ПАДЫШАНЫН ҮЙҮ – МАЙЫПТАРДЫН ҮМҮТҮ

Репортаж

“Үмүт – коштошууга болбой турган жалгыз жакшылык”,- деп айткан экен бир акылман. Экс-президенттин үйүн убактылуу ээлеп турган майыптардын көз карашынан бүлбүлдөп турган үмүт отун көрдүм. Алар өлкөбүздүн оңолуп кетишине, жакшылык болоруна, деги эле эртеңки күнгө ишенип турушкандай.

ЖЕР ТӨЛӨНҮН БАЛДАРЫ
Кандуу ыңкылаптан кийин экс-президент Курманбек Бакиевдин үйү талап-тоноочулардын запкысынан жабыркаганы атпай журтка маалым. Өрттөн кийин араң турган шыптардын түшүп кетеринен коркпогондор эки күн бою Бакиевдин оокатын ташып бүтпөй жатышкан. Ошол талап-тоногондорду: “Койгула, бул үйдүн кереги силерге тийбесе, бизге тиет”,- деп токтоткон майыптар болду.
Алар редакциябызга чалып, өз­дө­рүнүн маселесин чагылдырып берүүнү сурашканда, жок дей албадык. Кейпи кетип, кара күйүккө айланып турган үйгө баш бакканыбызда, майыптардын тобу тосуп чыгышты. Балдакчаны, майыптардын арабасында отурганы, баса албай жер боортоктоп жүргөнү да бар. Үй жашаганга жарабай калгандыктан, эки капталындагы ачык бастырмадан орун алышкан экен. "Ашкана" аталган бурчта азык-түлүктөрү турат. Стол-стулдарды таап келип, жасалгалап алышыптыр. Жыш коюлган керебеттерде тизиле отурган майыптарды көрүп, аргасыздан “Жер төлөнүн балдары” деген аңгеме эсиме түштү. Бул “Жаш майыптар коому” деп аталган топ экен. Сапар аттуу мырза топ тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биздин топ 2005-жылы түзүлгөн. Ан­да 336 адам бар. Азыркы заманда майып эмес, буту-колу соолор кантип жашаштын айласын таппай калышпадыбы. Биздин максатыбыз – майыптарга ар кандай колдоо көрсөтүү. Арабызда протезди кантип алууну билбей 7-8 жылдан бери төшөктө жаткандар да, майыптарга протез акысыз экенин билбей шылуундарга алдангандар да бар. Сырттан келген гуманитардык жардамдарга өзүбүз ээ болбой калган учурлар кездешет.

«ТАГДЫРЫБЫЗ ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН КОЛУНДА»
– 9-апрель күнү атуулдук милдетибизди аткарып, эл алдында сүйлөйлү деген ой менен 5-6 бала болуп ЭлТР телеканалына келгенбиз. Кулак тушумдан бирөө: “Ой, Бакиевдин үйүн талкалаганча, майыптарга же карыларга берип койсо сонун болбойт беле?!”- деп калды. Ошол замат балдарга “топтолуп келгиле” деп чалып, анан таланган үйдү коруй баштадык. Биздин максатыбыз – бул жерге майыптарга ишкана ачуу. Анткени 1-2-топтун майыбымын десең, эч ким, эч жерге жумушка албайт. Бизге бул жерди берип калса, ар бирибиз иш менен камсыз болот элек. Кыздарыбызга тигүү цехин, балдарыбызга эмерек чыгаруучу жай, каалагандарга компьютердик курс, ырдайм дегендерге студия ачып бере турган пландарыбыз бар. Биздин дагы коомго жардамыбыз тийип, өз ишибизди, өз келечегибизди түптөп алууга эмнеге болбосун?! Карасаңыз, бардыгы жапжаш, мөлтүрөгөн кыздар-балдар. Тагдыр буларды бир мүчөсүнөн ажыратканы менен, жашоого болгон сүйүүсүнөн, эмгектенип өз келечегин түзүүдөн айырбаса керек.
Бул жерге келген күндөн баштап 5000 адамдан кол чогулттук. Бакиевдин үйүн бизге биротоло Майыптар үйү кылып каттатып берсе деген тилекте Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кат жазганбыз. Бирок катыбыз алигиче жоопсуз. Балким, өлкөдөгү баш аламандыктан улам алардын бизге чолосу тийбей жаткандыр.

«МИТИНГДЕН ЭЛ ДА ТАЖАП БҮТТҮ»
Үмүт кылуудан чарчабаган майыптар “эгер жаңы бийлик бизди укпаса, 26-апрелден баштап ачкачылык жарыялайбыз” деген сөздү айтышканын уккан элек. Бул тууралуу Сапар байке мындай жооп берди:
– Азыр митинг уюштуруу көбөйүп кетпедиби. Кай бири жер басып алып жатса, кай бири экс-аткаминерлердин кызыкчылыгы үчүн деле митинг уюштуруп жатышат. Азыр эл, жаңы өкмөт деле мындайдан башы жарылып кете жаздап отурса керек. Андан көрө иштей туралы деп азыр балдарды тараттым. Биз митингге чыгып, “эми ушул чолоктор эле калды беле?..” дегендей пикир түзгүбүз келген жок.

Майыптар менен коштошуп жатып, дени-карды соо айрымдар жеңил оокатты көздөп, дүкөндөрдү талап, экинчиси жер талашып жүрсө, майып болуп туруп баркын түшүрбөгөн бул инсандарга баа берип, жолума түштүм.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын Борбордук аткаруу комитетинин аппарат башчысы ЭДИЛ БАЙСАЛОВ:
– Элдин казынасынан уурдап салынган үй элдин керегине жарашы керек. Бул менин жеке пикирим. Ал эми бул маселени чечүүгө убакыт керек. Эки-үч күндүн ичинде чечиле калчу иш эмес. Майыптардын каты бизге келип жеткен. Аларга “ошол жерде жашап, коргоп тургула” деп айтканбыз. Кудай буюрса, оң жагына чечилиши керек.

МЫЙЗАМГА КЕЛСЕК...
Жуматай уулу Акун, адвокат:
– Алгач үй расмий түрдө Курманбек Бакиевге тиешелүү экендигин аныктоо керек. Анан ага каршы кылмыш иши козголуп, соттун өкүмү менен мүлкү конфискацияланып, мамлекеттин карамагына өтүшү керек. Ушундан кийин гана Убактылуу өкмөт чечим чыгарып берсе, анда бул турак жай майыптардын мыйзамдуу үйү болуп калышы толук мүмкүн.


«ӨЗ КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ ТҮЗГҮБҮЗ КЕЛЕТ»

– Өзүң тууралуу айтып берсең...
– Атым – Элнура. 19 жаштамын. 2008-жылы күйүктөн улам доктурлар бир бутумду кесип салышкан. Өзүм Финансы техникумунда сырттан окуйм. Эгерде бул жерде бизге ишкана ачылып берилсе, окуумду бүтүп келип, бухгалтер болуп иштейт элем. Болбосо, мени башка жерде ишке албайт да.

Майрам аттуу кыз да өзүнүн тилегин айтып өттү.
– Мен оорунун айынан бир бутумду кестиргенге аргасыз болгом. Орто мектепти да толук бүтпөй калгам. Бул жакта тигүү цехин ачса, иштеп, өз келечегимди түзгөнгө аракет кылмакмын. Анын үстүнө маршрутка менен келгенге да ылайыктуу экен.

Ал эми балапан түгү түшө элек Адилеттин тилеги мени өзгөчө кубантты.
– Мен 15 жаштамын. Мектепте окуйм. Ата-энем Орусияда жүргөндө бутум үшүккө чалдыгып, майып болуп калган элем. Спорт чебери болгум келет. Баарынан да Кыргызстан, эл тынч болсунчу, анан баары болот.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
safina
2010-05-03 13:50:00
Адилет тилегин орундалсын баары жакшы болот
0
Кыргызка
2010-05-05 15:34:44
Мен силердин планынарды толугу менен колдойм!майыпбыз деп отура бербестен ушундай иштерди аткарып ,жакшы жашоого умтулуп жатканынарга баа берем жана чон ийгиликтерди каалайм.
0
Azamat J
2010-05-05 23:40:52
Силердин отунучунор жоопсуз калбашына тилектешмин.
0
aizita
2010-05-06 04:48:41
Jaratkanym koldosun....
0
azamatmart
2010-05-07 01:54:01
Аллах колдосун силерди бир туугандар. Баардыгы Аллахтын колунда, тилегинерди Аллах таала орундатсын. Ассалому алейкум
0
italia
2010-05-08 02:49:38
Оюнар жакшы екен эми буйурса баары жакшы болуп бул уй силерге берилип калар.
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан