БОИНГ КЫРСЫГЫ: ТҮРК КОМПАНИЯСЫ ТАРАБЫНАН ИЮЛДУН АЯГЫНА ЧЕЙИН КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨНӨТ

Боинг кырсыгынан жабыркагандарга компенсацияны түрк тарап июль айынын аягына чейин которот. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 17-июлда журналисттерге айтты. Бул иш августтун аягына чейин да созулуп кетиши мүмкүндүгүн кошумчалады. Анын айтымында, компенсация катары берилүүчү акча эки тарапты тең нааразы кылбайт. Ал эми буга чейин элден чогултулган 100 миллион сомдон ашуун каражат жабырланган жарандарга таратылып берилген.
Эске салсак, ушул жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги Дача СУ аймагына Боинг жүк ташуучу учагы кулап, 39 адам көз жумган. Анын 35и Кыргыз жарандары болгон.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан