19-июлда Super.kg порталында түз эфирдин коногу оригиналдуу стилдин ээси ырчы Каныкей болду. Ырчы эфирге жарым саат убакыт калганда келди. Порталдын колдонуучулары узаткан түрдүү суроолорго Каныкей ачык-айрым жооп берип бир нече ирет обон созуп, көрөрмандардын алкышына татыды.
Колдонуучулардын суроолоруна жооп берерден мурун Каныкей порталдын алып баруучулары даярдаган кыска суроолорго 60 секунддун ичинде жооп берди. Узатылган 13 суроонун онуна туура жооп узатууга жетишти.
– Саламатсызбы? Балаңыз чоңоюп калды, чыгармачылыкка жеңимди түрө киришем деп турган экенсиз да?
– Аябай эмес, акырындан. Себеби бала менен мурункудай болбой калат экен. Үй-бүлө, жолдошума да убакыт бөлүшүм керек дегендей. Эми Кудайдын буйругу менен бардыгын көрөбүз.
– Төрөттөн кийин салмак кошулуп кетти деген көйгөйгө туш болдуңузбу? Кантип дене түзүлүшүңүздү калыбына келтирдиңиз?
– Туш болдум, төрөттөн кийин аябай толуп кеттим. "Жараткан аялзатына бала деген жакшылыкты берет турбайбы, аял болот деген ушул экен, эми арыктабасам керек" деп ойлогом. Бирок табиятым ушундай окшойт, кайра 1 жылдын ичинде мурунку 50 килограмм салмагыма кайттым. Өзүмдү кыйнап көнүгүүлөрдү дагы жасаган жокмун. Жолдошум дагы "толуп кеттиң" деп эч айткан жок. Рахмат, толсом дагы антип айтпаганына.
– Мурунку эки каш, көздөгү кара боёгуңуз өчтү. Учурда стилиңиздин үстүндө ким иш алпарат?
– Стилим менен көп адам иштешти, учурда бетимдеги макияжды Гузеля Келдибаева (ред.: "Супер сулуу-2012" сынагынын жеңүүчүсү) жасайт. Кийизден тигилген кийимдерди жакшы дизайнер эжеге атайын буйрук менен тиктирем. Бирок күнүмдүк турмушта өзүн аябай караган, 5 мүнөт сайын боёнгон айымдардын катарына кирбейм.
– Жолдошуңуз менен АКШга кеттиңиз эле, сизди көпчүлүк кайрылып келбесе керек деп ойлогон. Келишиңиздерге эмне себеп болду?
– Кыргызстан үйүбүз, кайда гана жүрбөйлү, баары бир убагы келсе, ар бирибиз үйүбүзгө кайтабыз. Турмушта түрдүү шарттар болот экен. Үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу келдик.
– Медер (жолдошу) аябай оор басырыктуу адам көрүнөт. Бирок анын сага жакпаган, айтып такыр калтыра албаган адаттары барбы?
– Чын эле жолдошум өтө оор басырыктуу, сөздү бекер айтпаган адам. Ал бир айтканда унчукпай угуп калам. Анын мага жакпаган сапаттары жок.
– Бир интервьюңуздан окуп калдым эле. Жолдошуңуз "үйлөнүшүм керек" дегенде, "үйлөнсөң мага үйлөн" деген экенсиз. Ошондо турмуш куруу тууралуу сунушун алгач сиз киргиздиңиз беле?
– Ооба, жакшынакай бала болсо, адал эмгек менен көп нерсеге жетишкенин көрүп жүрсөм, негизгиси бактымды таптым да. "Үйлөнсөң мага үйлөн, мени билесиң, мен да сени билем" деп айткам (күлүп). Албетте, тамашалап жатам, сүйүү сезимдери болбосо кандай үй-бүлө болмок эле? Биз бири-бирибизди жакшы билип, анан баш коштук.
– Тун уулуңузду төрөгүчө дагы кош бойлуу болуп, бирок наристеңиз боюңуздан түшүп калган экен, ошол чынбы?
– Ушундай нерсе чындыгында болгон. Азыр эстеп кеттим, аябай кыйын нерсе. "Кул жейм дейт куйрукту, Кудай берет буйрукту" дешет го. Бул турмушта биз каалаган нерсенин бардыгы боло бербейт экен. Тилекке каршы, биринчи наристебиз 4 айлык кезинде боюмдан түшүп калган. Кудайга шүгүр, Алимди төрөгөндө капачылыктын баарын жууп кетти. Аны алгачкы жолу көргөнүмдө "ушундай жакшылыкка жеттимби?" деп таң кала кубангам.
– Продюсериңиз менен иштешпей калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
– Мамасадык Багышев менен иштешпей калганыма өкүнбөйм. Ал мага ушул дүйнөнү ачты, анын эмгегин эч качан унутпашым керек. Адамда жолугушчу күндөр бар, бирок коштошчу да күндөр бар дегендей.
– Орустардын "ТАТУ" тобунун продюсери менен келишим түзүү тууралуу айткан элеңиз. Жыйынтыгына качан күбө болобуз?
– Азыр анын үстүнөн иштеп жатабыз. Мен жалгыз эмесмин, жолдошум, уулум бар. Эгерде бул жумуш менин үй-бүлөмө залакасын тийгизбей турган болсо иштегенге даярмын, болбосо буюрганын көрөбүз.
– Актёрлук чеберчилигиңизди көргүм келип жатат. Хүррем менен Күлчү кызды туурап бериңизчи.
– Бир жолу Эльдияр Кененсаров кинонун тандоосуна чакырган. Мага "сени ала качып кетишет, ошону ойно" дешти. Көрсө, "Жол Inclusive" деген тасмадагы ырчы Жийдеш аткарган образга чакырган экен. Такыр аткара албай койбодумбу. Ошондуктан кечиресиз, сиз айткан образдарды көрсөтө албайм.
– Сизди мусулман динин тутунбайт деген кептерди уккам. Өзүңүз дагы табытка жатып сүрөткө түшүп, түшүнүксүз жоруктарды кыла бересиз.
– Кыргыз салтын унутпаган, каадаларын колдонуп жүргөн мусулман кыргыз кызымын.
– Кайненеңиз ооруп калганда Нарынга барып айылдагы келиндерден кем калышпай кызмат кылды, кайненесин карады деген кепти уккам. Жолдошуңуз аябай ыраазы болсо керек сизге?
– Оору деген жаман нерсе, кайненем ыраматылык ооруп калды. 40 күн Нарында жүрдүк. Ооба, сиз айткандай болду.
– Бактылуусузбу?
– Кудайга шүгүр, элден ашып да кеткен жокмун, кемип да калган жокмун. Орто жашоодо жашап жатам, азыркы тапта мен бактылуумун.
– Бир тууган байкеңизди эмнеге элге көрсөтпөйсүз. Экөөңөрдүн мамилеңер оор деген чындыкпы?
– Ал өзү такыр көрүнгүсү келбейт. Сүрөткө түшүп чыгарайын десем, "болбойт" деген. Музыканы такыр түшүнбөйт, менин музыкамды ага ук деп алпарып сунуштай албайм. Мамилебиз оор деген нерсе жалган, андай болушу мүмкүн эмес. Өзү жалгыз бир тууган байкем болсо. Байкасаңыздар, мен апамды деле эл алдына чыгарбайм. Үй-бүлөмдү эмес, өзүмдү көрсөткүм келет.
– Жолдошуңуз менен түшүнбөстүктөр болуп төркүнүңүзгө кеткен күндөр болду беле?
– Кудай сактасын, андай болгон эмес. Биз андай тепкичте эмеспиз. Катуу уруш-талаш болгон эмес, болбой эле койсун. Кетип калуу, таарынып калуу деген нерсе болбошу керек. Албетте, турмушта "казан-аяк кагышат" деген нерсе бар, бирок адамдар чыдамдуу болушу керек.
– "Обу жокмун" деп интервьюларыңызда айтып калчу элеңиз. Үй-бүлө кургандан кийин өзгөрдүңүзбү?
– Ар бир адамда эле оюнкараактык, жаш бала сымал ойноп-күлүү деген нерсе бар болуш керек. Мен дагы деле ошондоймун, билем, баарыңарда бул сапат бар. Ошондуктан андан уялбай эле койгула.
– "Жашоо бар" деген көрсөтүүңүздү кайрадан көрө алабызбы?
– Эфирге алып чыксамбы деп ойлоп жаткам. Бирок Илим Карыпбеков агай менен сүйлөшсөм ал мага "сен журналист эмессиң, көрсөтүүгө толтура күчүң кетет. Сенин сонун үнүң бар ошону менен ырдасаң эле кандай керемет. Ырдап эле жүрө бер" деди. Мен "макул" дедим, ошондуктан ал көрсөтүү мындан ары эфирге чыкпайт.
– Үйдө кандай кожойкесиз?
– Үйдө аябай жаман кожойкемин, менден үлгү алуунун кереги жок. Апам ашпозчу болгондуктан, ал жасай берип ошого көнүп калыптырмын. Бир гана этти казанга асып, камырды жайып, кесип бышырган "нарынский беш бармак" деген тамакты жасаганды билем. Бирок жолдошум, уулум үчүн аракет жасайм. Жолдошум да, мен дагы ашканадан алыс адамдарбыз.
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg