ГЭС КУРУУЧУ ЧЕХТЕР БОЮНЧА СУРООЛОР КӨБӨЙДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда Чехиянын "Liglass Trading CZ SRO" (LTD CZ) компаниясы менен Кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, чех тарап 50 күнгө чейин баштапкы капитал катары 37 миллион доллар котормок. Ал каражат Орусиянын 2012-жылдан бери аталган курулушка жумшаган каражатын жабууга сарпталуусу пландалган. Келишим түзүлгөндөн бир нече күндөн соң чех маалымат булактары "Белгисиз чех компаниясы Кыргыз мамлекетине миллиарддаган акчага ГЭС курат" деп макала жазып чыгышты. Ошондой эле бул компанияны Чехиянын президенти Милош Земан, анын канцелярия башчысы Вратислав Минарж Кыргыз тарапка сунуштаганын кабарлашкан. Компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген zpravy.aktualne.cz чех сайты "Liglass Trading CZ SRO" компаниясы 2014-жылы аз көлөмдөгү каражат менен иштеп, чыгаша тартып калганын аныктаган. Ошондой эле бул мекеме тууралуу Чехиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин кабары жок экенин жарыялашкан. Журналисттердин иликтөөлөрүндө көрсөтүлгөн аталган компаниянын ташталып, каралбай калган заводунун сүрөтү күмөндүү ойлорду ого бетер күчөттү. Чех ЖМКсынын мындай маалымат таратканы кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып, келишимге кол койгондорду жазалоо сунушун бергенге чейин жетти.
Чехтер менен келишимге кол койгон Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев "Бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер алар милдетти аткарбаса, макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарып, кайрадан тендер өткөрөбүз" деп билдирди. "Liglass Trading CZ SRO" компаниясы 18-июлда маалымат таратып,
500 миллион доллардын тегерегинде сарптала турган ири долбоорду курууга каражаты бардыгын, долбоор эч кандай күмөндүү эмес, ачык булактардан каржылана тургандыгын, ошондой эле алар тууралуу таратылган терс маалыматтарды тендерден жеңилип калган атаандаш компаниялар чыгарып жатышат деген жоромолун билдирди.
19-июлда президент Алмазбек Атамбаев Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Анда өлкө башчы чех компаниясы менен түзүлгөн келишимдин аткарылышы тууралуу маалымат алып, өлкөнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюуну тапшырды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан