ШАЙЛОО-2017: ҮЧИЛТИКТЕН ҮЧӨӨ ТЕҢ ШАЙЛООГО АТТАНДЫ

2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү президенттик шайлоого катышуу ниетинде БШКга арыз тапшыргандардын саны 20-июлга карата 33кө жетти. Алардын ичинен 28 жаран өзүн-өзү көрсөтсө, 5 жаранды саясий партиялар сунуштаган. Өткөн жумада БШКга арыз тапшырган 23 талапкер тууралуу маалымат бергенбиз. Алардын катарына кошулган 10 талапкердин сегизи өзүн-өзү көрсөттү. Алар: Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Нусрет Муса-Оглы Мамедов, "Шматрица" ЖЧКсынын башчысы Руслан Джунусов, Мирлан Шерикул уулу, "Аалам" партиясынын лидери Арсланбек Малиев, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров, "Улуу чындык" коомдук фондунун башчысы Токтобүбү Таласбаева, консультант Дамира Токтосунова жана экс-депутат Садыр Жапаров.
Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана "Кыргызстан социал-демократтар партиясынын" мүчөсү, учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков саясий партиялар тарабынан көрсөтүлдү.
15-июлда Бишкек шаарында КСДПнын съезди болуп, анда жалгыз талапкер катары премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бекитилди. КСДПда президенттикке татыктуулардын көп экенин айтып, жадакалса өзүнүн да шайлоого аттануу ниети бар экенин жашырбаган парламент спикери Чыныбай Турсунбеков партия съездинде ал оюн дагы бир жолу бекемдеди. Алдыда Турсунбековдун да өзүн-өзү көрсөтүү жолу аркылуу БШКга арыз бериши күтүлүүдө.
2016-жылдын аягында биригишкенин, алдыдагы президенттик шайлоого бирге барышарын билдирген 3 үлкөн саясатчы Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев шайлоого үчөөсү тең аттанарын ачыкташты. 18-июлда "Ата Журт" саясий партиясынын съезди болуп, анда партиянын тең төрагалары Келдибеков менен Ташиевдин президенттикке талапкерлигин делегаттар колдошту. Айрымдар үчилтик ыдырады деген ойду айтышууда. Ал эми "ата журтчу" эки лидер журналисттерге шайлоого жакын 3 талапкерден бирөөсү эле каларын билдиришти. БШКга толук катталганга чейин саясатчылардын бул чечими өзгөрүп кетиши мүмкүн. Катталгандан кийин деле жарыштан кайсы бири баш тартып калган талапкерди командасы менен бирге колдоого алышы мүмкүн. Айта кетсек, Буга чейин Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюлары, демек, анын шайлоого катыша албасы маалымдалган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан