра баштайт.

  •  БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНУН оңдоо иштериндеги кемчиликтер үчүн аталган жолдун дирекциясынын башчысы Изатбек Токтомамбетов иштен алынат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Бектур Токтоноев   
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан