Съездбек Искеналиевдин эжеси Элмира: «СЪЕЗДБЕК ЧАЧЫН ШИЛЕКЕЙЛЕЙ БЕРЧҮ»

Бир тууган

Съездбек Искеналиев он бир туугандын онунчусу. “Бир тууган” рубрикасынын коногу ырчы жигиттин эжеси Элмира Искеналиева болмокчу.

«СЪЕЗДБЕКТИН АТЫН АТАМ ОЛИМПБЕК КОЁМ ДЕП...»
– Биз 11 бир тууганбыз. 6 кыз, 5 уул. Съездбек төрөлгөн жылы КПССтин 26-съезди, анан да спорттук Олимпиада болуп жаткан кез эле. Атам партиянын кишиси болгондуктан, “уулумдун атын Олимпиаданын атынан Олимпбек коём” деп калды. Анан апам экөө сүйлөшүп, кайра Съездбек деген ысымды ыйгарышкан эле. Ошентип, кичинекей Съезддин ысымы аз жерден Олимпбек болуп кала жаздаган. “Эгерде Олимпбек койсок, ким билет, артист болбой эле спортчу болуп кетмек беле?” деп ойлоп калабыз. Кичинекейиндеги кылык-жоруктарын эстей албай жатам. Бирок ашыкча тентектик кылчу эмес. Мүнөзү жумшак, өтө назик, анан боорукер бала болчу. Ошол мүнөзүнөн дале жазбады, кагылайын.

«ЧАЧЫН АРТКА ШИЛЕКЕЙЛЕП ЖАТКЫЗЫП, БИЙЛЕП КИРЧҮ»
– 1984-жылы окуумду бүтүп, иштеп калдым. Анда инимдин 4-5 жаштагы чыт курсак кези. Айылга барсам жолумдан тосуп чуркап чыгат да, үйдөгүлөргө сүйүнчүлөйт. Кичинекейинде шурулар менен кооздолгон, өзүнө куп жарашкан өзбек топусу бар болчу. Анан да өзүнө чак костюм-шымы бар эле. Үй-бүлөбүз чогуу отуруп калганда костюмунун этегин тартып-тартып коюп ырдап кирчү. Чачын шилекейлеп, колу менен артка тарай берген адаты менен боорубузду эзчү. Тим эле кыйшалаңдап бийге түшүп, “белестеги беш ыргай, беш ыргайды мен кыйбай...” деп шаңшып калар эле. Анда менин жолдошум, жездеси кубаттап, колуна момпосуй же акча кармата салат. Белекти алган Съезд ого бетер бийге түшүп, ырдап көңүлүбүздү ачат. Көрсө, ошондо эле чымыны бар экен. Жайкы эс алууда Съездди шаарга көп эле жолу ээрчитип келдим. Каякка ээрчитпейин, момпоюп жүрө берчү. Башка балдардай болуп “муну алып бер, тигини алып бер” деп чаң салчу деле эмес.

«ИТТЕН ЖҮРӨГҮ ТҮШҮП...»
– Бир билгеним, сиңдим Бурул экөө абдан жакын эле. Ал ашканага кирсе, бул жанында ырдап турат. Съезд сыртка чыгып отун жарса, эжеси ырдап турат. Айтор, экөөнүн тандеми сонун эле. Негизи, бала чактан экөө жакын өсүштү. Сиңдим да ооз комуз чертип ырдайт. Экөө тең райондук, облустук ар кандай ыр сынактарга барып жүрүштү.
Съезд мектепти бүтүргөн соң Бишкекте биздин үйдө жашап калды. Үйдө пианино бар. Өзүнчө отуруп алып пианинодо ойнойт. Бизден бир тыйын сурабай, өзү акча тапчу. Жездеси түрктөрдүн батон чыгарчу заводуна жумушка орноштуруп койду. Күнүгө таң эрте саат 4тө туруп, батон сатканы базарга жөнөйт. Айтор, тырышып окууга да, жумушка да жетишчү.
Бир күнү эле эртең менен чыгып кетип эле “апа-а...” деп бакырып калды. Жездеси экөөбүздүн жүрөгүбүз түшүп чуркап чыктык. Сыртка чыксак, кошунабыздын ити Съезддин желкесине асылып алыптыр. Биз чыгарыбыз менен ит качып кетти, а Съезд болсо өң-алеттен кеткен, алайган көздөрү ого бетер алайып калыптыр. Коркуп калган экен, бир топко чейин чочуп жүрдү. Ошондо базарга чыкканын таштайт го дегем, бирок тырышчаак экен, батон сатып акча тапканын токтоткон жок.

«ЖЭЭНДЕРИ ТАЯКЕ ДЕБЕЙ БАЙКЕ ДЕШЕТ»
– Ошентип, биздин колдо 4 жылдай жашады. Окуусун ийгиликтүү бүтүрдү. Алгачкы ийгилиги “Ашыкмын” аттуу клиби болду. Клиптин ачылыш аземинде апам, бир туугандарыбыз болуп баарыбыз бардык. Залда отуруп толкунданып, инибиздин ийгилигинен бүт жакындарыбыздын көздөрүнөн сүйүнүчтүн көз жашы агып турду. Концерттерине калбай барып, дайыма колдоп турабыз.
Балдарым болсо Съездди таяке дебей, "бир тууган байкебиз" дешет. Жээндери Съезд концерт берет дегенде үй бетин көрбөй калышат. Баса, “Боз салкынга” тартылып жүргөн учурда чачын өстүрүп, имиджин өзгөртүп калды. Сурасак, “ролум ушундай, жакында тасманы көрүп түшүнөсүңөр” деп койду. Айткандай эле аталган тасмада роль жаратты. Жездеси болсо “кайним актёр да болду, ичимдик ичпеген жаны тасмадан соң ууртап да калды” деп күлүп калат.

«ҮЙҮБҮЗГӨ КОНОК КЕЛГЕНДЕ СЪЕЗДБЕКТИ «ПОЧЁТНЫЙ»
КЫЛЫП ЧАКЫРАБЫЗ»
– Үйгө конок келгенде “почётный” конок кылып Съездбекти да чакыра калабыз. Бир туугандар чогуу отуруп калганда сөзсүз инибизди ырдатабыз. Апам да кыздарынын үйүнө көп барбайт. Шаарга келсе эле Съездбектикинде жүрөт. Биз болсо барып учурашып келебиз.
Келинибиз Жаркынай да жароокер, элпек чыкты. Биздин үй алардыкына жакын болгондуктан, жума сайын эле инимдикине бара беребиз. Кызы Даткайымдын азыр тили таттуу мезгили. Апасынан мурун эле “келип калдыңарбы, саламатсыңарбы?” деп мойтоюп тосуп алат. Биздин үйгө келгенде болсо босогодон кире элек жатып "мен келип калбадымбы, тосуп албайсыңарбы" деп баарыбызды күлдүрөт.
Съездбектей иним бар экени чоң сыймык. Гезит-телеге чыкса деле кошуналар "ой, иниң ырдап жатат, иниң гезитке чыгыптыр" деп кабарлап турушат. Сыртымдан билдирбегеним менен, ичимден кубанып калам.Кыскасы, инимдин таланты өсө берсин, үй-бүлөсү менен бактылуу болсун, бар болсун деп тилек кылам.

БИР ТУУГАН ИСКЕНАЛИЕВДЕР:
Мирагүл, 48 жашта, 3 баланын энеси, врач
Гулера, 46 жашта, 3 баланын энеси, технолог
Элмира, 44 жашта, 3 баланын энеси, бухгалтер
Бурул, 43 жашта, 2 баланын энеси, технолог
Кубанычбек, 41 жашта, 3 баланын атасы, жеке ишкер
Рахатбек, 39 жашта, 3 баланын атасы, соода менен алектенет
Назгүл, 37 жашта 4 баланын энеси, мугалим
Айбек, 36 жашта, 4 баланын атасы, мал чарбачылыгы менен алектенет
Азамат, 34 жашта, 3 баланын атасы, иштебейт
Съездбек, 29 жашта, 1 кыздын атасы, ырчы
Азема, 27 жашта, 2 баланын энеси, мугалим

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
safina
2010-05-03 15:05:10
ой какой он хороший молодец оркундой бер
0
bayash
2010-05-04 11:35:13
Бактылуу экенсиз Съездбек байке дайыма кыргыз элинин суйуктуу ырчы жигити болуп журо бериниз ийгилик сизге,бир туугандарыныз менен бактылуу болунуз Оштон Гулбурак!
0
italia
2010-05-05 18:07:46
Ишине ийгилик Съездбек!
0
diash
2010-05-07 23:38:10
Ishine jana Jashoono en jakshy tilekterimdi aitam. Bar bol!!!
0
AazamatBBB
2010-05-10 09:24:29
бар бол, талантын ташкындасын!
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан