4 жыл мурда "Кыргызстан сулуусу-2013" сынагында 18 жаштагы Жибек Нукеева жеңүүчү аталып таажы тагынып, "Дүйнө сулуусу-2013" сынагына өлкөбүздүн атынан катышып келген эле. Мода дүйнөсүнөн бир аз алыстап кеткен сулуу турмушка чыгып, бала жытын искейм деп жүргөн маалда айыккыс дартка – рактын сейрек кездешүүчү түрүнө кабылган. Дарыгерлер "балага зыяны тиет" деп Жибекти убагынан эрте төрөтүп, андан кийин химиялык терапия аркылуу дарылоону башташкан. Жарым жылдан ашык убакыттан бери айыккыс илдет менен күрөшүп келе жаткан Жибек Нукееваны, тилекке каршы, 16-июль күнү шум ажал алып кетти. Маркум Жибектин бир тууган эжеси Медина Нукеева көзүнө жаш алып окуя тууралуу буларга токтолду: "Эмне демек элек? Акырына чейин үмүтүбүздү үзбөй күрөштүк. Эң акыркы үлгүдөгү технологиянын бардык кызматтарынан колдондук. Биринчи онкологиялык дарылануу Түркияда, андан кийин Италия, Израиль мамлекеттеринде болду. АКШнын белгилүү клиникаларына онко-тест тапшырып жаттык. Биздин колубуздан ушулар келди. Бирок үзүлүп кете берди. Ал эми баласы Жибек дартка кабылгандан бери эле чоң ата, чоң энесинин колунда. Азыр кичинекей, бир жашка да чыга элек. Эч нерсени түшүнбөйт".
Биздин гезиттин жамааты маркум Жибектин ата-энесине, бир туугандарына, кайын журтуна көңүл айтып, кайгыларын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу болсун!