Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Мажиттин карындашы Кызсайкал турмушка чыкты. Ал 6 жашынан тартып сахнага чыгып, "Апакем", "Балалык", "Достор" деген ырлары менен элге таанылган. Ал бойго жетип түгөйүн таап, турмуш жолуна аттанган кези тууралуу: "Жолдошум Эрнист менен 1 жылдан ашуун кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Жашым 18де болгондуктан эрте турмушка чыгышыма ата-энем каршы болду. Экөөбүз сүйлөшүп, ала качуу жолу менен баш коштук. Кайын журтум абдан жакшы кабыл алышты. Ошондонбу, мага келин болгондун кыйынчылыгы деле билинген жок. Жолдошум менден 2 жаш улуу. 5 убак намаз окуп, жеке ишкерлик менен алектенет. Ырчылыкты таштайм",- дейт Кызсайкал. Баш кошкон түгөйлөргө биз дагы бакыт каалайбыз!