90-жылдары популярдуулукту багынткан легендарлуу "Элес" тобу кайрадан бирикти. 2002-жылдан тарта тыныгуу жасап келген топтун жаңы жетекчиси Актан Исабаев бизге төмөнкүдөй маалымат берди:
– Топту бириктирүү тууралуу көптөн бери ойлоп жүргөм. Келечек муундарга ушундай топтун бар экендигин маалымдоо максатында бириктик. Мен топтун жетекчиси болдум. "Элес" тобу убагында чыгармачыл чөйрөдө алгылыктуу иштегендиктен, калк арасында кадыр-баркы сакталып калыптыр. Топтун жаңы курамында экс-солисттерден Адил Чекилов, Нурлан Мамбетов жана мурдагы курамдан тышкары Нурсултан Раимбеков аттуу жигит кошулду. Ошондой эле топтун мурунку жетекчиси, маркум Азамат Ашырбековдун уулу Ильяз атасынын жолун жолдоп бас-гитарчы болуп топко кирди. Азыр жаңы ырларды жаздыруунун, эски ырларды жандуу аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, август айында концерт өткөрөлү деген пландарыбыз бар.