Тамашоучу, "Универсал" командасынын капитаны Калыбек Турдубаев уулдуу болуп, кубанычка бөлөнүп турган кези. Ата статусуна ээ болгон Калыбек мырза менен байланышканыбызда балалуу болгондогу сезимдери менен бөлүшүп, төмөнкүлөрдү айтып берди: "Уулум 14-июль күнү Ала-Букадагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келди. Тун балам болгондуктан толкунданып, башкача сезимдерге чулгандым. Балалуу болуу ата-энеңди түшүнүүгө, аларга болгон мамилеңди өзгөртүүгө алып келет экен. Уулумдун атын чоң атасы Алымбек деп койду. Азыр келинчегим менен баламдын ден соолугу жакшы. Өзүнчө чакан мамлекет болуп калдык".